Кербен шаардык кеңешинин “Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэфициентин бекитүү жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 08-июлу №26/6
Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэфициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы “Айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” № 309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомдорун аткаруу максатында ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2024-жылдын 10-май чыгыш номери 01-5/23 катынын, Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнунда № 45 протоколунун ошондой эле суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 43 токтомун негизинде сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарында айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн суулу жердин ижара акысы 20% коэфициент, Жерге-Тал айылында 10% коэфициент болушуна макулдук берилсин.
2. Кербен шаарында жана Жерге-Тал айылында кайракы жердин ижара акысынын коэфициенти 30% болушуна макулдук берилсин.
3. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эсеналиевке тапшырылсын.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы:
Р.Назарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.