Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын аймагында “Алкоголдук продукция” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __28_октября__ 2022-ж. / г. № __422___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын аймагында “Алкоголдук продукция” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында “Алкоголдук продукция” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери (мындан ары – Методикалык эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Методикалык эрежелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Товарларды маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору “Альфа Телеком” ЖАК Методикалык эрежелердин талаптарына ылайык “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутумун толуктап иштеп чыксын.
4. Тиешелүү түзүмдүк бөлүктөр:
– алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар арасында Маркалоо эрежелеринин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
– аймактык салык органдарынын кызматкерлерине Маркалоо эрежелеринин талаптарын аткаруу боюнча окутууну уюштурсун;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык тутумдарын Маркалоо эрежелеринин талаптарына ылайык “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен интеграциялоо боюнча иштерди жүргүзсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж. Умтуловго жана А.С. Дубанаевге жүктөлсүн.
Төрага А.К. Абдувапов
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын
28.10.2022-ж. № 422 буйругу
менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын аймагында
“Алкоголдук продукция” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында “Алкоголдук продукция” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун ушул методикалык эрежелери (мындан ары – Методикалык эрежелер) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна (мындан ары – Токтом) ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Методикалык эрежелер төмөнкүлөрдү белгилейт:
– товар жүгүртүүнүн катышуучуларына жана алардын функцияларына талаптар;
– “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары – “Товарларды маркалоо” МТ) менен товар жүгүртүүнүн катышуучуларынын маалымат алмашуу тартиби;
– “Товарларды маркалоо” МТда товар жүгүртүүнүн катышуучуларын каттоо тартиби;
– алкоголдук продукциянын идентификациялоо каражатынын мүнөздөмөлөрү;
– идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияны “Товарларды маркалоо” МТда каттоо тартиби;
– “Товарларды маркалоо” МТда жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү тартиби;
– алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби;
– “Товарларды маркалоо” МТга жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берүү жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
3. Ушул Маркалоо эрежелеринин максаттары үчүн төмөнкү терминдер колдонулат, алар төмөндөгүлөрдү билдирет:
1) агрегаттоо – түзүлүп жаткан топтук жана/же транспорттук таңгакты ачуу зарылдыгысыз, алкоголдук продукциянын товарды коштоочу чынжырча боюнча кыймылына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында алкоголдук продукциянын ар бир салынган таңгагын идентификациялоо коддорунун түзүлүп жаткан топтук жана/же транспорттук таңгакты идентификациялоо коду менен өз ара байланышы жөнүндө маалыматты сактоо жана топтук таңгакка идентификациялоонун тийиштүү каражатын же транспорттук таңгакка идентификациялоо кодун түшүрүү менен алкоголдук продукцияны керектөө таңгактарын бир топтук таңгакка жана/же транспорттук таңгакка же алкоголдук продукциянын топтук таңгактарын транспорттук таңгакка же кичинекей өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорт таңгактарын чоң өлчөмдөгү (көлөмдөгү) алкоголдук продукциянын транспорттук таңгакка агрегаттоо (бириктирүү) процесси;
2) алкоголдук продукция – керектөөчүгө керектөө жана (же) топтук таңгакта сатылуучу Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын (мындан ары – ЕАЭБ ТЭИ ТН) 220860, 220830, 220870, 220890, 220840, 220850, 2203, 2204 (220430 тышкары), 2205, 2206, 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900, 220890 коддоруна ылайык Токтом менен аныкталган өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташып киргизилүүчү жана сатылуучу алкоголдук продукциянын түрлөрү;
3) товарларды жүгүртүүгө киргизүү – алкоголдук продукцияны өндүрүүдө:
– Кыргыз Республикасынын аймагында (анын ичинде иштетип алма чийки затты кайра иштетүү учурунда) – алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууда “Товарларды маркалоо” МТда катталуучу окуя;
– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары (ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарларды кошпогондо) – Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү ички керектөө же кайра импорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна ылайык бажы органдары тарабынан алкоголдук продукцияны чыгаруу;
– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ЕАЭБдин бажы аймагында трансчек аралык сооданын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген алкоголдук продукцияга карата – юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасына ташып киргизүү;
4) алкоголдук продукцияны жүгүртүүдөн чыгаруу – маркаланган алкоголдук продукцияны сатуу:
– жеке жакка жеке керектөө үчүн; алкоголдук продукцияларга менчик укугун өткөрүп берүү, анын ичинде акысыз өткөрүп берүү, укуктарды өткөрүп берүү, ордун толтурууну же жаңычылдыкты караштырган келишимдердин негизинде жеке жактаарга маркаланган алкоголдук продукцияны жеке керектөө үчүн өткөрүп берүү;
– юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге аларды кийинки сатуу менен байланышпаган жеке муктаждыктары үчүн пайдалануу максатында сатуу;
– алкоголдук продукцияны алып коюу (конфискациялоо), утилизациялоо, жок кылуу, кайтарымсыз жоготуу, ошондой эле маркаланган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатуу;
5) алкоголдук продукциянын топтук таңгагы (мындан ары – топтук таңгак) – керектөө таңгагынын белгилүү санын бириктирген жана керектөөчүгө да сатылышы мүмкүн болгон таңгак;
6) алкоголдук продукциянын импорттоочусу (мындан ары – импорттоочу) – Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу алкоголдук продукцияны транзиттик алып өтүү учурларын кошпогондо, жеке ишкер катары катталган, Кыргыз Республикасынын салык резиденти жана мүчө мамлекеттердин аймактарынан ички керектөө же кайра импорттоо же трансчек аралык өткөрүү бажы жол-жобосуна коюлган товарларды алуучу болуп саналган юридикалык же жеке жак;
7) уникалдуу жеке сериялык номери – товардын кодуна негизделген алкоголдук продукциянын (алкоголдук продукциянын керектөө же топтук таңгагынын) бирдигинин идентификациялоочу символдордун ырааттуулугу;
8) электрондук өз ара аракеттенүү интерфейси – жүгүртүүнүн катышуучуларынын программалык-аппараттык каражаттары менен “Товарларды маркалоо” МТнын өз ара байланышын камсыз кылган каражаттардын жана эрежелердин жыйындысы;
9) “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз” маалыматтык тутуму (мындан ары – ЭТТК МТ) – салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык тутумунун модулу;
10) ИСНАК – Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруунун маалыматтык тутуму;
11) маркаланган товарлардын каталогу – маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды каталогдоо жана сактоо үчүн колдонулуучу жана маркалоо кодунун бирдиктүү булагы болуп саналган “Товарларды маркалоо” МТнын чакан тутуму;
12) маркалоо коду – “Товарларды маркалоо” МТда түзүлүүчү, идентификациялоо кодунан жана текшерүү кодунан турган, ушул Методикалык эрежелердин 7-главасында каралган талаптарга ылайык алкоголдук продукциянын керектөө жана топтук таңгагын идентификациялоо максатында түзүлүүчү уникалдуу символдордун ырааттуулугу;
13) товардын коду – товардын тиешелүү номенклатурасы боюнча товарлар жөнүндө анык маалыматтарды эсепке алууну жана сактоону камсыз кылуучу маалыматтык ресурста аларды сүрөттөөдө GS1 ассоциациясы тарабынан товарлардын тобуна GS1 системасынын стандарттарында белгиленген эрежелерге ылайык ыйгарылуучу уникалдуу код;
14) идентификациялоо коду – товардын кодун, ошондой эле маркаланган товардын же топтук таңгактын сериялык номерин камтыган, товардын нускасынын же топтук таңгактын уникалдуу номери болгон символдордун ырааттуулугу;
15) текшерүү коду – идентификациялоо кодун криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн жана контролдук-кассалык машинаны жана (же) текшерүү кодун текшерүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен аны текшерүү учурунда идентификациялоо кодунун бурмалангандыгын аныктоого мүмкүндүк берген символдордун ырааттуулугу;
16) транспорттук таңгактын идентификациялоо коду – ушул Методикалык эрежелердин 7-главасында каралган талаптарга ылайык түзүлгөн алкоголдук продукциянын транспорттук таңгагынын уникалдуу нускасы болгон символдордун ырааттуулугу;
17) маркаланган алкоголдук продукция – ушул Методикалык эрежелердин талаптарын сактоо менен идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөн жана алар жөнүндө анык маалыматтар (анын ичинде ага түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттары жана(же) идентификациялоо каражаттарын камтыган материалдык алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар) “Товарларды маркалоо” МТда камтылган алкоголдук продукция;
18) алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоо – ушул Методикалык эрежелерге ылайык алкоголдук продукциянын керектөө жана топтук таңгагына же алкоголдук продукциянын керектөө жана топтук таңгагына тиркелген этикеткага идентификациялоо каражаттарын түшүрүү;
19) алкоголдук продукцияны өндүрүү жери – алкоголдук продукцияны өндүрүү жайгашкан аймак, анын ичинде алкоголдук продукцияны өндүрүүдө өндүрүүчү колдонгон өндүрүштүк жайлар, сактоо үчүн жайлар жана башка жайлар;
20) алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшү – алкоголдук продукцияны өндүрүү, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү, сактоо, ташуу, алуу жана өткөрүп берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу;
21) керектөө таңгагы – акыркы керектөөчүгө сатылуучу алкоголдук продукциянын таңгагынын минималдуу бирдиги;
22) алкоголдук продукцияны өндүрүүчү (мындан ары – өндүрүүчү) – Кыргыз Республикасынын салык резиденти болуп саналган, алкоголдук продукцияны өндүргөн жана саткан юридикалык жак же жеке ишкер;
23) маалыматтарды берүү протоколу – маалыматтардын пакетинин түзүлүшүнө жана маалыматтарды берүү тармагынын түзүлүштөрүнүн ортосунда маалыматтардын пакеттеринин алмашуу алгоритмине талаптардын формалдаштырылган топтому;
24) алкоголдук продукциянын идентификациялоо каражаты (идентификациялоо каражаты) – ушул Методикалык эрежелердин 7 жана
9-глава
ларында каралган талаптарга ылайык түзүлгөн Data Matrix эки өлчөмдүү штрих коду түрүндө берилген, керектөө жана топтук таңгакка же этикеткага түшүрүү үчүн машина менен окулуучу формадагы маркалоо коду;
25) коддун статусу (маркалоо кодунун статусу, топтук таңгактын маркалоо кодунун статусу, транспорттук таңгактын идентификациялоо кодунун статусу) – “Товарларды маркалоо” МТда аныкталган жана ушул Методикалык эрежелердин 42-пунктунда каралган маркалоо кодунун, топтук таңгактын маркалоо кодунун, транспорттук таңгактын идентификациялоо кодунун абалы, ал ушул Методикалык эрежелерде каралган процесстердин алкагында өзгөрөт;
26) алкоголдук продукциянын транспорттук таңгагы (мындан ары – транспорттук таңгак) – керектөө жана/же топтук таңгакка таңгакталган алкоголдук продукцияны бириктирген, ташууда бузулуудан сактоо максатында алкоголдук продукцияны сактоо жана ташуу үчүн колдонулган жана өз алдынча транспорттук бирдикти түзгөн таңгак. Транспорттук таңгакка кичинекей өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорттук таңгактар камтылышы мүмкүн;
27) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары – алкоголдук продукцияны андан ары сатууга байланышпаган максаттарда сатып алган юридикалык жана жеке жактарды кошпогондо, алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана (же) аны жүгүртүүдөн чыгарууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын салык резиденттери болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
28) этикетка – алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражатын анын таңгагынан бузбастан ажыратууга жол бербеген ыкма менен түшүрүүгө арналган, алкоголдук продукциянын товарына, керектөөчү же топтук таңгакка түздөн-түз чапталуучу маалымат алып жүрүүчү;
29) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык товарды алып өтүүдө салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү документ.
4. Ушул Методикалык эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө арналбаган продукцияга карата колдонулбайт, атап айтканда:
1) убактылуу сактоодо же бажы кампасында бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
2) келген жериндеги бажы органынан чыккан жериндеги бажы органына чейин ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча чет өлкөлүк алкоголдук продукцияны ташуу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
3) келген жериндеги бажы органынан ички бажы органына чейин ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча чет өлкөлүк алкоголдук продукцияны ташуу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
4) ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгаруу максатында бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына ташып чыгаруу максатында өндүрүлгөн алкоголдук продукцияга (ЕАЭБдин алкагында алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү жөнүндө чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши кабыл алганга чейинки мезгилде же ЕАЭБдин эки же андан ашык мүчө мамлекеттери алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизгенге чейин);
6) алкоголдук продукцияны сактоодо жана ташууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ЕАЭБдин органдарынын актыларынын, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу жаатындагы ченемдик техникалык актыларынын талаптарына шайкештигин баалоо максатында сыноо үчүн арналган керектүү көлөмдөгү үлгүлөрүнө;
7) эл аралык көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин уюштуруучулары жана катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатуу үчүн арналбаган алкоголдук продукцияга;
8) алымсыз соода дүкөндөрүндө сатылган алкоголдук продукцияга;
9) алып коюлган, камакка алынган, конфискацияланган же башка ыкмалар менен мамлекеттин кирешесине айландырылган алкоголдук продукцияга жана аны сактоодо, ташууда Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелер аткарылбаганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан өндүрүп алынган алкоголдук продукцияга, ошондой эле сактоодо жана ташууда жок кылынууга тийиш болгон алкоголдук продукцияга;
10) жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү жана жеке пайдалануу үчүн сатып алынган алкоголдук продукцияга;
11) дипломатиялык мекемелер, өкүлдөр, эл аралык, консулдук мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар, алардын өкүлчүлүктөрү, ошондой эле алар менен бирге болгон мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан расмий пайдалануу үчүн арналган, аны сактоодо, ташууда жана пайдаланууда алкоголдук продукцияга;
12) ЕАЭБдин бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
13) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга.
5. Алкоголдук продукцияларды жүгүртүүнүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө тыюу салуу киргизилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоо киргизилгенге чейин жүгүртүүгө киргизилген алкоголдук продукцияны, идентификациялоо каражаттарын түшүрбөстөн, сактоого, ташууга жана сатууга укуктуу.
6. “Товарларды маркалоо” МТда алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынан мындай алкоголдук продукцияга идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөнү тууралуу маалыматты алганы чагылдырылса, алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоо киргизилгенге чейин оператор берген маркалоо коддорунан кайра түзүлгөн идентификациялоо каражаттары менен маркаланган алкоголдук продукциялар тиешелүү үлгүдө маркаланган деп таанылат.
2-глава
Алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоону жүзөгө ашыруучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары
7. өндүрүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алкоголдук продукцияны ушул Методикалык эрежелердин талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттары менен маркалоону жүзөгө ашырат.
Алкоголдук продукцияны импорттоочу (мындан ары – импорттоочу) ушул Методикалык Эрежелердин 4-пунктунда аталган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлгөн жана ЕАЭБдин бажы аймагына же ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү (ташып киргизилген) алкоголдук продукцияны маркалоону камсыз кылат.
3-глава. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларына карата талаптар
8. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары төмөнкүлөргө тийиштүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө же алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүүгө байланыштуу иштерди жүзөгө ашыруу зарылчылыгы пайда болгон күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде же алкоголдук продукцияны жүгүртүү жана (же) чекене сатуу учурунда “Товарларды маркалоо” МТда түз маалыматтарды берүү зарыл болгондо же “Товарларды маркалоо” МТ маалыматтарга жетүү үчүн алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучу өзүнүн каттоосун “Товарларды маркалоо” МТда жүргүзүүгө;
2) күчөтүлгөн электрондук кол тамгага ээ болууга;
3) күчөтүлгөн электрондук кол тамга менен электрондук документтерге кол коюуга жана түзүүгө, ошондой эле “Товарларды маркалоо” МТ менен, анын ичинде жеке кабинет аркылуу керектүү электрондук документтерди алмашууга жөндөмдүү аппараттык-программалык комплекске ээ болууга.
9. Алкоголдук продукцияны маркалоону жүзөгө ашыруучу өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар ушул Методикалык эрежелердин
8-пунктунда аталган талаптардан тышкары, буйрутма берүү жана маркалоо кодун алуу интерфейстерине жеткиликтүүлүккө, ошондой эле алкоголдук продукцияга идентификациялоо каражаттарын түшүрүүнү камсыз кылган жабдууларга (эгерде алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоону жүгүртүүнүн катышуучусу өз алдынча жүзөгө ашырса) ээ болууга тийиш. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТ буйрутма интерфейстерине жана маркалоо коддорун алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу оператор тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
10. Чекене сооданы жүзөгө ашыруучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларында контролдук-кассалык машиналары менен коштолгон идентификациялоо каражаттарын сканерлөө жана таануу каражаттары болууга тийиш.
4-глава. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТ менен маалымат алмашуу тартиби
11. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТ менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү маалымат өткөрүп берүүнүн стандарттуу протоколдорун жана оператор тарабынан иштелип чыккан электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен электрондук документтер (кабарлама жана башка) менен алмашуу аркылуу жүргүзүлөт, алардын форматы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат жана оператордун Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырылат.
12. Төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, “Товарларды маркалоо” МТда алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулар тарабынан жиберилген электрондук документтерге алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун күчөтүлгөн электрондук кол тамгасы коюлушу керек:
1) маркалоо коддорун алууга өтүнмөлөрдү, идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламаларды, буйрутма интерфейстерин пайдалануу жана маркалоо кодун алуу менен алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан идентификациялоо коддорунун агрегаттоо жөнүндө маалыматтарды;
2) Кыргыз Республикасынын контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык, фискалдык документтердин курамында электрондук түрдө берилүүчү, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен маркаланган алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан сатуу жөнүндө маалыматтар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, маалыматтык тутумдар аркылуу түзүлгөн жана берилген электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагаздарынын курамында, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды экспорттоо, алкоголдук продукцияны ички алып өтүү, ошондой эле менчик укугу өткөн келишимдердин алкагында (мурда берилген продукцияны кайтарууну кошкондо) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосунда алкоголдук продукцияны өткөрүү жөнүндө электрондук түрдө маалыматтар.
13. “Товарларды маркалоо” МТда жүгүртүүнүн катышуучусун каттоону, алкоголдук продукцияны каттоону, маркалоо коддорун буйрутма кылууну, алкоголдук продукцияга түшүрүү, агрегаттоо жөнүндө маалыматты берүүнү, алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтарды жүгүртүүнүн катышуучусу катуу ырааттуулукта, хронологиялык тартипте жүзөгө ашырылат.
Жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан топтук же транспорттук таңгак жөнүндө маалыматты өткөрүп берүү “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматтары боюнча ошол топтук же транспорттук таңгакта камтылган керектөө жана/же топтук таңгактар жөнүндө маалыматты өткөрүп берүүгө барабар деп эсептелет.
14. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан ушул Методикалык эрежелердин талаптарына жооп берген “Товарларды маркалоо” МТга жиберилген бардык документтер (кабарламалар) жана маалыматтар “Товарларды маркалоо” МТда чагылдырылууга тийиш.
15. Оператор төмөнкү негиздердин бири болгон учурда документтерди (кабарламаларды) кабыл алуудан же “Товарларды маркалоо” МТда алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары берген маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТга киргизүүдөн баш тартат:
1) берилген документтер белгиленген форматты бузуу менен даярдалса, туура эмес маалыматтарды камтыса же ушул Методикалык эрежелердин 8, 11–13-главаларында каралган милдеттүү маалыматтарды камтыбаса;
2) документке кол коюлбаса же алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан документке кол коюуга ыйгарым укугу жок адам кол койсо;
3) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестриндеги салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен текшерүүнүн жыйынтыгында алынган юридикалык жактын же жеке ишкердин ишин токтоткондугу жөнүндө маалыматтардын “Товарларды маркалоо” МТ алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын реестринде болушу;
4) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТда “Алкоголдук продукция” тобуна кирүү мүмкүндүгүнүн жоктугу.
16. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу электрондук документтерди бергенден же “Товарларды маркалоо” МТга маалыматтарды киргизгенден кийин кабыл алынган документтерди (маалыматтарды) иштеп чыгуунун статусун “Товарларды маркалоо” МТда электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен суроо-талап боюнча же “Товарларды маркалоо” МТда жеке кабинети аркылуу ала алат.
17. Ушул Методикалык эрежелерде каралган, электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагаздардын курамында берилүүчү, маркаланган товарлар жөнүндө маалыматты “Товарларды маркалоо” МТга берүү милдети товар жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ЭТТК МТда мындай электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды түзүү жана ырастоо аркылуу аткарылат.
Маалыматтарды берүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан таризделген электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды ЭТТК МТдан “Товарларды маркалоо” МТга өткөрүп берүү реалдуу убакыт режиминде жүзөгө ашырылат;
б) “Товарларды маркалоо” МТда маалыматтарды берүү боюнча алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун милдетин аткаруу датасы болуп электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды “Товарларды маркалоо” МТ алган дата эсептелет;
в) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарында камтылган маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми ыйгарым укуктуу салык органы алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын өзгөртүлбөшү жана операторго өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
18. Эгерде ушул Методикалык эрежелерде башкача белгиленбесе, оператор алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу берген документтерди жана маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТда жайгаштырууну мындай документтерди жана маалыматтарды алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде камсыз кылат.
19. “Товарларды маркалоо” МТга жөнөтүлгөн маалыматтардын толуктугу, аныктыгы жана өз убагында берилиши үчүн маалымат берген алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары жоопкерчилик тартат.
20. Алкоголдук продукцияга байкоо жүргүзүү максатында оператор “Товарларды маркалоо” МТда төмөнкү маалыматтарды каттоо жана сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат:
1) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары жөнүндө;
2) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон алкоголдук продукция жөнүндө;
3) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын маркалоо коддорун алууга берген өтүнмөлөрү боюнча генерацияланган алкоголдук продукциянын маркалоо коддору жөнүндө;
4) мындай товарлардын керектөөчүлөрү тарабынан аныкталган товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо талаптарынын бузулушу жөнүндө;
5) маркаланган алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана аны жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө.
21. Оператор “Товарларды маркалоо” МТнын алкагында төмөнкү реестрлерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кылат:
1) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын реестри;
2) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын ыйгарым укуктуу жактарынын (колдонуучулардын) реестри;
3) алкоголдук продукциянын реестри;
4) маркалоо коддорунун реестри;
5) документтердин реестри;
6) керектөөчүлөр тарабынан аныкталган бузуулардын реестри.
5-глава. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларын “Товарларды маркалоо” МТда каттоо
22. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларын “Товарларды маркалоо” МТда каттоо жана аларга жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгүн берүү товар жүгүртүүнүн катышуучулары менен оператордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жана ушул Методикалык эрежелерге ылайык алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТда берген маалыматтарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
23. Оператор менен алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун ортосундагы келишимди тариздөө жана түзүү тартиби оператор тарабынан аныкталат жана оператордун Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырылат.
24. “Товарларды маркалоо” МТда каттоо үчүн алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен юридикалык жакты уюштуруу документтеринин негизинде юридикалык жактын атынан иш алып барган жактын же жеке ишкердин күчөтүлгөн электрондук кол тамгасы коюлган “Товарларды маркалоо” МТда каттоо жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган арызды (мындан ары – катышуучуну каттоо жөнүндө арыз) толтурат:
1) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аталышы же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аты-жөнү;
2) товардык топ (“Алкоголдук продукция”);
3) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун тиби (өндүрүүчү, импорттоочу);
4) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
5) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун жайгашкан жери же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун жашаган жери;
6) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун байланыш адамынын
аты-жөнү, телефону жана электрондук почта дареги;
7) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан ишеним катсыз иш жүргүзүүгө укуктуу адамдын аты-жөнү;
8) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучунун электрондук почта дареги;
9) алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензия жөнүндө маалымат.
Өндүрүүчүлөр үчүн “GS1 Kyrgyzstan” предметтик номерлөө ассоциациясынын мүчөлүгүн тастыктаган сертификатты кошумча берүү зарыл.
25. Каттоо үчүн арызды иштеп чыгуу жана текшерүү оператор тарабынан мындай арызды “Товарларды маркалоо” МТда каттаган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
26. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусуна төмөнкү учурларда “Товарларды маркалоо” МТда каттоодон баш тартылышы мүмкүн (ушул Методикалык эрежелердин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары):
1) катышуучуну каттоо жөнүндө арызга кол койгон адамдын электрондук кол тамгасындагы товар жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык салык номери катышуучуну каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн товар жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык салык номерине дал келбесе;
2) арызга кол койгон адамдын аты-жөнү арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбесе;
3) арыз ээси буга чейин “Товарларды маркалоо” МТда катталган болсо;
4) арызда көрсөтүлгөн арыз ээсине карата Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринде маалыматтар жок болсо же дал келбесе же Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринен юридикалык жактын же жеке ишкердин ишин токтотуу жөнүндө маалымат алынса.
“Товарларды маркалоо” МТда каттоодон баш тарткан учурда оператор ушул Методикалык эрежелердин 25-пунктунда каралган мөөнөттө арыз ээсине өзү көрсөткөн электрондук почта дареги боюнча тиешелүү кабарлама жөнөтөт.
27. Товар жүгүртүүнүн катышуучусу менен оператордун ортосунда келишимге кол коюлган жана каттоо жөнүндө арызды текшерүүнүн жыйынтыгы оң болгон учурда, оператор ушул Методикалык эрежелердин
25-пунктунда каралган мөөнөттө товар жүгүртүүнүн катышуучусуна “Товарларды маркалоо” МТга кирүү мүмкүндүгүн берет.
28. Эгерде товар жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТда мурдатан катталган жана башка товар тобуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, анда “Алкоголдук продукция” товар тобуна кирүү үчүн товар жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТга төмөнкү маалыматтарды берет:
а) товар тобу (“Алкоголдук продукциясы”);
б) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун тиби (өндүрүүчү, импорттоочу).
Бул учурда оператор менен алкоголдук продукциянын жүгүртүүнүн катышуучусунун ортосундагы келишим түзүүнүн зарылдыгы, ошондой эле аны түзүүнүн тартиби оператор тарабынан аныкталат жана оператордун Интернет тармагында расмий сайтына жайгаштырылат.
29. Юридикалык жактын уюштуруу документтеринин негизинде юридикалык жактын атынан иш алып барган жактын арызы боюнча, алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан
иш-аракеттерди аткарууга ыйгарым укуктуу жактар жана ушул жактардын ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгы тууралуу маалыматтар “Товарларды маркалоо” МТга киргизилиши мүмкүн.
Мындай арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
а) ыйгарым укуктуу жактын күчөтүлгөн электрондук кол тамгасынын сертификатынын ачык маалыматтары;
б) ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү;
в) ыйгарым укуктуу жактын “Товарларды маркалоо” МТда ролу;
г) ыйгарым укуктуу жактын электрондук почта дареги.
30. Эгерде ыйгарым укуктуу жак алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн тиешелүү катышуучусу үчүн ыйгарым укуктуу жактардын реестринде катталган болсо, “Товарларды маркалоо” МТга ыйгарым укуктуу жак жөнүндө маалыматты киргизүүдөн баш тартылат (ушул Методикалык эрежелердин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары).
31. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун ыйгарым укуктуу адамы (колдонуучу) күчөтүлгөн электрондук кол тамганы текшерүүчү ачкычынын сертификатын колдонуу менен “Товарларды маркалоо” МТдагы жеке кабинетинде авторизацияланат.
6-глава. Алкоголдук продукцияны “Товарларды маркалоо” МТда каттоо
32. Алкоголдук продукцияны каттоо төмөнкү учурларда “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда жүргүзүлөт:
1) алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн учурда, алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан (контракттык өндүрүштүн алкагында алкоголдук продукцияны өндүрүүчүнүн буйрутмасы боюнча үчүнчү жактар тарабынан өндүрүлгөн алкоголдук продукцияны кошкондо);
2) алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлгөн учурда, импорттоочу тарабынан.
33. Алкоголдук продукцияны “Товарлардын маркалоо” МТда каттоо үчүн жүгүртүүнүн катышуучусу катталуучу алкоголдук продукция жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) Арыз ээсинин (өндүрүүчүнүн, даярдоочунун жана/же импорттоочунун) ИСНи жана аталышы;
2) өндүрүүчүнүн, даярдоочунун жана/же импорттоочунун юридикалык дареги;
3) GS1 системасындагы өндүрүүчүнүн, даярдоочунун жана/же импорттоочунун GCP префикси;
4) товардын коду (GS1 системасындагы GTIN);
5) алкоголдук продукциянын соода аталышы;
6) алкоголдук продукциянын түрү (арак, шарап, коньяк, алкоголь ичимдиктери, күчтүү ичимдиктер. алкоголу аз ичимдиктер, шампан);
7) алкоголдук продукциянын керектөө таңгагынын түрү жана материалы (товар бирдиги, топтук таңгак);
8) таза салмагы (литр же миллилитр менен);
9) жарактуулук мөөнөтү;
10) алкоголдук продукциянын этил спиртинин көлөмдүк үлүшү (күчү) (%);
11) продукциянын курамы;
12) ГМОнун курамы;
13) даам берүүчү заттардын болушу;
14) ЕАЭБ ТЭИ ТН 10 орундуу коду;
15) ПМСК коду (3-версия);
16) продукциянын GPC коду;
17) товардык белги (бар болсо);
18) рынокто жүгүртүү белгиси;
19) шайкештик белгиси;
20) ЕАЭБ дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык чыккан өлкө;
21) топтук таңгактын ичиндеги керектөө таңгактардын саны (топтук таңгактар үчүн);
22) продукциянын сапатын тастыктаган документи жана анын маалым даректери;
23) товардын сүрөтү;
24) керектөө таңгактын салмагы жана өлчөмдөрү.
34. Эгерде товардын коду “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогуна мурдатан катталган болсо, товар жүгүртүүнүн катышуучусуна “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогуна алкоголдук продукцияны каттоодон баш тартылат (ушул Методикалык эрежелердин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары).
35. Алкоголдук продукцияны каттоо жөнүндө арызды текшерүүнүн жыйынтыгы оң болгон учурда, оператор мындай арыз берилген күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен алкоголдук продукцияны “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда каттоону жүзөгө ашырат.
7-глава
Алкоголдук продукциянын идентификациялоо каражатынын, анын ичинде маркалоо коддорунун, идентификациялоо коддорунун жана текшерүү коддорунун түзүмүнүн жана форматынын мүнөздөмөлөрү
35. Алкоголдук продукциянын керектөө таңгагын же этикеткасын маркалоо үчүн машина менен окууга жарактуу GS1 Data Matrix эки өлчөмдүү штрих-код түрүндө берилген маркалоо кодун камтыган идентификациялоо каражаты колдонулат жана ал 3 (үч) милдеттүү маалымат топторун камтыйт, анын ичинен алгачкы 2 (эки) тобу керектөө таңгактын идентификациялоо кодун түзөт, мында:
1) милдеттүү маалыматтардын биринчи тобу AI = '01' колдонуу коду менен аныкталат жана ушул Методикалык эрежелердин 6-главасына ылайык катышуучу берген маалыматтардын негизинде “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталган керектөө таңгактагы товардын (14 сандуу) кодун (GTIN) камтыйт;
2) милдеттүү маалыматтардын экинчи тобу AI = '21' колдонуу коду менен аныкталат жана 7 символдон (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турган оператор же жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан түзүлгөн керектөө таңгактын жеке сериялык номерин камтыйт. Маалыматтардын бул тобу үчүн акыркы символ ASCII символдор таблицасында 29 кодуна ээ болгон бөлүүчү символ болуп саналат;
3) милдеттүү маалыматтардын үчүнчү тобу AI = '93' колдонуу коду менен аныкталат жана оператор тарабынан берилген 4 символдон турган текшерүү кодун камтыйт.
37. Алкоголдук продукциянын топтук таңгагын маркалоо үчүн, машина менен окууга жарактуу GS1 Data Matrix эки өлчөмдүү штрих-код түрүндө берилген маркалоо кодунан турган идентификациялоо каражаты колдонулат жана ал 3 (үч) милдеттүү маалымат топторун камтыйт, анын ичинен алгачкы 2 (эки) тобу топтук таңгактын идентификациялоо кодун түзөт, мында:
1) милдеттүү маалыматтардын биринчи тобу AI = '01' колдонуу коду менен идентификацияланат жана ушул Методикалык эрежелердин
6-глава
сына ылайык катышуучу берген маалыматтардын негизинде “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталган топтук таңгактагы товардын (14 сандуу) кодун (GTIN) камтыйт;
2) милдеттүү маалыматтардын экинчи тобу AI = '21' колдонуу коду менен аныкталат жана 13 символдон (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турган оператор же жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан түзүлгөн топтук таңгактын жеке сериялык номерин камтыйт. Маалыматтардын бул тобу үчүн акыркы символ ASCII символдор таблицасында 29 кодуна ээ болгон бөлүүчү символ болуп саналат;
3) милдеттүү маалыматтардын үчүнчү тобу AI = '93' колдонуу коду менен аныкталат жана оператор тарабынан берилген 4 символдон турган текшерүү кодун камтыйт.
38. Алкоголдук продукциянын транспорттук таңгагын идентификациялоо коду GSI-128 эл аралык стандартына шайкеш келген бир өлчөмдүү штрих коду түрүндө берилет, ал AI = '00' колдонуу коду менен аныкталган Serial Shipping Container Code (SSCC) транспорттук таңгактын уникалдуу идентификаторун камтыйт жана алкоголдук продукциянын транспорттук таңгакка бириктирген жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан аныкталган 18 цифрадан турат.
39. Эки өлчөмдүү штрих код форматындагы идентификациялоо каражаттары төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
а) штрих коду ISO/IEC 16022:2006 стандартына шайкеш келет;
б) керектөө жана топтук таңгак үчүн 0,255 миллиметрден кем эмес жана 0,615 миллиметрден ашпаган өлчөмдөгү модулду колдонуу сунушталат;
в) ISO/IEC 15415:2011, ISO 22742:2005 стандартына ылайык
С сапатындагы класстын деңгээлинде же андан жогорку деңгээлде түшүрүү;
г) идентификациялоо каражаттарын табуу ыктымалдыгы байкалбагыдай төмөн жана кандай болгон учурда да 10000 ичинен бирден аз болууга тийиш.
д) каталарды таануу жана оңдоо функциясы ЕСС200 Data Matrix барабар же андан жогору болот.
40. Эки өлчөмдүү штрих коддорун окуу үчүн жабдуулар ISO/IEC 15415:2011, ISO 22742:2005 стандартына ылайык түшүрүлгөн коддорду окууга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
41. “Товарларды маркалоо” МТ маркалоо кодун кайра түзүүгө (генерациялоого) жол бербейт.
42. “Товарларды маркалоо” МТда керектөө таңгагынын маркалоо кодунун, топтук таңгактын маркалоо кодунун жана транспорттук таңгактын идентификациялоо кодунун төмөнкүдөй статустары болушу мүмкүн:
а) керектөө таңгактын маркалоо коду, топтук таңгактын маркалоо коду үчүн:
“Эмиттелген” – алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен андан ары маркалоо максатында, алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун маркалоо коддорун алууга берилген өтүнмөсү боюнча оператор тарабынан маркалоо коду түзүлгөн статус;
“Түшүрүлгөн” – андан ары идентификациялоо каражатына айландыруу жана товарга же анын таңгагына түшүрүү үчүн алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан маркалоо кодун алган статус. Бул статус алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучу тарабынан Кыргыз Республикасына ташып киргизилген алкоголдук продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө киргизилбегендигин билдирет. Бул статуста “Түшүрүлгөн, төлөнгөн эмес” белгисинин болушу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучу тарабынан маркалоо кодун берүү кызматы төлөнгөн эмес экендигин билдирет. Бул белги болгон учурда, маркалоо коддордун агрегаттоо, жүгүртүүгө киргизүү жана жүгүртүү мүмкүн эмес;
“Жүгүртүүдө” – маркаланган алкоголдук продукция жүгүртүүдө турган статус. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алкоголдук продукцияга маркалоо коддорун алгандыгы тууралуу маалыматтарды же ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймагынан же ЕАЭБге кирбеген мамлекеттин аймагынан маркаланган алкоголдук продукцияны ташып киргизилгендиги тууралуу кабарламаларды ийгиликтүү иштеп чыгуунун натыйжасында “Түшүрүлгөн” статусунан кийин ыйгарылуучу статус. Бул статуста “Кайтарылган” белгисинин болушу бул товар мурда жүгүртүүдөн чыгарылып, андан кийин алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө кайтаруу жөнүндө маалыматтарды контролдук-кассалык машинасы же электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы аркылуу ийгиликтүү иштеп чыгуунун натыйжасында кайрадан жүгүртүүгө киргизилгендигин билдирет. Бул коштомо кагазда экспорттолгон маркаланган товарды кайтаруу же экспорттолгон маркаланган товар жөнүндө мурда катталган маалыматтарды оңдоо жөнүндө маалыматтар камтылышы мүмкүн;
“Жүгүртүүдөн чыгарылды” – тийиштүү маркалоо коду менен маркаланган алкоголдук продукция, контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен алкоголдук продукцияны сатуу жөнүндө маалыматтардын же электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздагы чекене сатуудан башка негиздер боюнча алкоголдук продукцияны жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтардын негизинде жүгүртүүдөн чыгарылган учурдагы статус;
“Эсептен чыгарылды” – маркалоо коду төмөнкүдөй болгон учурдагы статус:
– эмиттелген жана идентификациялоо каражаттары менен жарактан чыгарылган жана жараксыз алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн колдонулган;
– эмиттелген, бирок алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоо үчүн колдонулган эмес;
“Жокко чыгарылды” – идентификациялоо каражаттары менен алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн товар жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан маркалоо коду колдонулбаган статус. Бул статустагы маркалоо коддору кайрадан жүгүртүүгө киргизилбейт;
б) транспорттук таңгактын идентификациялоо коду үчүн:
“Түшүрүлгөн” – алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу “Түшүрүлгөн” статусундагы алкоголдук продукциянын маркаланган таңгактарын транспорттук таңгактын идентификациялоо кодун көрсөтүү менен транспорттук таңгакка агрегаттоо жөнүндө маалыматтарды бергенден кийин автоматтык түрдө берилген статус;
“Жүгүртүүдөн чыгарылды” – алкоголдук продукциянын транспорттук таңгакты чекене сатуудан башка негиздер боюнча жүгүртүүдөн чыгарганда ыйгарылуучу статус;
“Агрегаттоодон чыгарылды” – транспорттук таңгактын курамын толугу менен бөлүштүрүү процессинде автоматтык түрдө ыйгарылуучу статус.
Продукцияны сатуу үчүн маркалоо кодунун статусу “Жүгүртүүдө” гана болушу керек.
8-глава. Алкоголдук продукциянын идентификациялоо каражаттарын түзүү тартиби
43. Ушул главада каралган процесстердин алкагында алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТ менен жеке кабинети же “Товарларды маркалоо” МТнын электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстери аркылуу документтерди жана маалыматтарды алмашат.
44. Алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоону камсыз кылуу үчүн алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу операторго маркалоо коддорун алууга өтүнмө (мындан ары – өтүнмө) жөнөтөт.
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталган товардын коду (GTIN);
2) талап кылынган маркалоо коддорунун саны;
3) таңгактын тиби (керектөө, топтук таңгак);
4) эгерде товардын ар бир нускасынын жеке сериялык номерин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу өз алдынча түзсө, товардын ар бир нускасынын жеке сериялык номери;
5) товарларды жүгүртүүгө чыгаруу ыкмасы (ЕАЭБ мамлекеттеринен/үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташып киргизилген, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн).
45. Төмөнкү талаптардын бири бузулган учурда маркалоо коддорун түзүүдөн баш тартылат:
1) өтүнмө ушул Методикалык эрежелердин 44-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаса;
2) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТда катталбаса же “Алкоголдук продукция” товар тобуна кирүү мүмкүндүгү жок болсо;
3) идентификациялоо коду буга чейин “Товарларды маркалоо” МТда катталган болсо;
4) товардын коду “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталбаса.
5) товардын коду алкоголдук продукцияга тиешелүү эмес болсо;
6) маркаланган товарлардын каталогундагы товардын коду үчүн көрсөтүлгөн алкоголдук продукциянын керектөө таңгагынын түрү өтүнмөдөгү маркалоо кодунун тибине дал келбесе;
7) товардын коду арыз ээсине таандык эмес же арыз берүүчүнүн “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунун маалыматтары боюнча товардын коду үчүн маркалоо коддоруна тапшырык берүүгө уруксаты жок болсо;
8) товар жүгүртүүнүн катышуучунун балансында акча каражаттары “Товарларды маркалоо” МТда аларды алганга чейин жетишсиз болсо.
46. Өтүнмөнү ийгиликтүү каттоодон кийин “Товарларды маркалоо” МТ өтүнмөдө көрсөтүлгөн маркалоо коддорунун санын түзөт (генерациялайт) жана тиешелүү маркалоо кодун маркалоо кодунун реестрине каттайт.
47. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу маркалоо кодун берүү боюнча кызматка товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун өтүнмөсү боюнча “Товарларды маркалоо” МТда түзүлгөн маркалоо кодун алганга чейин акы төлөйт.
48. Маркалоо коддору катталгандан кийин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТ маркалоо коддорун алууга суроо-талап боюнча, жеке кабинет аркылуу же “Товарларды маркалоо” МАМСинин электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстери аркылуу, сураган көлөмдөгү маркалоо коддорун басып чыгаруу үчүн даярдалган форматта же адистештирилген басып чыгаруучу түзүлүштөргө берүү үчүн машина менен окууга жарактуу түрүндө алат.
49. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматты каттоого алуу үчүн “Товарларды маркалоо” МТда түшүрүү жөнүндө кабарлама түзөт.
Түшүрүү жөнүндө кабарлама (керектөө/топтук/транспорттук таңгакта) “Эмиттелген” статусу менен маркалоо коддорунун тизмегин камтууга тийиш.
Маркалоо коддорунун реестрине идентификациялоо каражаттарын киргизүү жөнүндө маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТда ийгиликтүү иштеп чыгуунун жыйынтыгында маркалоо кодунун статусу “Түшүрүлгөн” деп өзгөрөт.
50. Төмөнкүлөр аныкталган учурда “Товарларды маркалоо” МТда идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматтарды каттоодон (документтерди кабыл алуудан же ушул Методикалык эрежелердин “Ката! Шилтеменин булагы табылган жок.” пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары) баш тартылат:
1) идентификациялоо каражатын түшүрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн маркалоо коддору “Товарларды маркалоо” МТда жок болсо;
2) суралган маркалоо коддору арыз ээсине таандык эмес болсо;
3) маркалоо коддору алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун суроо-талабы боюнча жокко чыгарылса;
4) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан алкоголдук продукцияга түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттарында камтылган маркалоо коддору жөнүндө маалыматты камтыган идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарлама бербесе.
51. Маркалоо кодун берүү кызматы алкоголдук продукцияга идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламада камтылган маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТда ийгиликтүү иштеп чыгуу жана идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн маркалоо коддору үчүн төлөмдүн жыйынтыгы боюнча оператор тарабынан көрсөтүлгөн деп таанылат. Бул учурда маркалоо коддорунун реестриндеги маркалоо коддоруна “Түшүрүлгөн” статусу ыйгарылат.
9-глава. Алкоголдук продукциянын идентификациялоо каражаттарын түшүрүү тартиби
52. Идентификациялоо каражаттарын керектөө жана топтук таңгактарга жана (же) этикеткага түшүрүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
– Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук продукцияны өндүрүү учурунда – жүгүртүүгө киргизүүгө чейин алкоголдук продукцияны өндүрүү же сактоо жайларында;
– транс чек аралык сооданын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына алкоголдук продукцияны ташып киргизүү учурунда – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан иш жүзүндө өткөнгө чейин;
– ЕАЭБдин мүчөсү болбогон мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына алкоголдук продукцияны ташып киргизүү учурунда – товарды ички керектөө же кайра импорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна жайгаштырууга чейин.
53. Товар жүгүртүүнүн катышуучусу төмөнкү методдордун бирин колдонуу менен керектөө жана топтук таңгакка идентификациялоо каражатын түшүрөт:
1) алкоголдук продукцияны өндүрүү линиясына идентификациялоо каражаттарын түз түшүрүү идентификациялоо каражатын товарга, товардын керектөө таңгагына, экинчи таңгагына же этикеткага типографиялык же башка ыкма менен түшүрө алган атайын жабдууларды колдонуу менен ишке ашырылат.
2) кыйыр түшүрүү (этикеткалоо) чаптама, стикер, этикетка түрүндөгү, ага түшүрүлгөн идентификациялоо каражаты менен өзү чапталуучу кагазга идентификациялоо каражатын колдонуу менен ишке ашырылат.
54. Идентификациялоо каражаты техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык керектөө таңгагына түшүрүлгөн маалыматтардын бүтүндүгү бузулбагыдай жайгаштырылууга тийиш.
55. Таңгакка идентификациялоо каражаттарын жайгаштырууга карата талаптар:
1) керектөө таңгагына идентификациялоо каражаттары айнек, пластик жана алюминий идиштердин каптал бөлүгүнө, тетр-пак үчүн идентификациялоо каражаттары продукциянын курамы жөнүндө маалымат жайгаштырылган тарабына түшүрүлөт;
2) топтук таңгакка идентификациялоо каражаты каптал бөлүгүнө түшүрүлөт;
3) транспорттук таңгакка идентификациялоо каражаты алдыңкы же каптал бөлүгүнө түшүрүлөт.
56. Алкоголдук продукцияга этикетка түшүрүүгө карата талаптар:
а) идентификациялоо каражаты керектөө жана топтук таңгакка жана(же) этикеткага, идентификациялоо каражатын таңгактан же этикеткадан ажыратууга жол бербеген жана идентификациялоо каражаттарын кайра колдонууга мүмкүн болбогон ыкма менен түшүрүлөт;
б) алкоголдук продукциянын керектөө же топтук таңгагына этикеткаларды түшүрүү үчүн этикетка түшүрүлгөн учурдан тартып алкоголдук продукция керектөөчүгө сатылган учурга чейин этикеткага түшүрүлгөн идентификациялоо каражатты окууга мүмкүндүк берген технология колдонулушу керек;
в) этикетка алкоголдук продукциянын керектөө же топтук таңгагына чаптоо жолу менен түшүрүлөт, этикетканы алкоголдук продукцияны өндүрүүчү тарабынан товардын таңгагына түшүрүлгөн орогуч пленкага чаптоого жол берилет;
г) этикетканын бетин жаап турган, идентификациялоо каражаттарын окууну кыйындаткан алкоголдук продукциянын таңгагынын кандайдыр бир элементтерин (өндүрүүчү тарабынан алкоголдук продукциянын таңгагына түшүрүлгөн тунук орогуч пленкадан тышкары) таңгактын үстүнө түшүрүүгө жол берилбейт.
10-глава. Жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан алкоголдук продукцияны агрегаттоо жана
таңгактарды ажыратуу жөнүндө маалыматтарды
“Товарларды маркалоо” МТга берүү тартиби
57. Алкоголдук продукцияны агрегаттоо алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча жүзөгө ашырылат.
58. Алкоголдук продукциянын керектөө таңгактары топтук таңгакка агрегаттоодон кийин топтук таңгакты алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу бул жөнүндө “Товарларды маркалоо” МТда төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) топтук таңгактын идентификациялоо коду;
2) агрегатталуучу керектөө таңгактын идентификациялоо коддорунун тизмеси;
3) топтук таңгактын сыйымдуулугу.
59. Алкоголдук продукциянын таңгактары транспорттук таңгакка агрегатталгандан кийин агрегатталуучу таңгакты алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу бул жөнүндө “Товарларды маркалоо” МТда төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) транспорттук таңгактын идентификациялоо коду;
2) агрегатталуучу таңгактын идентификациялоо коддорунун тизмеси;
3) транспорттук таңгактын сыйымдуулугу.
Таңгактын төмөнкү түрлөрүн транспорттук таңгакка агрегаттоого жол берилет:
1) алкоголдук продукциянын керектөө таңгактары;
2) алкоголдук продукциянын топтук таңгактары;
3) алкоголдук продукциянын транспорттук таңгактары.
60. Керектөө таңгактарын топтук таңгакка агрегаттоо жөнүндө маалымат агрегатталган таңгакты алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин таңгактарды транспорттук таңгакка агрегаттоо жөнүндө маалымат менен бир убакта берилиши мүмкүн.
61. Бир айдын ичинде өндүрүлгөн бардык алкоголдук продукция боюнча керектөө жана топтук таңгактарды агрегаттоонун орточо натыйжалуулугу 99 пайыздан төмөн болбоого тийиш. Мында топтук таңгактын ичинде агрегатталуучу 2ден көп эмес керектөө таңгагынын жана транспорттук таңгактын ичинде 2ден көп эмес топтук таңгактын идентификациялоо коду жөнүндө маалыматтардын жоктугуна жол берилет.
62. Агрегатталуучу таңгактардын идентификациялоо коддору “Товарларды жүгүртүүгө чыгаруу ыкмасы” атрибутунун мааниси бирдей болгон учурда гана алкоголдук продукцияны топтук жана транспорттук таңгактарга агрегаттоого жол берилет.
63. Ушул Методикалык эрежелердин 58 жана 59-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан “Товарларды маркалоо” МТда алкоголдук продукцияны бир таңгактан экинчи таңгакка кайра которулганда (кайра таңгактаганда) да берилет, мында:
– эгерде керектөө таңгактары бир топтук таңгактан башка топтук таңгакка которулса, мурунку топтук таңгак толугу менен ажыратылат, ал эми жаңы топтук таңгактын агрегатталган керектөө таңгактарынын идентификациялоо коддорунун тизмеси жаңыртылат;
– эгерде ажыратылган топтук таңгак “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматы боюнча башка топтук таңгактарды камтыган жогорку транспорттук таңгакка салынса, жогорку транспорттук таңгактын абалы өзгөрбөйт;
– эгерде ажыратылган топтук таңгак “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматы боюнча башка топтук таңгактарды камтыбаган жогорку транспорттук таңгакка салынса, мындай транспорттук таңгак үчүн ажыратуу катталат;
– эгерде транспорттук таңгактан керектөө же топтук таңгакты башкасына которуу жүргүзүлсө, ал эми мурунку транспорттук таңгакта башка агрегатталган керектөө же топтук таңгактар болсо, мурунку транспорттук таңгак ажыратылбайт, мурунку жана жаңы транспорттук таңгактардагы агрегатталган таңгактардын идентификациялоо коддорунун тизмеси жаңыртылат (которулуп жаткан коддор мурунку транспорттук таңгактан чыгарылат, ал эми жаңы транспорттук таңгакка кошулат);
– эгерде транспорттук таңгактан керектөө же топтук таңгакты башкасына которуу жүргүзүлүп, ал эми мурунку транспорттук таңгакта башка агрегатталган керектөө же топтук таңгактар жок болсо, мындай транспорттук таңгак үчүн ажыратуу катталат, ал эми жаңы транспорттук таңгак үчүн агрегатталган таңгактардын идентификациялоо коддорунун тизмесин өзгөртүү (жаңы идентификациялоо коддорун кошуу) катталат.
64. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары “Товарларды маркалоо” МТда “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматы боюнча топтук же транспорттук таңгактагы алкоголдук продукциянын бир бөлүгүнүн жүгүртүүдө же жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берген учурда, “Товарларды маркалоо” МТда таңгактардан алынган алкоголдук продукцияны камтыган жогорку деңгээлдеги бардык таңгактардын ажыратылышы катталат жана топтук же транспорттук таңгактарын маркалоо коддоруна “Агрегаттоодон чыгарылган” статусу ыйгарылат.
65. Транспорттук же топтук таңгакты ажыратууда агрегаттоо учурунда көрсөтүлгөн төмөнкү деңгээлдеги башка таңгактар же товарлар (анын ичинде керектөө таңгактары) калбайт.
Эгерде транспорттук таңгакта башка транспорттук таңгактар же топтук таңгактар болсо, транспорттук таңгакты ажыратуу ажыратылуучу транспорттук таңгакта жайгашкан транспорттук же топтук таңгактардын ажыратылышына алып келбейт.
Мында ажыратылуучу таңгак менен камтуунун бир деңгээлинде турган транспорттук же топтук таңгактар жана төмөнкү деңгээлдеги таңгактар, анын ичинде ажыратылуучу транспорттук таңгакка салынган, ошондой эле ажыратылуучу транспорттук же топтук таңгакка салынбаган жогорку деңгээлдеги транспорттук таңгактар ажыратылууга жатпайт.
11-глава
Жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТга берүү тартиби
66. Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны өндүрүүчү алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан жана ага идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөндөн кийин маркаланган алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө кабарламаны “Товарларды маркалоо” МТда берүүнү камсыз кылышат.
Маркаланган алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө кабарлама төмөнкү маалыматтарды камтышы зарыл:
а) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалым даректерин;
б) сатып алуучунун маалыматтары (ИСН, юридикалык жактын же жеке ишкердин аталышы);
в) алкоголдук продукциянын идентификациялоо коддору (топтук же транспорттук таңгактын идентификациялоо коддору);
д) алкоголдук продукциянын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин тастыктоочу документ жөнүндө маалыматтар (документтин түрү, катталган датасы жана анын каттоо номери);
67. Алкоголдук продукцияны ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасына ташып киргизүүнү жүзөгө ашыруучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө ташып киргизилгенге чейин “Товарларды маркалоо” МТда маркаланган алкоголдук продукцияны ташып киргизүү жөнүндө маалыматты (кабарламаны) берүүнү камсыз кылат. “Товарларды маркалоо” МТда мындай маалыматтар болбогон учурда, “Жыйынды пост” МТда товарларга коштомо кагазды кийинки тариздөө мүмкүн эмес.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан маркаланган алкоголдук продукцияны ташып киргизүү жөнүндө кабарламада төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
а) алкоголдук продукцияны ЕАЭБдин башка мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасына ташып киргизүүнү ырастаган товар коштоочу документтин маалым даректери (документтин түрү, документтин номери, документтин датасы);
б) жөнөтүүчүнүн маалыматтары (ИСН, юридикалык жактын же жеке ишкердин аталышы);
в) алкоголдук продукцияны ташып киргизүүнү жүзөгө ашыруучу ЕАЭБге мүчө мамлекетинин аталышы (ЕАЭБ дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык);
г) алкоголдук продукциянын келип чыккан өлкөсү;
д) алкоголдук продукциянын идентификациялоо коддору (топтук же транспорттук таңгактын идентификациялоо коддору);
е) алкоголдук продукциянын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар (документтин түрү, катталган датасы жана анын каттоо номери);
68. алкоголдук продукцияны ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасына ташып киргизүүнү жүзөгө ашырган импорттоочулар товарларды ички керектөө же кайра импорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна киргизгенге чейин алкоголдук продукцияны маркалоону камсыз кылат. Ички керектөө же кайра импорттоо үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык ал товарларды сатуу үчүн сунуштаганга чейин, анын ичинде аларды сатуу жерине коюуга, алардын үлгүлөрүн көрсөтүүгө же сатуу жеринде алар жөнүндө маалыматтарды берүүгө чейин импорттоочулар “Товарларды маркалоо” МТга алкоголдук продукцияны ташып киргизүү жөнүндө маалыматтарды (кабарламаны) беришет.
ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттердин аймагынан маркаланган алкоголдук продукцияны ташып киргизүү жөнүндө кабарламада төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
а) импорттоочунун ИСНи;
б) алкоголдук продукциянын идентификациялоо коддору (топтук таңгактын идентификациялоо коддору же транспорттук таңгактын идентификациялоо коддору);
в) бажылык тариздөө документтеринин маалым даректери (документтин түрү, катталган датасы, каттоо номери);
г) товар кайсы өлкөдөн ташып киргизилген (экспорттоочу өлкө);
д) продукциянын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар (документтин түрү, катталган датасы жана анын каттоо номери);
е) товар өндүрүлгөн өлкө;
ж) товардын ЕАЭБ ТЭИ ТН 10 орундуу коду;
з) бажылык тариздөө документтеги саптын номери.
69. “Товарларды маркалоо” МТда жүгүртүүгө киргизүү/ташып киргизүү жөнүндө маалыматты ийгиликтүү иштеп чыгуунун жыйынтыгында маркалоо коддорунун реестринде маркалоо коддорунун статусу “Жүгүртүүдө” деп өзгөртүлөт.
12-глава
Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук продукцияны жүгүртүүдө “Товарларды маркалоо” МТда маалыматтарды берүү тартиби
70. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосунда, бул товарларга менчик укугунун өтүшүн караган бүтүмдүн алкагында которууда, өткөрүп берүүчү тарап алкоголдук продукцияны жүктөп жөнөтүүгө (өткөрүп берүүгө) чейин жүктөп жөнөтүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан бүтүмдүн түрүн (“Дүң сатуу”) жана өткөрүлүп жаткан алкоголдук продукциянын идентификациялоо коддорун (топтук таңгактардын идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактардын идентификациялоо коддорун) көрсөтүү менен ЭТТК МТда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзөт. Электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана жүгүртүү эрежелерин бекиткен токтому менен аныкталат.
71. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу алкоголдук продукцияны кабыл алган учурда алкоголдук продукцияны ЭТТК МТда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунда белгиленген мөөнөттө, бирок бул алкоголдук продукцияны үчүнчү жактарга өткөрүп берилген күндөн кечиктирбестен кабыл алгандыгын тастыктайт. Мында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын статусу “Алгачкы (кабыл алынды)” болот.
72. ЭТТК МТ алган жана “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу менен “Дүң сатуу” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын ийгиликтүү иштеп чыккан учурда оператор “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн бир катышуучусу тарабынан башка катышуучуга берилген фактысын чагылдырат.
73. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу алкоголдук продукцияны бул товарларга менчик укугунун өтүшүн карабаган бир сактоочу жайдан башка жерге ички алып өтүүдө алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТК МТда алып өтүлүүчү алкоголдук продукциянын “Ички алып өтүү” бүтүмдүн түрүн, жөнөтүүчү жердин дарегин, багытталган жердин дарегин жана идентификациялоо коддорун (топтук таңгактын идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактын идентификациялоо коддорун) көрсөтүү менен электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагаз түзөт. Бул учурда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталат.
74. ЭТТК МТ алган жана “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу менен “Дүң сатуу” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын ийгиликтүү иштеп чыккан учурда оператор “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде алкоголдук продукцияны ички алып өтүү фактысын чагылдырат.
75. Эгерде алкоголдук продукцияны кабыл алгандан же ички алып өтүүдөн кийин жана бул тууралуу маалыматты “Товарларды маркалоо” МТда өткөрүп бергенден кийин, алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтарды оңдоп-түзөө зарылчылыгын аныкташса, анда:
а) алкоголдук продукцияны жөнөтүүнү (өткөрүп берүүнү) же ички алып өтүүнү жүзөгө ашырган, алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТК МТда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга оңдоп-түзөө себебин көрсөтүү менен (“Толук кайтаруу”,
“Жарым-жартылай кайтаруу”) оңдоп-түзөө жүргүзөт;
б) алкоголдук продукцияны кабыл алган алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын оңдоп-түзөтүүлөрүн тастыктайт (ушул Методикалык эрежелердин 69-пунктунда баяндалган тартипке окшош);
в) оператор ЭТТК МТ алган жана “Оңдоп-түзөтүүчү (кабыл алынды)” статусундагы оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды ийгиликтүү иштеп чыккандан кийин, оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда камтылган маалыматтарды эске алуу менен “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде алкоголдук продукцияны өткөрүп берүү (кабыл алуу) же ички алып өтүү фактысын чагылдырат.
76. Алкоголдук продукцияны өткөрүп берүү (кабыл алуу) же ички алып өтүү жөнүндө маалыматтарды оңдоп-түзөө оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн идентификациялоо коддор (топтук таңгактын идентификациялоо коду, транспорттук таңгактын идентификациялоо коду) алгачкы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алган учурдан тартып өз абалын (б.а. өз статусун, ээсин, аянтчанын дарегин өзгөртпөгөн) өзгөртпөгөн учурда гана аткарылат.
Эгерде алгачкы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды иштеп чыгуунун жыйынтыгында топтук жана/же транспорттук таңгактарды бөлүштүрүү катталса (ушул Методикалык эрежелердин 63–65,64-пункттарына ылайык), оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын иштеп чыгууда мурда бөлүштүрүлгөн топтук жана/же транспорттук таңгактар калыбына келтирилбейт.
77. ЭТТК МТдан “Товарларды маркалоо” МТга “Алгачкы (четке кагылды)”, “Оңдоп-түзөтүүчү (четке кагылды)”, “Чакыртып алынды”, “Жаңы”, “Жөнөтүлгөн” статустары менен электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагаздар жөнүндө маалыматтар берилбейт.
78. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен алкоголдук продукцияны сатууну жүзөгө ашырган алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен алкоголдук продукцияны жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматты электрондук формада ИСНАКка жөнөтүшөт.
79. Контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен алкоголдук продукцияны сатууну жүзөгө ашырган алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу өзүндө орнотулган жана катталган
контролдук-кассалык машина менен байланышкан техникалык каражаттар менен, сатылуучу алкоголдук продукциянын таңгагына түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттын сканерлейт жана тааныйт.
80. “Товарларды маркалоо” МТ менен ИСНАКтын ортосундагы маалымат алмашуу протоколуна ылайык ИСНАК маркаланган алкоголдук продукцияны сатуу же кайтарып берүү жөнүндө маалыматтарды камтыган ар бир фискалдык документ боюнча операторго төмөнкүлөрдү камтыган маалымат берүү күн сайын жүргүзүлөт:
а) идентификациялык салык номери;
б) салык төлөөчүнүн аталышы;
в) документтин түрү (кассалык чек);
г) фискалдык документтин катар номери;
д) фискалдык документ түзүлгөн датасы жана убактысы;
е) эсептешүү белгиси – киреше (сатып алуучудан акча алуу), кирешени кайтаруу (алынган акчаны сатып алуучуга кайтаруу);
ж) маркалоо коду жана (же) топтук таңгактын маркалоо коду;
з) ар бир алкоголдук продукциянын бирдиги жөнүндө маалыматтар (арзандатууларды, үстөк бааны, жыйымдарды жана салыктарды эске алуу менен бирдиги үчүн товардын баасы, арзандатууларды, үстөк бааны, жыйымдарды жана салыктарды эске алуу менен товардын саны, товардын наркы);
и) контролдук-кассалык машинанын каттоо номери.
81. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерине алкоголдук продукцияны сатууну же алкоголдук продукцияны экспорттоо үчүн бажы жол-жобосуна жайгаштырууну ишке ашырган алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучу “Экспорт” бүтүмү түрүндөгү, дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык өлкөнүн санариптик кодун жана аталышын, ошондой эле экспорттолуучу алкоголдук продукциянын маркалоо коддорун (топтук таңгактын маркалоо кодун, транспорттук таңгактын маркалоо кодун) көрсөтүү менен ЭТТК МТда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзөт. Бул учурда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын тариздөө тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
82. ЭТТК МТдан “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу менен “Экспорт” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздан маалыматтарды алган учурда оператор алкоголдук продукцияны экспорттоо себеби менен жүгүртүүдөн чыгаруу фактысын “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде чагылдырат.
83. “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу менен “Экспорт” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз таризделгенден жана бул тууралуу маалыматтарды “Товарларды маркалоо” Мтга өткөрүп бергенден кийин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтарды оңдоп-түзөө зарылчылыгын аныктаса, анда:
а) алкоголдук продукцияны экспортко жүктөп жөнөтүүнү жүзөгө ашыруучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТК МТда оңдоп-түзөтүү себебин (“Толук кайтаруу”, “Жарым-жартылай кайтаруу”) көрсөтүү менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды оңдоп-түзөтөт;
б) оператор “Оңдоп-түзөтүүчү (кабыл алынды)” статусундагы
оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алгандан жана ийгиликтүү иштеп чыккандан кийин “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарына ылайык алкоголдук продукциянын маркалоо коддорунун абалынын өзгөрүү окуясын чагылдырат.
Алкоголдук продукцияны экспорттоо жөнүндө маалыматтарды оңдоп-түзөө оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн маркалоо коддору (топтук таңгакты маркалоо коддору, транспорттук таңгакты маркалоо коддору) алгачкы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алган учурдан тартып өз абалын (б.а. өзүнүн, ээсинин статусун, аянтчанын дарегин өзгөртпөгөн) өзгөртпөгөн учурда гана аткарылат.
Эгерде алгачкы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды иштеп чыгуунун жыйынтыгында топтук жана/же транспорттук таңгактарды бөлүштүрүү катталса (ушул Методикалык эрежелердин 64-пунктуна ылайык), оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын иштеп чыгууда мурда бөлүштүрүлгөн топтук жана/же транспорттук таңгактар калыбына келтирилбейт.
84. Чекене сатуу жана экспорт катары эсептелбеген негиздер боюнча алкоголдук продукцияны жүгүртүүдөн чыгарууда ушул продукцияны жүгүртүүдөн чыгарууну жүзөгө ашыруучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТга жүгүртүүдөн алкоголдук продукцияны эсептен чыгаруу жөнүндө кабарлама берет, анда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
а) жүгүртүүдөн алкоголдук продукцияны эсептен чыгарууну жүзөгө ашыруучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун ИСНи;
б) жүгүртүүдөн алкоголдук продукцияны эсептен чыгаруунун себеби;
в) жүгүртүүдөн алкоголдук продукцияны эсептен чыгаруу жөнүндө алгачкы документтин аталышы, датасы жана номери;
г) товарларды (топтук, транспорттук таңгактарды) маркалоо коддору;
д) салынган бардык элементтердин эсептен чыгарылышынын белгиси;
е) жүгүртүүдөн алкоголдук продукцияны эсептен чыгаруу жүзөгө ашырылган аянтчанын дареги (облус/шаар, район/облустук маанидеги шаар, айыл/шаарча, көчө/тар көчө, үйдүн/объекттин №).
13-глава. “Товарларды маркалоо” МТда камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
85. Ушул Методикалык эрежелердин 5, 6, 10, 11 жана 12-главаларында каралган маалыматтар өзгөргөн учурда, алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу алар өзгөргөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде операторго бул маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлама жөнөтөт.
86. Маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө кабарлама жөнөткөн алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун ишине аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүү, анын жүгүртүлүшү жана жүгүртүүдөн чыгарылышы жөнүндө мурда “Товарларды маркалоо” МТга берилген маалыматтарга байланыштуу өзгөртүүлөрдү “Товарларды маркалоо” МТга киргизүүгө жол берилбейт.
14-глава. “Товарларды маркалоо” МТда жайгаштырылган маалыматка жетүү
87. Оператор эркин пайдалануу жана коомдук контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү кылуучу акысыз “Текшер” мобилдик тиркемесин иштеп чыгууну жана Интернет тармагында жайгаштырууну камсыз кылат:
1) керектөө жана топтук таңгактарынын идентификациялоо каражаттарын окуу;
2) идентификациялоо каражатында камтылган маалыматты “Товарларды маркалоо” МТга өткөрүп берүү;
3) “Товарларды маркалоо” МТдан текшерилип жаткан алкоголдук продукция тууралуу маалымат алуу жана электрондук түзүлүштүн экранында көрсөтүү, анда кеминде төмөнкүлөр камтылат:
а) товар бирдигинин идентификациялоо коду;
б) товардын соода аталышы;
в) товар өндүрүүчү жөнүндө маалымат (юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү);
г) алкоголдук продукциянын түрү;
д) товардык белги (бар болсо);
е) алкоголдук продукциянын керектөө идишинин көлөмү;
ж) алкоголдук продукциянын этил спиртинин көлөмдүк үлүшү (күчтүлүгү);
з) чыккан өлкө;
и) товардын фотографиялык сүрөтү;
4) мобилдик тиркемени пайдалануучу тарабынан “Товарларды маркалоо” МТга маркалоо тартибинин мүмкүн болгон бузуулары же маркаланган товарларды жүгүртүү жөнүндө маалыматтарды жөнөтүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.