Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 9-сентябры № 494 Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн келип түшкөн сунуштарды ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жободо:
1) 22-пунктунда:
- "асыл тукум чарбаларына" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Калктын социалдык жактан аялуу категорияларына Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын карамагындагы жерлердин аянтынан берилет.";
2) 88-пунктунда:
- "асыл тукум чарбаларына" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Калктын социалдык жактан аялуу категорияларына Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын карамагындагы жерлердин аянтынан берилет.";
- 89-пунктунун үчүнчү абзацы "асыл тукум чарбаларына" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө";
- биринчи пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте:
- айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын, ошондой эле айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттеринин айыл чарба продукциясын өндүрүүсү жана сатуусу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзсүн;
- жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мурда берилген жерлерди пайдалануу мөөнөттөрүнүн аякташын эске алуу менен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугун берсин.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 37 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (37)
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243…Положение · 22.06.2007 · № 243
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2021 · № 309
- Сакалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 2 "Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2022 · № 2
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 20/VII "Красная Речка айыл аймагынын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына белгиленген…Постановление · 14.10.2022 · № 20/VII
- Сакалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 1 "Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2022 · № 1
- Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 18-октябры № 39 "Бурана айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна караштуу ижарадан бошогон жерлерин Чүй райондук мамлекеттик…Постановление · 18.10.2022 · № 39
- Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-июлундагы №242 “Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 30.07.2024 · № 242
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 7 “АЖМФ жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 06.03.2023 · № 7
- Раззаков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 2 "Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жана айыл…Постановление · 09.06.2023 · № 2
- Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 28/17-1 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2023 · № 28/17-2
- Кара-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-февралындагы №44 "Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.02.2024 · № 44
- Кыз-Көл айылдык кеңешинин 2024-жылынын 09-февралындагы №9 "“Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 09.02.2024 · № 9
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 9 "Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2023 · № 9
- Бешик- Жон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 10 “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 10
- Тамчы айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын 2024-жылдын 14-февралындагы № 5 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.02.2024 · № 5
- Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы №29/6 "Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.01.2024 · № 29/6
- Кербен шаардык кеңешинин 2024-жылынын 08-июлундагы № 26/6 “Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин…Постановление · 08.07.2024 · № 26/6
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 18/100 "Айыл чарба жерлеринин мамилекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2023 · № 18/100
- Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 49 "Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлеринин тооруктун биринчи баштапкы баасы жана кадамдык…Постановление · 29.12.2022 · № 49
- Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 50 "Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин аз камсыз үй-бүлөөлөргө түз сүйлөшүүлөр жолу менен…Постановление · 29.12.2022 · № 50
37 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2021 · № 309
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо…Постановление · 22.06.2007 · № 243
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.