Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 6-июлу № 99 Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63, 2023-жылдын 1-февралындагы № 21, 2024-жылдын 12-январындагы № 10 , 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11-статья. Никеге туруу
1. Никеге туруу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, мыйзамда каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда никеге туруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлөт.
3. Жубайлардын укуктары жана милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып пайда болот.".
2-берене. "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьянын 3-пунктунда:
а) он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде.";
2) 9-статьянын 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында:";
3) 15-статьянын биринчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр "органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 20-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каржылык каражаттарды бөлүп берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардан ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берет.".
3-берене
3-берене. (КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене
4-берене. (КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10, 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамдарына ылайык күчүн жоготту)
5-берене
5-берене. (КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене
6-берене. (КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене
7-берене. (КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене
8-берене. (КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене
9-берене. (КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-берене. "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 209-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 5-беренеде: биринчи абзацында "жана өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
11-берене. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статья
7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын энергияны үнөмдөө жагындагы ыйгарым укуктары Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык:
- тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин чектеринде энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын ишке ашырат;
- энергияны үнөмдөө жагында илимий изилдөөлөрдү уюштурат;
- алардын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын энергияны үнөмдөө программаларын аткаруу боюнча иштерин координациялайт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкактарында алардын тескөөсүндө турган имараттарда энергияны пайдалануунун, ошондой эле энергияны өтө натыйжалуу керектөөчү приборлорду жана жабдууларды пайдалануунун эсебинен үнөмдүү режимди камсыз кылуу үчүн жооп беришет.".
12-берене. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-беренеде: 2-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын; 4-бөлүгүндө ", ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттары" деген сөздөр алып салынсын.
13-берене. "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2776-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:";
2) 11-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "жактар тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын.
14-берене. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 21-августу, № 80) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 16-беренеде: 1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр алып салынсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын: "1-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында акы төлөнүүчү коомдук иштерди келишимдик негизде уюштурат.".
15-берене
15-берене. (КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16-берене. "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 6-статьянын 2-бөлүгү "Өкмөтү жана" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын.
17-берене. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "тиешелүү органдары," деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
18-берене. "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын чектеринде:".
19-берене
19-берене. (КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене. "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 1-бөлүгүндө "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өз компетенцияларынын чектеринде" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын чектеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Озон катмарын коргоо жаатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын чектеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде:".
21-берене. "Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 6-статьяда:
1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр алып салынсын.
22-берене. "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-статьянын биринчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 20-статьяда"мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын.
23-берене. "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-статьянын экинчи абзацында "чыңдоо максаттарында" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде" деген сөздөр менен толукталсын.
24-берене. "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:".
25-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 19 · цитата келтиргендер: 33 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел по оспариванию решений Уполномоченного органа об отказе в предоставлении статуса беженца в Кыргызской Республике.Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 14.01.2025
Цитата келтиргендер (33)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
- Озон катмарын коргоо жөнүндөЗакон · 18.12.2006 · № 206
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 71
- Нан унун байытуу жөнүндөЗакон · 11.03.2009 · № 78
- Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндөЗакон · 10.08.2012 · № 165
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөЗакон · 27.04.2017 · № 63
- Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 01.02.2023 · № 21
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы № 571-VI "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 25.05.2016 · № 571-VI
33 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (19)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөЗакон · 27.04.2017 · № 63
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
- Озон катмарын коргоо жөнүндөЗакон · 18.12.2006 · № 206
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
- Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 71
- Нан унун байытуу жөнүндөЗакон · 11.03.2009 · № 78
- Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндөЗакон · 10.08.2012 · № 165
- Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 01.02.2023 · № 21