Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздери
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракетинин биримдигин карайт.
2. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөндөгүлөргө негизденет:
- адамдын жана жарандын эркиндигин, өмүрүн жана ден соолугун коргоонун артыкчылыгына;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ишти социалдык, миграциялык жана экономикалык саясаттын башка багыттары менен координациялоого;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына көз карандысыз жана иштиктүү көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууга;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу механизмди түзүүгө жана ишке ашырууга;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча улуттук программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү илим изилдөө иштерин каржылоого;
- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга акысыз медициналык жана укуктук жардам көрсөтүүгө жана аларды коргоого;
- адамдарды сатуу фактысы боюнча ар бир арызды териштирүүнүн жана эсепке алуунун милдеттүүлүгүнө жана ушунун негизинде анын себептерин жокко чыгаруучу чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, ошондой эле бул жөнүндө калкка билдирүүгө;
- адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоого;
- укук коргоо, миграциялык жана башка тиешелүү органдарда адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча адистерди даярдоого;
- өкмөттүк эмес уюмдардын жана айрым адамдардын адамдарды сатуунун алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө багытталган ишине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча көйгөйлөрдү чечүүдөгү эл аралык кызматташтыкка.
II глава Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти уюштуруунун негиздери
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 15.04.2022 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы№ 456 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.07.2025 · № 456
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-5" title="5-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>