Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8
1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет:
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, алардын сакталышына контролдук жүргүзүү;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө улуттук программаларды иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу;
- (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эларалык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу;
- адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу.
2. Адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды коргоо жана аларга жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта:
- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгат жана кабыл алат;
- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жана коргоо боюнча программаларды иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;
- адамдарды сатуунун курмандыктары болуп Кыргыз Республикасына кайтып келген адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат;
- адамдарды сатуунун курмандыктарынын кайтып келишинин механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө контролду жүзөгө ашырат.
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218, 2018-жылдын 11-январындагы N 2, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"
- Закон КР от 11 января 2018 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 19-сентябры № 493 "Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2019 · № 493
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 15.04.2022 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы№ 456 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.07.2025 · № 456
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-7" title="7-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>