Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 26-марты № 31 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 15-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"мониторинг - коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо жана телекөрсөтүүдө жайгаштырылуучу жарнак материалдарына байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу тутуму. Мониторинг фото- жана көрмөбайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузууларды табууга багытталган.";
2) 5-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында "иши лицензияланганын" билдирүү жетиштүү болгон радиодогу жарнакты кошпогондо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек.";
3) 14-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "пункттарында" деген сөз "бөлүктөрүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "пунктунда" жана "ушул пунктта" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бөлүгүндө" жана "ушул бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 16-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук ичимдиктердин жарнагы.";
б) 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ушул пункттун" деген сөздөр "ушул бөлүктүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 26-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "мамлекеттик контролду" деген сөздөрдөн кийин "жарнак материалдарынын мониторинги аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 27-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
Шилтеме берет (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155