Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 2-октябры № 514 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193, 2022-жылдын 18-октябрындагы N 570, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү "убактылуу жобо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жобо" деген сөз менен, 3-пунктундагы "Убактылуу жобого" деген сөздөр "Жобого" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Улуттук оператор белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча идентификациялоо каражаттарын жеткирүүнүн, ошондой эле маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн наркын белгилесин.";
3) 7-пунктундагы "жана 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулат" деген сөздөр алып салынсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жободо:
- аталышындагы, 1, 3, 4, 24, 26, 30, 32 жана 37-пункттарындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Убактылуу жобо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Жобо" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
К.Боронов
1-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн МӨӨНӨТТӨРҮ
№
Товарлардын аталыштары
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН)
Маркалоону киргизүү мөөнөтү
Маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу салууну киргизүү мөөнөтү
1
Арак
220860
2021-жылдын 1-апрели
2021-жылдын 1-октябрынан тартып
Ликер-арак ичимдиктери
220830
220870
220890
Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар
220840
220850
Шараптар
220410 жана 220430 кошпогондо, 2204, 2205, 2206
Коньяктар (коньяк спиртинен башка)
2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900
Шуулдама шарап, шампанды кошкондо
220410
Алкоголу аз ичимдиктер
220890
2
Тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула)
2402
2-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
№
Товарлардын аталыштары
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН)
1
Алкоголдук продукция:
Арак
220860
Ликер-арак ичимдиктери
220830
220870
220890
Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар
220840
220850
Шараптар
220410 жана 220430 кошпогондо, 2204, 2205, 2206
Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары)
2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900
Шуулдама шараптар, шампанды кошкондо
220410
Алкоголу аз ичимдиктер
220890
2
Тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула)
2402
2403
3
Бут кийим товарлары:
Үстү таманына жип менен да, шпилька, мык менен да, бурама менен да, бөрктөлүп да же кандайдыр бир башка ушундай жол менен бекитилбеген жана бириктирилбеген, таманы жана үстү резинадан же пластмассадан жасалган суу өткөрбөгөн бут кийим
6401
Таманы менен үстү резина же пластмассадан жасалган башка бут кийим
6402
Таманы резинадан, пластмассадан, табигый же композициялык териден жана үстү табигый териден жасалган бут кийим
6403
Таманы резинадан, пластмассадан, табигый же композициялык териден жана үстү текстиль материалдарынан жасалган бут кийим
6404
Башка бут кийим
6405
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 11.05.2020 · № 248
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 " Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун)…Постановление · 11.05.2020 · № 248
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду…Постановление · 17.12.2019 · № 690
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 08-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2022 · № 193
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2022 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2020 · № 356 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2019 · № 554 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №193 токтомуПостановление · 08.04.2022 · № 193
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 " Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун)…Постановление · 11.05.2020 · № 248
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2022 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.