Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин «Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине (АӨБ) мөөнөтсүз убакка өткөрүп берүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму 2024-жылдын 25-январы №29/6 Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине (АӨБ) мөөнөтсүз убакка өткөрүп берүү жөнүндө
Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (АӨБ) тарабынан 2024-жылдын 22-январында Коңур-Дөбө айыл окмотүнө жана айылдык Кеңешине атайын кайрылуусун карап, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлери Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине (АӨБ) өткөрүлүп берилгендигин белгилеп жана ошол өткөрүлүп берилген 54.0 (элүү төрт) га болгон айыл-чарба жерлерин айылдык Кеңештин сессиясынын күн тартибине коюп, тиешелүү токтом менен бектип берүү жагы суралганын,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №494 токтомун аткаруу максатында, Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актынын негизинде, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине (АӨБ) өткөрүлүп берилгендигине таянып,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомун жетекчиликке алып, Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актыны негиз кылып, Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (АӨБ) 2024-жылдын 22-январындагы Конур-Добо айыл өкмөтүнө жана аталган айыл өкмөттүн айылдык Кеңешине жолдогон кайрылуусун жана сессияда айтылган айылдык Кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (АӨБ) тарабынан 2024-жылдын 22-январында Конур-Добо айыл өкмөтүнө жана аталган айыл өкмөттүн айылдык Кеңешине жолдогон кайрылуусу эске алынсын.
2 Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актынын негизинде Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин карамагына (т.а Алай райондук АӨБ) мөөнөтсүз убакка өткөрүлүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине (же Алай райондук АӨБ) мөөнөтсүз өткөрүлүп берилген Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлерин каттоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Пасаңовго жүктөлсүн.
Төрага:
Т.Бегматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.