Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-майы № 134
Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын бирдиктүү архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу максатында, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-, 15-, 16-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-, 34-беренелерине, "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар; 2-тиркемеге ылайык имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы.
2. Бишкек шаарынын мэриясы өз ишинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди так жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар мурда түзүлгөн жарнамалык конструкциялар үчүн муниципалдык жер участокторго ижара келишимдерге, ошондой эле аларды узартууда таркатылбайт.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 150 "Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К. Конгантиев
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтомуна
2-тиркеме
Имараттын, курулманын фасадынын паспортунун ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Тиркелген файлды караңыз.
Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси
И. Аденов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 30.06.2026 · № 110
- Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө талаптар…Правила · 14.05.2024 · № 134
- Бишкек шаардык кенешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 150 "Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 19.02.2020 · № 150 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Бишкек шаардык кенешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 150 "Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 19.02.2020 · № 150 · Күчүн жоготкон