Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 15-октябры № 273 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
1-берене. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 14-статьяда:
1-пункттагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда жарнакты таратуу" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда жарнакты жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда сырткы жарнакты таратууга" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда сырткы жарнакты жайгаштырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "таратууга" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "жайгаштырууга" деген сөзгө алмаштырылсын;
3 жана 4-пункттардагы "таратууга" деген сөз "жайгаштырууга" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 24-статья "аймактык органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
Шилтеме берет (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155