Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 17-декабры № 309 Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү, айыл чарба продукциясы, чийки зат жана азык-түлүк рыногун жөнгө салуу, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи катары агрардык сектордун тармактарына дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун үчүнчү абзацына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте:
- айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын, ошондой эле айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттеринин айыл чарба продукциясын өндүрүүсү жана сатуусу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзсүн;
- жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мурда берилген жерлерди пайдалануу мөөнөттөрүнүн аякташын эске алуу менен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугун берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чаралар аяктагандан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин белгиленген тартипте ижарага берүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Келечек пландарын кайра карап чыгуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жободо:
- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берүүнү башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону жүзөгө ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ушул Типтүү жобого ылайык башкарууну жүзөгө ашырат.";
- 13-пункту "кеңеш тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Келечек пландын негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пунктундагы "Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин" деген сөздөр "айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту "регламенти" деген сөздөн кийин "айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин кошпогондо." деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"V. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоочу мамлекеттик орган
88. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруучу, натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүчү жана контролдоочу, бул жерлерди башкарууда, тактап айтканда, Келечек планды түзүүдө, бул жерлерди башкаруу боюнча тооруктарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө методикалык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик орган болуп айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин берүүнү, башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу жүзөгө ашырат.
89. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары төмөнкүлөргө укуктуу:
- жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдарынан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууда ижара акыларынан төлөмдөрдүн түшүүсү тууралуу отчетторду суроого;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү жол-жоболорунун жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө жер комиссиясынын төрагасынын дарегине кат жөнөтүү менен өзгөчө пикирин билдирүүгө;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипке ылайык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берүүгө;
- Келечек планды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жасоого катышууга.
90. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча отчетту айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизүүгө;
- ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин аянтын кыскартууга жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.
91. Жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары квартал сайын милдеттүү түрдө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө отчет берет. Отчеттун формасы айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
92. Жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө отчетту бербеген учурда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары отчетту берүүнүн бузулушу тууралуу тиешелүү акт түзөт.
Отчетту берүүнүн бузулушу жөнүндө акт түзүүнүн формасы жана тартиби айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
93. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте комиссиялык түрдө:
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун талап болбогон жерлеринин өлчөмдөрүн ар бир контур боюнча өзүнчө конкреттүү түрдө (айыл өкмөттөрү, поселкалык башкаруулар, район боюнча) тактайт жана алардын өлчөмдөрүн жана жер участогу канча убакыт пайдаланылбагандыгын көрсөтүү менен, ырастоочу документтерди (актыларды) түзүү менен алардын талап болбогондугунун себептерин аныкташат;
- алынган маалыматтардын негизинде жергиликтүү ресурстарды жана республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну эске алуу менен конкреттүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон каражаттардын өлчөмүн аныктоо менен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарбалык жүгүртүүгө тартуу, сугат тармактарын, скважиналарды, насостук станцияларды калыбына келтирүү жана жогорку натыйжалуулукта пайдалануу, жерлерди пайдаланууга тоскоол болгон себептерди жоюу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгат.
94. Жеке жана юридикалык жактардын тооруктарды өткөрүү, түз сүйлөшүүлөр жолу менен жерлерди берүү боюнча даттануулары райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан каралат, алар даттанууну кароо жана өзүнүн компетенциясынын чегинде же соттук тартипте чечим кабыл алуу үчүн айылдык, поселоктук кеңештен зарыл болгон бардык документтердин көчүрмөлөрүн талап кылууга укуктуу.".
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 60 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (60)
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243…Положение · 22.06.2007 · № 243
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 418 "Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын бекитүү…Постановление · 23.08.2023 · № 418
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 6/1 “Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин” ижарага берүү жөнүндө токтомуПостановление · 05.04.2023 · № 26/1
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2022-жыл 14-октябрындагы № 21/VII "Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринин 50 пайызын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине өткөрүп…Постановление · 14.10.2022 · № 21/VII
- Баткен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 4 Баткен шаарында муниципалдык менчикти башкаруунун 2022-жылга аткарган иштеринин абалы жөнүндө" ТоктомуПостановление · 30.01.2023 · № 4
- Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын III - сессиясынын 2024-жылдын 06-майындагы № 14 "Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү…Постановление · 06.05.2024 · № 14
- Барскоон жергиликтүү кенешинин XXVIII чакырылышындагы 2 кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 14 " "Барскоон айыл аймагынын Тамга, Тосор айылдарындагы «Айыл чарба…Постановление · 18.04.2024 · № 14
- Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 17" "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине…Постановление · 18.04.2024 · № 17
- Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 15/2 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агро…Постановление · 22.03.2023 · № 15/2
- Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-июлундагы №242 “Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 30.07.2024 · № 242
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17 "Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин…Постановление · 29.04.2023 · № 17
- Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 21- сессиясынын 2022-жылдын 6-декабрындагы №21/2 "Дөбөлү айыл аймагынын «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун…Постановление · 06.12.2022 · № 21/2
- Раззаков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 2 "Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жана айыл…Постановление · 09.06.2023 · № 2
- Баткен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 2-октябрындагы № 67 "Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө" токтомуПостановление · 02.10.2023 · № 67
- Раззаков шаардык кеңешинин 2024-жылдын 9-февралындагы №3 "Раззаков шаарынын 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому.Постановление · 09.02.2024 · № 3
- Раззаков шаардык кеңешинин 2024-жылдын 9-февралындагы №5 "Раззаков шаарынын мэринин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету" токтому.Постановление · 09.02.2024 · № 5
- Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылынын 1-февралындагы №5 "“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин…Постановление · 01.02.2024 · № 5
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 9 "Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2023 · № 9
- Бешик- Жон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 10 “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 10
- Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылынын 8-февралындагы №531 “Айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү…Постановление · 08.02.2024 · № 531
60 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо…Постановление · 22.06.2007 · № 243
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.