14-берене. Сырткы жарнаманын өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 31.10.2025 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2025 года № 195
14-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 14-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Шаарларда, айылдык аймактарда жана башка аймактарда жарнаманы жайгаштыруу, ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган тартипте туруктуу аймактык жайгаштырылуучу плакаттар, такта, жарык табло жана башка техникалык каражаттар - сырткы жарнама түрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Сырткы жарнама жол белгилерине жана көрсөткүчтөрүнө окшош болууга, аларды көрүүнү начарлатууга, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун төмөндөтүүгө тийиш эмес.
2. Шаарлардын, айыл аймактарынын аймактарына жана башка аймактарга сырткы жарнаманы жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм, ошондой эле сырткы жарнаманын тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиянын эрежелерине ылайык келүүсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылууга тийиш.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралбаган органдар менен макулдашууларды жүргүзүү талап кылынбайт.
3. Маданий эстеликтердин, ырым-жырым өткөрүүчү объекттердин, жаратылыш комплекстеринин, окуу жайларынын, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин, дарылоочу мекемелердин аймагында орнотуу жолу менен сырткы жарнаманы жайгаштырууга тыюу салынат.
4. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, имараттардын, курулуш-жайлардын жана башка объекттердин аймагында жарнаманы жайгаштыруу, ошондой эле сырткы жарнама үчүн акы өлчөмүн жана төлөө тартибин аныктоо менчик ээси менен болбосо, мүлккө карата буюмдук укуктарга ээ болгон адам менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталгандардан тышкары башка жыйымдарды, төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү белгилөөгө жол берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2018-жылдын 26-мартындагы № 31, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2020-жылдын 25-январындагы № 15, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 января 2020 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2018 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 октября 2009 года № 273 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О рекламе""Редакцияларды салыштыруу
09.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүзөгө ашырылат жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, алынып салынды: ошондой эле автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык алынып салынды: бөлүм кошулду: бөлүм, ошондой эле сырткы жарнаманын тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиянын эрежелерине ылайык келүүсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылууга тийиш.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында … жыйымдарды, төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү белгилөөгө жол берилбейт.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2018-жылдын 26-мартындагы № 31, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2020-жылдын 25-январындагы № алынып салынды: 15 кошулду: 15, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 "Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана…Постановление · 14.05.2024 · № 134
- Жалал-Абад шаардык кенешинин 2011-жылдын 16-мартындагы №12 "Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинде реклама жана дизайн бөлүмүн ачуу жана жарнамаларды жайылтуудан алынуучу…Постановление · 16.03.2011 · № 12
- Постановление мэрии г.Бишкек от 10 марта 2006 года №182 " Об утверждении положения о порядке выдачи разрешения на распространение наружной рекламы натерритории г.Бишкек"Постановление · 10.03.2006 · № 182 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.07.2019 · № 98
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/162/st-14" title="14-берене - Жарнак жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>