Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын аймагында “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз) жана ысытылган тамекиси бар буюмдар” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __28 октябрь__ 2022-ж. / г. № ___423___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын аймагында “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз) жана ысытылган тамекиси бар буюмдар” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз) жана ысытылган тамекиси бар буюмдар” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери (мындан ары – Методикалык эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Методикалык эрежелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Товарларды маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору “Альфа Телеком” ЖАК Методикалык эрежелердин талаптарына ылайык “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутумун толуктап иштеп чыксын.
4. Тиешелүү түзүмдүк бөлүктөр:
– алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар арасында Маркалоо эрежелеринин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
– аймактык салык органдарынын кызматкерлерине Маркалоо эрежелеринин талаптарын аткаруу боюнча окутууну уюштурсун;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык тутумдарын Маркалоо эрежелеринин талаптарына ылайык “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен интеграциялоо боюнча иштерди жүргүзсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж. Умтуловго жана
А.С. Дубанаевге жүктөлсүн.
Төрага А.К. Абдувапов
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын
28.10.2022-ж. № 422 буйругу
менен бекитилди
“Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз) жана ысытылган тамекиси бар буюмдар” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз) жана ысытылган тамекиси бар буюмдар” товарлар тобу үчүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери (мындан ары – Методикалык эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Методикалык эрежелер төмөнкүлөрдү белгилейт:
– товар жүгүртүүнүн катышуучуларына жана алардын функцияларына талаптар;
– “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары – “Товарларды маркалоо” МТ) менен товар жүгүртүүнүн катышуучуларынын маалымат алмашуу тартиби;
– “Товарларды маркалоо” МТда товар жүгүртүүнүн катышуучуларын каттоо тартиби;
– “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз)” товарлар тобунун санариптик идентификациялоо каражатынын мүнөздөмөлөрү;
– санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз)” товарлар тобуна кирген тамеки продукциясын “Товарларды маркалоо” МТда каттоо тартиби;
– “Товарларды маркалоо” МТда тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү тартиби;
– “Тамекилер (чыпкасы бар, чыпкасыз)” товарлар тобуна кирген тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби;
– “Товарларды маркалоо” МТга тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берүү жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
3. Ушул Методикалык эрежелеринин максаттары үчүн төмөнкү терминдер колдонулат, алар төмөндөгүлөрдү билдирет:
1) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутуму (“Товарларды маркалоо” МТ) – маркалоо коддорун генерациялоо, милдеттүү түрдө идентификациялоо каражаттары менен маркалоого жаткан товарлардын жүгүртүүсү жөнүндө маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону, берүүнү жана жайылтууну, ага жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугунда каралган башка максаттарда колдонулуучу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму;
2) агрегаттоо – түзүлүп жаткан топтук жана/же транспорттук таңгакты ачуу зарылдыгысыз, тамеки продукциясынын товарды коштоочу чынжырча боюнча кыймылына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында тамеки продукциясынын ар бир салынган таңгагын идентификациялоо коддорунун түзүлүп жаткан топтук жана/же транспорттук таңгакты идентификациялоо коду менен өз ара байланышы жөнүндө маалыматты сактоо жана топтук таңгакка идентификациялоонун тийиштүү каражатын же транспорттук таңгакка идентификациялоо кодун түшүрүү менен тамеки продукциянын керектөө таңгактарын бир топтук таңгакка жана/же транспорттук таңгакка же тамеки продукциясынын топтук таңгактарын транспорттук таңгакка же кичинекей өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорт таңгактарын чоң өлчөмдөгү (көлөмдөгү) тамеки продукциясын транспорттук таңгакка агрегаттоо (бириктирүү) процесси;
3) товарларды жүгүртүүгө киргизүү: тамеки продукциясын өндүрүүдө:
– Кыргыз Республикасынын аймагында (анын ичинде иштетип алма чийки затты кайра иштетүү учурунда) – “тамеки продукциясын мындай товарларды өндүрүүчүнүн балансына коюунун жыйынтыгы боюнча тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө кабарламаны “Товарларды маркалоо” МТга жөнөтүү;
– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары (ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарларды кошпогондо) – Кыргыз Республикасына ташып киргизилген тамеки продукциясын ички керектөө же кайра импорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна ылайык бажы органдары тарабынан тамеки продукциясын чыгаруу;
– ЕАЭБдин бажы аймагында трансчек аралык соода жүргүзүүнүн алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген тамеки продукциясына карата Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары – юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасына тамеки продукциясын ташып киргизүү;
4) тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгаруу – маркаланган тамеки продукциясын жеке жакка жеке керектөө үчүн сатуу; тамеки продукциясына карата менчик укугуна өтүү, анын ичинде кайтарымсыз берүү, укуктарын өткөрүп берүү, ордун толтуруу же жаңычылдыкты караштырган келишимдердин негизинде маркаланган тамеки продукциясын жеке керектөө үчүн жеке жакка берүү; сатууга байланыштуу эмес, жеке муктаждыктары үчүн колдонуу максатында тамеки продукциясын юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге сатуу; тамеки продукциясын алып коюу (конфискациялоо), утилдештирүү, жок кылуу, кайтарымсыз жоготуу, ошондой эле маркаланган тамеки продукциясын Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары сатуу;
5) тамеки продукциясынын топтук таңгагы (мындан ары – топтук таңгак) – бир товардык коду менен болгон тамеки продукциясынын керектөө таңгагынын белгилүү санын бириктирген жана керектөөчүгө да сатылышы мүмкүн болгон таңгак;
6) тамеки продукциясынын импорттоочусу (мындан ары – импорттоочу) – Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу тамеки продукциясын транзиттик алып өтүү учурларын кошпогондо, жеке ишкер катары катталган, Кыргыз Республикасынын салык резиденти жана мүчө мамлекеттердин аймактарынан ички керектөө же кайра импорттоо же трансчек аралык өткөрүү бажы жол-жобосуна коюлган товарларды алуучу болуп саналган юридикалык же жеке жак;
7) уникалдуу жеке сериялык номери – товардын бир кодунун алкагында тамеки продукциясынын (тамеки продукциясынын керектөө же топтук таңгагынын) бирдигинин идентификациялоочу символдордун ырааттуулугу;
8) электрондук өз ара аракеттенүү интерфейси – тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын программалык-аппараттык каражаттары менен “Товарларды маркалоо” МТнын өз ара байланышын камсыз кылган каражаттардын жана эрежелердин жыйындысы;
9) “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз” маалыматтык тутуму (мындан ары – ЭТТК МТ) – салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык тутумунун модулу;
10) ИСНАК – Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруунун маалыматтык тутуму;
11) маркаланган товарлардын каталогу – маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды каталогдоо жана сактоо үчүн колдонулуучу жана маркалоо кодунун бирдиктүү булагы болуп саналган “Товарларды маркалоо” МТнын чакан тутуму;
12) маркалоо коду – “Товарларды маркалоо” МТда түзүлүүчү, идентификациялоо кодунан жана текшерүү кодунан турган, ушул Методикалык эрежелердин 7-главасында каралган талаптарга ылайык тамеки продукциясынын керектөө жана топтук таңгагын идентификациялоо максатында түзүлүүчү уникалдуу символдордун ырааттуулугу;
13) товардын коду – товардын тиешелүү номенклатурасы боюнча товарлар жөнүндө анык маалыматтарды эсепке алууну жана сактоону камсыз кылуучу маалыматтык ресурста аларды сүрөттөөдө GS1 улуттук уюму товарлардын тобуна GS1 системасынын стандарттарында белгиленген эрежелерге ылайык ыйгарылуучу уникалдуу код;
14) идентификациялоо коду – товардын кодун, ошондой эле маркаланган товардын же топтук таңгактын сериялык номерин камтыган, товардын нускасынын же топтук таңгактын уникалдуу номери болгон символдордун ырааттуулугу;
15) текшерүү коду – идентификациялоо кодун криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн жана контролдук-кассалык машинаны жана (же) текшерүү кодун текшерүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен аны текшерүү учурунда идентификациялоо кодунун бурмалангандыгын аныктоого мүмкүндүк берген символдордун ырааттуулугу;
16) транспорттук таңгактын идентификациялоо коду – ушул Методикалык эрежелердин 7-главасында каралган талаптарга ылайык түзүлгөн тамеки продукциясынын транспорттук таңгагынын уникалдуу нускасы болгон символдордун ырааттуулугу;
17) маркаланган тамеки продукциясы – ушул Методикалык эрежелердин талаптарын сактоо менен идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөн жана алар жөнүндө анык маалыматтар (анын ичинде ага түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтар) “Товарларды маркалоо” МТда камтылган тамеки продукциясы;
18) тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо – ушул Методикалык эрежелерге ылайык тамеки продукциясынын керектөө жана топтук таңгагына идентификациялоо каражаттарын түшүрүү;
19) тамеки продукциясын өндүрүү жери (өндүрүштүк аянтча) – жеке же юридикалык жак тамеки продукциясын дүң жана чекене сатып алуучуларга андан ары сатуу үчүн акыркы өндүрүшүн жүзөгө ашырган аймак, анын ичинде өндүрүштүк жайлар, сактоо жайлары жана тамеки продукциясын өндүрүүдө пайдаланылуучу башка жайлар же товар толук өндүрүлгөн же жетиштүү деңгээлде иштетилген/кайра иштетилген баскычына жеткен продукцияны даярдоонун физикалык жери;
20) тамеки продукциясынын жүгүртүлүшү – тамеки продукциясын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү, сактоо, ташуу, алуу жана өткөрүп берүү, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу;
21) маркалоонун жана товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары – оператор) – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же мамлекеттик менчик үлүшү бар уюм;
22) керектөө таңгагы – акыркы керектөөчүгө сатылуучу тамеки продукциясынын таңгагынын минималдуу бирдиги;
23) тамеки продукциясын өндүрүүчү (мындан ары – өндүрүүчү) – Кыргыз Республикасынын салык резиденти болуп саналган, тамеки продукциясына материалдык жана интеллектуалдык укуктардын толук көлөмүнө ээ болгон, аны өзүнүн товардык белгиси менен өз алдынча же контракттык өндүрүш кызматтарын жана/же башка даярдоочуларды тартуу менен чыгарган юридикалык жак же жеке ишкер;
24) маалыматтарды берүү протоколу – маалыматтардын пакетинин түзүлүшүнө жана маалыматтарды берүү тармагынын түзүлүштөрүнүн ортосунда маалыматтардын пакеттеринин алмашуу алгоритмине талаптардын формалдаштырылган топтому;
25) тамеки продукциясын идентификациялоо каражаты (идентификациялоо каражаты) – ушул Методикалык эрежелердин 7 жана
9-глава
ларында каралган талаптарга ылайык түзүлгөн Data Matrix эки өлчөмдүү штрих коду түрүндө берилген, керектөө жана топтук таңгакка түшүрүү үчүн машина менен окулуучу формадагы тамеки продукциясынын маркалоо коду;
25) коддун статусу (маркалоо кодунун статусу, топтук таңгактын маркалоо кодунун статусу, транспорттук таңгактын идентификациялоо кодунун статусу) – “Товарларды маркалоо” МТда аныкталган жана ушул Методикалык эрежелердин 41-пунктунда каралган маркалоо кодунун, топтук таңгактын маркалоо кодунун, транспорттук таңгактын идентификациялоо кодунун абалы, ал ушул Методикалык эрежелерде каралган процесстердин алкагында өзгөрөт;
27) тамеки продукциясы – ушул Методикалык эрежелердин аракеттери жайылтылган, керектөөчүгө керектөө жана (же) топтук таңгактарда сатылган ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (мындан ары – ЕАЭБ ТЭИ ТН) 2402 20 900 0 коду жана Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификаторунун (3-версия) (мындан ары – ПМСК) 12.00.11.500 коду менен аныкталган товарлар;
28) тамеки продукциясынын транспорттук таңгагы (мындан ары – транспорттук таңгак) – керектөө жана/же топтук таңгакка жана/же кичирээк деңгээлдеги транспорттук таңгакка таңгакталган тамеки продукциясын бириктирген, ташууда бузулуудан сактоо максатында тамеки продукциясын сактоо жана ташуу үчүн колдонулган жана өз алдынча транспорттук бирдикти түзгөн таңгак. Транспорттук таңгакка кичинекей өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорттук таңгактар камтылышы мүмкүн;
29) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары – тамеки продукциясын андан ары сатуу менен байланышпаган максаттарда сатып алган юридикалык жактар жана жеке ишкерлерди кошпогондо, тамеки продукциясын өндүрүүнү, тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүүнү, жүгүртүүнү жана (же) аны жүгүртүүдөн чыгарууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын салык резиденттери болуп саналган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
30) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык товарды алып өтүүдө салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү документ.
4. Ушул Методикалык эрежелердин колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) убактылуу сактоодо же бажы кампасында бажы жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына;
2) келген жериндеги бажы органынан чыккан жериндеги бажы органына чейин ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча чет өлкөлүк тамеки продукциясын ташуу (жеткирүү) үчүн бажы транзитинин бажы
жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына;
3) келген жериндеги бажы органынан ички бажы органына чейин ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча чет өлкөлүк товарларды ташуу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына;
4) ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгаруу максатында бажы жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына;
5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына ташып чыгаруу максатында өндүрүлгөн тамеки продукциясына (ЕАЭБдин алкагында тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү жөнүндө чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши кабыл алганга чейинки мезгилде же ЕАЭБдин эки же андан ашык мүчө мамлекеттери тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизгенге чейин);
6) тамеки продукциясын сактоодо жана ташууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ЕАЭБдин органдарынын актыларынын, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу жаатындагы ченемдик техникалык актыларынын талаптарына шайкештигин баалоо максатында сыноо үчүн арналган зарыл болгон сандагы үлгүлөрүнө;
7) эл аралык көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин уюштуруучулары жана катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатуу үчүн арналбаган тамеки продукциясына;
8) алымсыз соода дүкөндөрүндө сатылган тамеки продукциясына;
9) өндүрүүчүдө сакталган тамеки продукциясына;
10) алып коюлган, камакка алынган, конфискацияланган же башка ыкма менен мамлекеттин кирешесине айландырылган тамеки продукциясына жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарында каралган аткарылбаган милдеттенмелердин эсебине өндүрүп алуу колдонулган тамеки продукциясына, аларды ыйгарым укуктуу орган тарабынан сактоодо, ташууда жана сатууда, ошондой эле жок кылынууга тийиш болгон тамеки продукциясына, аларды сактоодо жана ташууда;
11) жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү жана жеке пайдалануу үчүн сатып алынган тамеки продукциясына;
12) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, эл аралык, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле алардын алдындагы мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн расмий пайдалануусу үчүн арналган тамеки продукциясына, аны сактоодо, ташууда жана пайдаланууда;
13) чекене сооданын алкагында сатып алынган жана сатып алуучулар тарабынан сатуучуларга кайтарылып берилген тамеки продукциясына, товарлардын кайтарылганын ырастаган документтер болгон шартта, Кыргыз Республикасынын ички соода жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды сактоодо жана ташууда;
14) ЕАЭБдин бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына;
15) ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына;
16) эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына;
17) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган тамеки продукциясына.
5. “Товарларды маркалоо” МТда оператор тарабынан тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынан мындай тамеки продукциясына идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөнү тууралуу маалымат алганы чагылдырылса, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоо киргизилгенге чейин техникалык оператор берген маркалоо коддорунан кайра түзүлгөн идентификациялоо каражаттары менен маркаланган тамеки продукциялары тиешелүү түрдө маркаланган деп таанылат.
2-глава
Идентификациялоо каражаттары менен тамеки продукциясын маркалоону жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары
6. Өндүрүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн тамеки продукциясын ушул Методикалык эрежелердин талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттары менен маркалоону жүзөгө ашырат.
Импорттоочу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жана ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден ташып киргизилүүчү (ташып киргизилген) тамеки продукциясын Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө киргизүү максатында маркалоону камсыз кылат.
3-глава. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларына карата талаптар
8. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары төмөнкүлөргө тийиштүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө же тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүүгө байланыштуу иштерди жүзөгө ашыруу зарылчылыгы пайда болгон күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде же тамеки продукциясын жүгүртүү жана (же) чекене сатуу учурунда “Товарларды маркалоо” МТда түз маалыматтарды берүү зарыл болгондо же “Товарларды маркалоо” МТ маалыматтарга жетүү үчүн тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучу өзүнүн каттоосун “Товарларды маркалоо” МТ жүргүзүүгө тийиш.
2) күчөтүлгөн квалификациялык электрондук кол тамгага (мындан ары – күчөтүлгөн электрондук кол тамга) ээ болууга;
3) күчөтүлгөн электрондук кол тамга менен электрондук документтерге кол коюуга жана түзүүгө, ошондой эле “Товарларды маркалоо” МТ менен, анын ичинде жеке кабинет аркылуу керектүү электрондук документтерди алмашууга жөндөмдүү аппараттык-программалык комплекске ээ болууга.
8. Тамеки продукциясын маркалоону жүзөгө ашыруучу өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар ушул Методикалык эрежелердин 7-пунктунда аталган талаптардан тышкары, буйрутма берүү жана маркалоо кодун алуу интерфейстерине жеткиликтүүлүккө, ошондой эле тамеки продукциясына идентификациялоо каражаттарын түшүрүүнү камсыз кылган жабдууларга (эгерде тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттары менен маркалоону жүгүртүүнүн катышуучусу өз алдынча жүзөгө ашырса) ээ болууга тийиш.
Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТ буйрутма интерфейстерине жана маркалоо коддорун алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу оператор тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
9. Чекене сооданы жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары ушул Методикалык эрежелердин
7-пунктунда аталган талаптардан тышкары, контролдук-кассалык машина менен коштолгон идентификациялоо каражаттарын сканерлөө жана таануу каражаттарына ээ болууга тийиш.
4-глава. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТ менен маалымат алмашуу тартиби
10. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТ менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү маалымат өткөрүп берүүнүн стандарттуу протоколдорун жана оператор тарабынан иштелип чыккан электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен электрондук документтер (кабарлама жана башка) менен алмашуу аркылуу жүргүзүлөт, алардын форматы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат жана оператордун Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырылат.
11. Төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, “Товарларды маркалоо” МТда тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулар тарабынан жиберилген электрондук документтерге тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун күчөтүлгөн электрондук кол тамгасы коюлушу керек:
1) тамеки продукциясын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан “Товарларды маркалоо” МТда буйрутма берүү жана маркалоо коддорун алуу интерфейстерин пайдалануу менен маркалоо коддорун алуу үчүн өтүнмөлөрдү, идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламаларды, идентификациялоо коддорун агрегаттоо жөнүндө маалыматтарды, жүгүртүүгө киргизилбеген маркалоо коддорун эсептен чыгаруу (жараксыз деп табуу) жөнүндө маалыматтар;
2) Кыргыз Республикасынын контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык маалыматтык тутумдар аркылуу фискалдык документтердин курамында электрондук формада берилүүчү, контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан маркаланган тамеки продукциясын сатуу жөнүндө маалыматтар;
3) бул товарларга менчик укугунун өтүшүн караган бүтүмдөрдүн алкагында (анын ичинде мурда берилген продукцияны кайтаруунун алкагында) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосунда тамеки продукциясын өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды, тамеки продукциясын ички алып өтүү жөнүндө маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык тутумдар аркылуу электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын курамында электрондук формада түзүлүүчү жана берилүүчү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары маркаланган тамеки продукциясын экспорттоо жөнүндө маалыматтарды өткөрүп берүү.
12. “Товарларды маркалоо” МТда тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусун каттоо, тамеки продукциясын каттоо, маркалоо коддоруна буйрутма берүү, тамеки продукциясына идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматтарды, тамеки продукциясын агрегаттоо жөнүндө маалыматтарды, тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берүү жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан катуу ырааттуулукта, хронологиялык тартипте жүзөгө ашырылат.
Жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан топтук же транспорттук таңгак жөнүндө маалыматты өткөрүп берүү “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматтары боюнча ошол топтук же транспорттук таңгакта камтылган керектөө жана/же топтук таңгактар жөнүндө маалыматты өткөрүп берүүгө барабар деп эсептелет.
13. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан ушул Методикалык эрежелердин талаптарына жооп берген “Товарларды маркалоо” МТга жиберилген бардык документтер жана маалыматтар “Товарларды маркалоо” МТда чагылдырылууга тийиш.
14. Оператор төмөнкү негиздердин бири болгон учурда документтерди (кабарламаларды) кабыл алуудан же тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары берген маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТга киргизүүдөн баш тартат:
1) берилген документтер белгиленген форматты бузуу менен даярдалса, туура эмес маалыматтарды камтыса же ушул Методикалык эрежелердин 8, 10–13-главаларында каралган милдеттүү маалыматтарды камтыбаса;
2) документке күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлбаса же тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан документке кол коюуга ыйгарым укугу жок адам кол койсо;
3) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестриндеги салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен текшерүүнүн жыйынтыгында алынган юридикалык жактын же жеке ишкердин ишин токтоткондугу жөнүндө маалыматтардын “Товарларды маркалоо” МТ тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын реестринде болушу;
4) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун “Товарларды маркалоо” МТда “Тамеки продукциясы” товардык тобуна кирүү мүмкүндүгүнүн жоктугу.
15. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу электрондук документтерди бергенден же “Товарларды маркалоо” МТга маалыматтарды киргизгенден кийин кабыл алынган документтерди (маалыматтарды) иштеп чыгуунун статусун “Товарларды маркалоо” МТда электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен суроо-талап боюнча же “Товарларды маркалоо” МТда жеке кабинети аркылуу ала алат.
16. Ушул Методикалык эрежелерде каралган, электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагаздардын курамында берилүүчү маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТга берүү милдети товар жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан ЭТТК МТда мындай электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды түзүү жана ырастоо жолу менен аткарылат.
Маалыматтарды берүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан таризделген электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды ЭТТК МТдан “Товарларды маркалоо” МТга өткөрүп берүү реалдуу убакыт режиминде жүзөгө ашырылат;
б) “Товарларды маркалоо” МТда маалыматтарды берүү боюнча тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун милдетин аткаруу датасы болуп электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды “Товарларды маркалоо” МТ алган дата эсептелет;
в) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарында камтылган маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми ыйгарым укуктуу салык органы тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын өзгөртүлбөшү жана операторго өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
17. Эгерде ушул Методикалык эрежелерде башкача белгиленбесе, оператор тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу берген документтерди жана маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТда жайгаштырууну мындай документтерди жана маалыматтарды алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде камсыз кылат.
18. “Товарларды маркалоо” МТга жөнөтүлгөн маалыматтардын толуктугу, аныктыгы жана өз убагында берилиши үчүн маалымат берген тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары жоопкерчилик тартат.
19. Тамеки продукциясынын жүгүртүлүшүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында оператор “Товарларды маркалоо” МТда төмөнкү маалыматтарды каттоо жана сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат:
1) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары жөнүндө;
2) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон тамеки продукциясы жөнүндө;
3) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын өтүнмөлөрү боюнча генерацияланган тамеки продукциясынын маркалоо коддору жөнүндө;
4) мындай товарлардын керектөөчүлөрү тарабынан аныкталган товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо талаптарынын бузулушу жөнүндө;
5) маркаланган тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана аны жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө.
20. Оператор “Товарларды маркалоо” МТнын алкагында төмөнкү реестрлерди жүргүзүүнү камсыз кылат:
– документтердин реестри;
– тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын реестри;
– тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын ыйгарым укуктуу жактарынын (колдонуучуларынын) реестри;
– тамеки продукциясынын реестри;
– маркалоо коддорунун реестри;
– керектөөчүлөр тарабынан аныкталган бузуулардын реестри.
5-глава. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларын “Товарларды маркалоо” МТда каттоо
21. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларын “Товарларды маркалоо” МТда каттоо жана аларга жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгүн берүү товар жүгүртүүнүн катышуучулары менен оператордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жана ушул Методикалык эрежелерге ылайык тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын “Товарларды маркалоо” МТда берген маалыматтарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
22. Оператор менен тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун ортосундагы келишимди тариздөө жана түзүү тартиби оператор тарабынан аныкталат жана оператордун Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырылат.
23. “Товарларды маркалоо” МТда каттоо үчүн тамеки продукциясын продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен юридикалык жакты уюштуруу документтеринин негизинде юридикалык жактын атынан иш алып барган жактын же жеке ишкердин күчөтүлгөн электрондук кол тамгасы коюлган “Товарларды маркалоо” МТда каттоо жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган арызды (мындан ары – катышуучуну каттоо жөнүндө арыз) толтурат:
1) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аталышы же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аты-жөнү;
2) “Тамеки продукциясы” товардык тобу;
3) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун тиби (өндүрүүчү, импорттоочу, дүң соода уюму, чекене соода уюму);
4) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
5) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун жайгашкан жери же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун жашаган жери;
6) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун байланыш адамынын
аты-жөнү, телефону жана электрондук почта дареги;
7) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жактын аты-жөнү жана электрондук почта дареги;
8) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун электрондук почта дареги;
9) “GS1 Kyrgyzstan” предметтик номерлөө ассоциациясына мүчөлүгүн ырастоочу сертификат (тамеки продукциясынын өндүрүүчүлөрү тарабынан берилет).
24. Каттоо үчүн арызды иштеп чыгуу жана текшерүү оператор тарабынан мындай арызды “Товарларды маркалоо” МТда каттаган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
25. Товар жүгүртүүнүн катышуучуларына төмөнкү учурларда “Товарларды маркалоо” МТда каттоодон баш тартылышы мүмкүн (ушул Методикалык эрежелердин 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары):
1) катышуучуну каттоо жөнүндө арызга кол койгон адамдын электрондук кол тамгасындагы товар жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык салык номери катышуучуну каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн товар жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык салык номерине дал келбесе;
2) арызга кол койгон адамдын аты-жөнү арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбесе;
3) арыз ээси буга чейин “Товарларды маркалоо” МТда катталган болсо;
4) арызда көрсөтүлгөн арыз ээсине карата Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринде маалыматтар жок болсо же дал келбесе.
5) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринен юридикалык жактын же жеке ишкердин ишинин токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган болсо.
“Товарларды маркалоо” МТда каттоодон баш тарткан учурда оператор ушул Методикалык эрежелердин 24-пунктунда каралган мөөнөттө арыз ээсине өзү көрсөткөн электрондук почта дареги боюнча тиешелүү кабарлама жөнөтөт.
26. Каттоо жөнүндө арызды текшерүүнүн жыйынтыгы оң болгон жана маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүү келишимине кол коюлган учурда оператор ушул Методикалык эрежелердин 24-пунктунда каралган мөөнөттө товар жүгүртүүнүн катышуучусуна “Товарларды маркалоо” МТга кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.
27. Эгерде товар жүгүртүүнүн катышуучулары “Товарларды маркалоо” МТда мурдатан катталган жана башка товар тобуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, анда “Тамеки продукциясы” товар тобуна кирүү үчүн товар жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТга төмөнкү маалыматтарды берет:
а) товар тобу (“Тамеки продукциясы”);
б) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун тиби (өндүрүүчү, импорттоочу, дүң соода уюму, чекене соода уюму).
Бул учурда оператор менен тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун ортосундагы келишим түзүүнүн зарылдыгы, ошондой эле аны түзүүнүн тартиби оператор тарабынан аныкталат жана оператордун Интернет тармагындагы расмий сайтында жайгаштырылат.
28. Юридикалык жактын уюштуруу документтеринин негизинде юридикалык жактын атынан иш алып барган жактын арызы боюнча, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан иш-аракеттерди аткарууга ыйгарым укуктуу жактар жана ушул жактардын ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгы тууралуу маалыматтар “Товарларды маркалоо” МТга киргизилиши мүмкүн.
Мындай арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
а) ыйгарым укуктуу жактын күчөтүлгөн электрондук кол тамгасынын сертификатынын ачык маалыматтары;
б) ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү;
в) ыйгарым укуктуу жактын “Товарларды маркалоо” МТда ролу;
г) ыйгарым укуктуу жактын электрондук почта дареги.
29. Эгерде ыйгарым укуктуу жак тиешелүү тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу үчүн ыйгарым укуктуу жактардын реестринде мурда катталган болсо, “Товарларды маркалоо” МАМСине ыйгарым укуктуу жак жөнүндө маалыматтарды киргизүүдөн баш тартылат (ушул Методикалык эрежелердин 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары).
30. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун ыйгарым укуктуу жагы (колдонуучу) күчөтүлгөн электрондук кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификатын колдонуу менен “Товарларды маркалоо” МТдагы жеке кабинетинде авторизацияланат.
6-глава. Тамеки продукциясын “Товарларды маркалоо” МТда каттоо
31. Тамеки продукциясын каттоо төмөнкү учурларда “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда жүргүзүлөт:
1) тамеки продукциясы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн учурда, өндүрүүчү тарабынан (контракттык өндүрүштүн алкагында тамеки продукциясын өндүрүүчүнүн буйрутмасы боюнча үчүнчү жактар тарабынан өндүрүлгөн тамеки продукциясын кошкондо);
2) тамеки продукциясы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлгөн учурда, импорттоочу тарабынан.
32. Тамеки продукциясын “Товарлардын маркалоо” МТда каттоо үчүн катышуучу жүгүртүүнүн катышуучусу катталуучу тамеки продукциясы төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) маалыматтардын арыз ээсинин (өндүрүүчүнүн, даярдоочунун же импорттоочунун) ИСНи жана аталышы;
2) маалыматтардын арыз ээсинин юридикалык дареги;
3) GCP (GS1 системасындагы уюмдун префикси) жана GS1 системасында катталган префикстин ээсинин юридикалык дареги;
4) тамеки продукциясынын өндүрүш аянтчасынын юридикалык дареги жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык өлкөнүн коду;
5) товардын коду (GTIN);
6) ЕАЭБ ТЭИ ТН 10 орундуу коду;
7) ПМСК 9 орундуу коду (3-версия);
8) GPC боюнча продукциянын коду (GS1 классификатору);
9) тамеки продукциясынын соода аталышы;
10) товардык белги (бар болсо);
11) керектөө таңгактарында продукциянын саны (даана);
12) тамеки продукциясынын таңгагынын түрү (керектөө таңгагы (товардын бирдиги), топтук таңгак);
13) тамеки буюмунун түрү;
14) чыпканын болушу (ооба, жок);
15) чыпкадагы капсулалардын болушу (саны);
16) тамеки буюмунун жыпар жыты;
17) жарактуулук мөөнөтү;
18) продукциянын курамы;
19) ментолдун жана жыпар жыт бергичтердин курамы;
20) ГМОнун болушу;
21) продукциянын сапатын ырастоочу документ жана анын маалымдаректери;
22) рыноктогу жүгүртүү белгиси;
23) таңгактын тиби, материалы жана салмак-габариттик мүнөздөмөлөрү;
24) топтук таңгактарындагы керектөө таңгактарынын саны (топтук таңгактар үчүн);
25) товардын сүрөтү.
33. Эгерде товардын коду “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогуна мурдатан катталган болсо, товар жүгүртүүнүн катышуучусуна “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогуна тамеки продукциясын каттоодон (ушул Методикалык эрежелердин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары) баш тартылат.
34. Тамеки продукциясын каттоо жөнүндө арызды текшерүүнүн жыйынтыгы оң болгон учурда, оператор мындай арыз берилген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен тамеки продукциясын “Товарларды маркалоо” МТны маркаланган товарлардын каталогунда каттоону жүзөгө ашырат.
7-глава
Тамеки продукциясын идентификациялоо каражатынын, анын ичинде маркалоо коддорунун, идентификациялоо коддорунун жана текшерүү коддорунун түзүмүнүн жана форматынын мүнөздөмөлөрү
35. Тамеки продукциясынын керектөө таңгагын маркалоо үчүн машина менен окууга жарактуу GS1 Data Matrix эки өлчөмдүү штрих-код түрүндө берилген маркалоо кодун камтыган идентификациялоо каражаты колдонулат жана ал 3 (үч) милдеттүү маалымат топторун камтыйт, анын ичинен алгачкы 2 (эки) тобу керектөө таңгактын идентификациялоо кодун түзөт, мында:
1) милдеттүү маалыматтардын биринчи тобу ушул Методикалык эрежелердин 6-главасына ылайык катышуучу тарабынан берилген маалыматтардын негизинде “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталган керектөө таңгагындагы товардын (GTIN) кодун камтыйт;
2) милдеттүү маалыматтардын экинчи тобу керектөө таңгагынын жеке сериялык номерин камтыйт, ал оператор же жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан генерациялануучу 7 символдон (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турат;
3) милдеттүүлөрдүн үчүнчү тобу оператор тарабынан берилген
8 символдон (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турган текшерүү кодун камтыйт.
36. Тамеки продукциясынын топтук таңгагын маркалоо үчүн машина менен окууга жарактуу GS1 Data Matrix эки өлчөмдүү штрих-код түрүндө берилген маркалоо кодунан турган идентификациялоо каражаты колдонулат жана ал 3 (үч) милдеттүү маалымат топторун камтыйт, анын ичинен алгачкы 2 (эки) тобу топтук таңгактын идентификациялоо кодун түзөт, мында:
1) милдеттүү маалыматтардын биринчи тобу AI = '01' колдонуу коду менен идентификацияланат жана ушул Методикалык эрежелердин
6-глава
сына ылайык катышуучу берген маалыматтардын негизинде “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталган топтук таңгактагы товардын кодун (GTIN) камтыйт;
2) милдеттүү маалыматтардын экинчи тобу AI = '21' колдонуу коду менен идентификацияланат жана оператор же жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан түзүлгөн 7 символдон (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турган жеке топтук таңгактын сериялык номерин камтыйт. Маалыматтардын бул тобу үчүн акыркы символ ASCII символдор таблицасында 29 кодуна ээ болгон бөлүүчү символ болуп саналат;
3) милдеттүү маалыматтардын үчүнчү тобу AI = '93' колдонуу коду менен идентификацияланат жана оператор тарабынан берилген 8 белгиден (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турган текшерүү кодун камтыйт.
37. Транспорттук таңгакты идентификациялоо коду тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучунун тандоосу боюнча GS1-128 эл аралык стандартына шайкеш келген бир өлчөмдүү штрих-коду же GS1 Data Matrix форматындагы эки өлчөмдүү штрих-код түрүндө берилет. Транспорттук таңгакты идентификациялоо кодунун курамы тамеки продукциясын транспорттук таңгакка бириктирген тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан аныкталат.
38. Эки өлчөмдүү штрих-код форматындагы идентификациялоо каражаттары төмөнкүдөй талаптарга жооп берет:
а) штрих-коду ISO/IEC 16022:2006 стандартына шайкеш келет;
б) керектөө жана топтук таңгак үчүн 0,255 миллиметрден кем эмес жана 0,615 миллиметрден ашпаган өлчөмдөгү модулду колдонуу сунушталат;
в) ISO/IEC 15415:2011, ISO 22742:2005 стандартына ылайык сапат классынын С же андан жогорку деңгээлинде түшүрүү;
г) идентификациялоо каражаттарын табуу ыктымалдыгы байкалбагыдай төмөн жана кандай болгон учурда да 10000 ичинен бирден аз болууга тийиш;
д) каталарды таануу жана оңдоо функциясы Data Matrix ECC200 барабар же андан жогору болушу керек.
39. Эки өлчөмдүү штрих-коддорун окуу үчүн жабдуулар ISO/IEC 15415:2011, ISO 22742:2005 стандартына ылайык түшүрүлгөн коддорду окууга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
40. “Товарларды маркалоо” МТ маркалоо кодун кайра түзүүгө (генерациялоого) жол бербейт.
41. “Товарларды маркалоо” МТда керектөө таңгагынын маркалоо кодунун, топтук таңгактын маркалоо кодунун жана транспорттук таңгактын идентификациялоо кодунун төмөнкүдөй статустары болушу мүмкүн:
а) керектөө таңгактын маркалоо коду, топтук таңгактын маркалоо коду үчүн:
“Эмиттелген” – идентификациялоо каражаттары менен тамеки продукциясын андан ары маркалоо максатында, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун маркалоо коддорун алууга өтүнмөсү боюнча оператор тарабынан маркалоо коду түзүлгөн статус;
“Түшүрүлгөн” – маркалоо коду идентификациялоо каражатына өзгөртүлгөн статус, ал тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан товарга же анын таңгагына түшүрүлөт, Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки продукциясы жүгүртүүгө киргизилбегендигин жана маркалоо кодун берүү боюнча оператордун кызматы тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан төлөнгөндүгүн ырастайт. Бул статуста “Төлөнгөн жок” деген белгинин болушу маркалоо кодун берүү боюнча кызматы тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан төлөнбөгөндүгүн билдирет. Бул белги бар болгон учурда маркалоо коддорун агрегаттоо, жүгүртүүгө киргизүү жана жүгүртүү мүмкүн эмес;
“Жүгүртүүдө” – маркаланган тамеки продукциясы жүгүртүүдө турган статус. Статус Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө кабарламаны же ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан же ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекеттин аймагынан маркаланган тамеки продукцияларын ташып киргизүү жөнүндө кабарламаны ийгиликтүү иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча ыйгарылат. Бул статуста “Кайтарылды” белгисинин болушу бул товар мурда жүгүртүүдөн чыгарылып, андан кийин контролдук-кассалык машинаны же экспорттолгон маркаланган товарды кайтаруу жөнүндө же маркаланган товарды экспорттоо тууралуу мурда катталган маалыматтарды оңдоо жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу менен тамеки продукциясын жүгүртүүгө кайтаруу жөнүндө маалыматтарды ийгиликтүү иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча кайрадан жүгүртүүгө киргизилгендигин билдирет;
“Жүгүртүүдөн чыгарылды” – контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен тамеки продукциясын сатуу жөнүндө маалыматтардын же чекене сатууга жатпаган негиздер боюнча тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтардын негизинде маркалоонун тиешелүү коду менен маркаланган тамеки продукциясы жүгүртүүдөн чыгарылган статус;
“Эсептен чыгарылды” – маркалоонун тиешелүү коду менен маркаланган тамеки продукциясы жүгүртүүгө киргизгенге чейин товарды жараксыз деп табуу жөнүндө маалыматтардын жана чекене сатууга жатпаган негиздер боюнча тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтардын негизинде жүгүртүүгө кайрадан киргизүү мүмкүнчүлүгүсүз эсептен чыгарылган статус;
б) транспорттук таңгактын идентификациялоо коду үчүн:
“Түшүрүлгөн” – тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу транспорттук таңгактын идентификациялоо коду менен таңгакка агрегаттоо жөнүндө маалыматтарды бергенден кийин автоматтык түрдө ыйгарылуучу статус;
“Жүгүртүүдө” – тамеки продукциясынын транспорттук таңгагын жүгүртүүгө киргизгенден кийин ыйгарылуучу статус;
“Жүгүртүүдөн чыгарылды” – чекене сатууга жатпаган негиздер боюнча тамеки продукциясынын бүтүндөй транспорттук таңгагын жүгүртүүдөн чыгарууда ыйгарылуучу статус;
“Агрегаттоодон чыгарылды” – транспорттук таңгактын курамын толугу менен бөлүштүрүү процессинде автоматтык түрдө ыйгарылуучу статус.
Маркалоо коддорунун “Жүгүртүүдө”, “Жүгүртүүдө, кайтарылды” жана транспорттук таңгактын идентификациялоо коддорунун “Жүгүртүүдө” статусуна ээ маркаланган тамеки продукциясын жүгүртүүгө жана сатууга жол берилет.
8-глава. Тамеки продукциясынын идентификациялоо каражаттарын түзүү тартиби
42. Ушул главада каралган процесстердин алкагында тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТ менен жеке кабинети же “Товарларды маркалоо” МТнын электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстери аркылуу документтерди жана маалыматтарды алмашат.
43. Тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттары менен маркалоону камсыз кылуу үчүн тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу операторго маркалоонун коддорун алууга өтүнмө (мындан ары – өтүнмө) жиберет.
44. Өтүнмө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) тамеки продукциясын жүгүртүүгө катышуучунун идентификациялык салык номери;
2) өндүрүштүн идентификатору (жайгашкан жеринин глобалдык номери);
3) өндүрүүчү өлкө;
4) өндүрүш линиясынын идентификатору;
5) продуктунун коду (SKU) жана продуктунун сүрөттөлүшү;
6) “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталган товардын коду (GTIN);
7) суралган маркалоо коддорунун саны;
8) маркалоо кодунун тиби (товар бирдиги, топтук таңгак);
9) сериялык номерлерди генерациялоо ыкмасы (өз алдынча, Оператор тарабынан);
10) товарларды жүгүртүүгө чыгаруу ыкмасы (Кыргызстанда өндүрүлгөн, Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып киргизилген, Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып киргизилген) (опционалдуу көрсөтүлөт);
11) товардын ар бир нускасынын жеке сериялык номери, эгерде ал тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан өз алдынча түзүлсө (сериялык номерлерди генерациялоо ыкмасы “өз алдынча” мааниге ээ).
45. Төмөнкү талаптардын бири бузулган учурда маркалоо коддорун түзүүдөн баш тартылат:
1) өтүнмө ушул Методикалык эрежелердин 44-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттүү маалыматтарды камтыбаса;
2) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТда катталбаса же “Тамеки продукциясы” товар тобуна кирүү мүмкүндүгү жок болсо;
3) идентификациялоо коду буга чейин “Товарларды маркалоо” МТда катталган болсо;
4) товардын коду “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунда катталбаса.
5) товардын коду тамеки продукциясына тиешелүү эмес болсо;
6) маркаланган товарлардын каталогундагы товардын кодун каттоодо көрсөтүлгөн тамеки продукциясынын таңгагынын түрү өтүнмөдөгү маркалоо кодунун тибине дал келбесе;
7) товардын коду арыз ээсине таандык эмес же арыз берүүчүнүн “Товарларды маркалоо” МТнын маркаланган товарлардын каталогунун маалыматтары боюнча товардын коду үчүн маркалоо коддоруна тапшырык берүүгө уруксаты жок болсо.
46. “Товарларды маркалоо” МТда өтүнмө катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде оператор “Товарларды маркалоо” МТнын каражаттарын пайдалануу менен өтүнмөдө көрсөтүлгөн маркалоо коддорунун санын түзөт (генерациялайт) жана маркалоо коддорунун реестринде маркалоонун тийиштүү коддорун каттайт.
47. Маркалоо коддору катталгандан кийин тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТда маркалоо коддорун алууга суроо-талап боюнча адистештирилген басып чыгаруучу түзүлүштөргө берүү үчүн жеке кабинети же “Товарларды маркалоо” МТ электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстери аркылуу машина менен окулуучу маркалоо коддорунун суралган санын алат.
Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу маркалоо коддорун алгандан кийин аларды идентификациялоо каражаттарына өзгөртөт жана идентификациялоо каражаттарын тамеки продукциясына (керектөөчү, топтук таңгактарга) түшүрүүнү камсыз кылат.
48. Маркалоо коддорун пайдалануу жөнүндө маалыматтарды каттоо үчүн тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламаны (кабарламаларды) түзөт жана “Товарларды маркалоо” МТга өткөрүп берет, анда тамеки продукциясына түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттарында камтылган маркалоо коддору, өндүрүштүк линиянын идентификатору жана идентификациялоо каражаттарын түшүрүү датасы жөнүндө маалыматтар камтылат.
Идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарлама “Эмиттелген” статусунда турган тамеки продукциясынын керектөөчү жана/же топтук таңгактарын маркалоо коддорун камтууга тийиш.
49. Төмөнкүлөр аныкталган учурда “Товарларды маркалоо” МТда идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматтарды каттоодон (документтерди кабыл алуудан же ушул Методикалык эрежелердин 14-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары) баш тартылат:
1) идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн маркалоо коддору “Товарларды маркалоо” МТда жок болсо;
2) идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн маркалоо коддору арыз ээсине таандык эмес жана (же) маркалоо коддорунун реестринде жол берилбеген статуска ээ болсо.
50. Маркалоо кодун берүү боюнча кызмат көрсөтүү тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан маркалоонун тиешелүү кодунан өзгөртүлгөн идентификациялоо каражаттарын тамеки продукциясына түшүрүү жөнүндө маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТга киргизгенге чейин төлөнөт.
51. Маркалоо кодун берүү боюнча кызмат көрсөтүү тамеки продукциясына идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламада камтылган маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТда ийгиликтүү иштеп чыгуунун жана идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн маркалоо коддорун төлөөнүн жыйынтыгы боюнча оператор тарабынан көрсөтүлдү деп таанылат. Мында маркалоо коддорунун реестринде маркалоо коддоруна “Түшүрүлдү” статусу ыйгарылат.
Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТда түшүрүү жөнүндө кабарлама берген маркалоо коддору үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда, маркалоо кодунун реестринде маркалоо коддоруна “Түшүрүлдү” статусу “Төлөнгөн жок” белгиси менен ыйгарылат. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө акы төлөөдө “Товарларды маркалоо” МТда “Төлөнгөн жок” белгиси менен “Түшүрүлдү” статусу бар маркалоо коддоруна төлөм жүргүзүлөт. Ийгиликтүү төлөөнүн натыйжалары боюнча маркалоо коддорунун реестриндеги маркалоо коддорунун статусу “Түшүрүлдү” болуп өзгөрөт.
9-глава. Тамеки продукцияларынын идентификациялоо каражаттарын түшүрүү тартиби
52. Идентификациялоо каражаттарын тамеки продукциясынын керектөө жана топтук таңгактарга түшүрүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
– Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки продукциясын өндүрүү учурунда – жүгүртүүгө киргизүүгө чейин тамеки продукциясын өндүрүү же сактоо жайларында;
– транс чек аралык сооданын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына тамеки продукциясын ташып киргизүү учурунда – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан иш жүзүндө өткөнгө чейин;
– ЕАЭБдин мүчөсү болбогон мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына тамеки продукциясын ташып киргизүү учурунда – товарды ички керектөө же кайра импорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна жайгаштырууга чейин.
53. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу идентификациялоо каражаттарын керектөө жана топтук таңгакка идентификациялоо каражаттарын таңгактан ажыратууга жол бербеген ыкма менен түшүрөт.
54. Керектөө жана топтук таңгакка түшүрүлгөн идентификациялоо каражаты тунук ороо пленкасында же башка сырткы ороо материалында басылбашы жана башка маалымат менен жабылбашы керек.
Идентификациялоо каражаттары Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык керектөө таңгагына түшүрүлгөн маалыматтын бүтүндүгү бузулбагыдай жайгаштырылышы керек.
55. Идентификациялоо каражаттарын таңгакка жайгаштырууга талаптар:
1) керектөө таңгакка идентификациялоо каражаты төмөнкү бурчуна же капталына түшүрүлөт;
2) эгерде техникалык жактан мүмкүн болсо, топтук таңгакка идентификациялоо каражаты каптал жагына же болбосо каалаган тарабына түшүрүлөт;
3) транспорттук таңгакка идентификациялоо каражаты алдыңкы бетине же каптал жагына түшүрүлөт.
10-глава. Жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан
тамеки продукциясын агрегаттоо жана таңгактарды ажыратуу жөнүндө маалыматтарды
“Товарларды маркалоо” МТга берүү тартиби
56. Тамеки продукциясын агрегаттоо тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча жүзөгө ашырылат.
57. Тамеки продукциясынын керектөө таңгактары топтук таңгакка агрегаттоодон кийин топтук таңгакты тамеки продукциясын жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу бул жөнүндө “Товарларды маркалоо” МТда төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) топтук таңгактын идентификациялоо коду;
2) топтук таңгактын сыйымдуулугу (топтук таңгакка салынышы мүмкүн болгон керектөө таңгактарынын максималдуу саны);
3) агрегаттоонун бирдигиндеги дааналардын иш жүзүндөгү саны;
4) агрегатталуучу керектөө таңгактын идентификациялоо коддорунун тизмеси;
5) өндүрүш линиясынын идентификатору.
58. Тамеки продукциясынын таңгактары транспорттук таңгакка агрегатталгандан кийин агрегатталуучу таңгакты тамеки продукциясын жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу бул жөнүндө “Товарларды маркалоо” МТда төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) транспорттук таңгактын идентификациялоо коду;
2) транспорттук таңгактын сыйымдуулугу (транспорттук таңгакка салынышы мүмкүн болгон керектөө/топтук таңгактардын максималдуу саны);
3) агрегаттоонун бирдигиндеги дааналардын иш жүзүндөгү санын;
4) агрегатталуучу таңгактын идентификациялоо коддорунун тизмеси;
5) өндүрүш линиясынын идентификатору.
Таңгактын төмөнкү түрлөрүн транспорттук таңгакка агрегаттоого жол берилет:
1) тамеки продукциясынын керектөө таңгактары;
2) тамеки продукциясынын топтук таңгактары;
3) тамеки продукциясынын транспорттук таңгактары.
59. Керектөө таңгактарын топтук таңгакка агрегаттоо жөнүндө маалымат агрегатталган таңгакты тамеки продукциясын жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин топтук таңгактарды транспорттук таңгакка агрегаттоо жөнүндө маалымат менен бир убакта берилиши мүмкүн.
60. Бир айдын ичинде өндүрүлгөн бардык тамеки продукциясы боюнча керектөө жана топтук таңгактарды агрегаттоонун орточо натыйжалуулугу 99 пайыздан төмөн болбоого тийиш. Мында топтук таңгактын ичинде агрегатталуучу 2ден көп эмес керектөө таңгагынын жана транспорттук таңгактын ичинде 2ден көп эмес топтук таңгактын идентификациялоо коду жөнүндө маалыматтардын жоктугуна жол берилет.
61. Ушул Методикалык эрежелердин 57 жана 58-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан “Товарларды маркалоо” МТда тамеки продукциясын бир таңгактан экинчи таңгакка кайра которулганда (кайра таңгактаганда) да берилет, мында:
– эгерде керектөө таңгактары бир топтук таңгактан башка топтук таңгакка которулса, мурунку топтук таңгак толугу менен ажыратылат, ал эми жаңы топтук таңгактын агрегатталган керектөө таңгактарынын идентификациялоо коддорунун тизмеси жаңыртылат;
– эгерде ажыратылган топтук таңгак “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматы боюнча башка топтук таңгактарды камтыган жогорку транспорттук таңгакка салынса, жогорку транспорттук таңгактын абалы өзгөрбөйт;
– эгерде ажыратылган топтук таңгак “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматы боюнча башка топтук таңгактарды камтыбаган жогорку транспорттук таңгакка салынса, мындай транспорттук таңгак үчүн ажыратуу катталат;
– эгерде транспорттук таңгактан керектөө же топтук таңгакты башкасына которуу жүргүзүлсө, ал эми мурунку транспорттук таңгакта башка агрегатталган керектөө же топтук таңгактар болсо, мурунку транспорттук таңгак ажыратылбайт, мурунку жана жаңы транспорттук таңгактардагы агрегатталган таңгактардын идентификациялоо коддорунун тизмеси жаңыртылат (которулуп жаткан коддор мурунку транспорттук таңгактан чыгарылат, ал эми жаңы транспорттук таңгакка кошулат);
– эгерде транспорттук таңгактан керектөө же топтук таңгакты башкасына которуу жүргүзүлүп, ал эми мурунку транспорттук таңгакта башка агрегатталган керектөө же топтук таңгактар жок болсо, мындай транспорттук таңгак үчүн ажыратуу катталат, ал эми жаңы транспорттук таңгак үчүн агрегатталган таңгактардын идентификациялоо коддорунун тизмесин өзгөртүү (жаңы идентификациялоо коддорун кошуу) катталат.
62. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары “Товарларды маркалоо” МТнын маалыматы боюнча топтук же транспорттук таңгактагы тамеки продукциясынын бөлүгүн жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү же жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТга берген учурда, “Товарларды маркалоо” МТда тамеки продукциясынын көрсөтүлгөн таңгактарын камтыган топтук же транспорттук таңгакты ажыратуу катталат. Эгерде алардын курамында башка топтук таңгактар же транспорттук таңгактар камтылса, жогорку деңгээлдеги транспорттук таңгактардын абалы өзгөрбөйт.
63. Транспорттук же топтук таңгакты ажыратууда идентификациялоо кодунун же маркалоо кодунун статусу тиешелүү түрдө “Агрегаттоодон чыгарылган” болуп өзгөрөт жана анда агрегаттоо учурунда көрсөтүлгөн төмөнкү деңгээлдеги башка таңгактар же товарлар (анын ичинде керектөө таңгактары) калбайт.
Эгерде транспорттук таңгакта башка транспорттук таңгактар же топтук таңгактар болсо, транспорттук таңгакты ажыратуу ажыратылуучу транспорттук таңгакта жайгашкан транспорттук же топтук таңгактардын ажыратылышына алып келбейт.
Ошондой эле, ажыратылуучу таңгак менен камтуунун бир деңгээлинде турган транспорттук же топтук таңгактар жана төмөнкү деңгээлдеги таңгактар, анын ичинде ажыратылуучу транспорттук таңгакка салынган, ошондой эле ажыратылуучу транспорттук же топтук таңгакка салынбаган жогорку деңгээлдеги транспорттук таңгактар ажыратылууга жатпайт.
11-глава. Жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан
тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТга берүү тартиби
64. Тамеки продукциясын өндүрүүчүлөр бул товарларды сатуу үчүн сунуш кылганга чейин, анын ичинде аларды сатуу жерине коюуга, алардын үлгүлөрүн көрсөтүүгө же сатуу жеринде алар жөнүндө маалыматтарды берүүгө чейин “Товарларды маркалоо” МТга тамеки продукциясынын жүгүртүүгө киргизилгендиги жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган кабарлама берет:
а) тамеки продукциясын өндүрүүчүнүн идентификациялык салык номери;
б) тамеки продукциясынын керектөө таңгактарын идентификациялоо коду же топтук таңгактарын идентификациялоо коду же транспорттук таңгактарын идентификациялоо коду;
в) идентификациялоо коддору көрсөтүлгөн товарлар жайгашкан аянтчанын дареги (облус/шаар, район/облустук баш ийүүдөгү шаар, айыл/кыштак, көчө/тар көчө, үйдүн/объекттин №).
65. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасына тамеки продукциясын ташып киргизүүнү жүзөгө ашырган тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тамеки продукциясы Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө ташып киргизилгенге чейин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарынан маркаланган тамеки продукциясын ташып киргизүү жөнүндө маалыматтарды (кабарламаны) “Товарларды маркалоо” МТга берүүнү камсыз кылат. “Товарларды маркалоо” МТда маалыматтар жок болгон учурда “Жыйынды пост” МТда товарларга коштомо кагазды кийинки тариздөө мүмкүн эмес.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан маркаланган тамеки продукциясын ташып киргизүү жөнүндө кабарламада төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
а) транс чек аралык сооданын алкагында тамеки продукциясын сатып алган тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык салык номери;
б) аймагынан тамеки продукциясы ташып киргизилип жаткан ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аталышы (ЕАЭБдин дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык);
в) жөнөтүүчү уюмдун аталышы;
г) жөнөтүүчү уюмдун идентификациялык салык номери (же жөнөтүү өлкөсүндөгү анын аналогу);
д) тамеки продукциясын ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасына ташып киргизүүнү ырастоочу товар коштоочу документтин маалым деректери (документтин түрү, номери, датасы);
е) тамеки продукциясын идентификациялоо коду (топтук же транспорттук таңгактын идентификациялоо коду);
ж) тамеки продукциясынын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин ырастоочу документ жөнүндө маалыматтар (шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо датасы жана анын каттоо номери);
з) идентификациялоо коддору көрсөтүлгөн товарлар жайгашкан аянтчанын дареги (облус/шаар, район/облустук баш ийүүдөгү шаар, айыл/кыштак, көчө/тар көчө, үйдүн/объекттин №).
66. Тамеки продукциясын ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасына ташып киргизүүнү жүзөгө ашырган импорттоочулар товарларды ички керектөө же кайра импорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна киргизгенге чейин тамеки продукциясын маркалоону камсыз кылат. Ички керектөө же кайра импорттоо үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык ал товарларды сатуу үчүн сунуштаганга чейин, анын ичинде аларды сатуу жерине коюуга, алардын үлгүлөрүн көрсөтүүгө же сатуу жеринде алар жөнүндө маалыматтарды берүүгө чейин импорттоочулар “Товарларды маркалоо” МТга ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттердин аймагынан тамеки продукциясын ташып киргизүү жөнүндө маалыматтарды (кабарламаны) беришет.
ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттердин аймагынан маркаланган тамеки продукциясын ташып киргизүү жөнүндө кабарламада төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
а) импорттоочунун идентификациялык салык номери;
б) тамеки продукциясын идентификациялоо коду (топтук таңгакты идентификациялоо коду же транспорттук таңгакты идентификациялоо коду);
в) бажылык тариздөө документинин маалым даректери (документтин түрү, катталган күнү, каттоо номери);
г) товар кайсы өлкөдөн ташып киргизилген (экспорттоочу өлкө);
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товардын шайкештигин тастыктоо жөнүндө талаптар болгон учурда тамеки продукциясынын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин ырастоочу документ (шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо датасы жана анын каттоо номери) жөнүндө маалыматтар;
е) товар өндүрүлгөн өлкө;
ж) товардын ЕАЭБ ТЭИ ТН 10 орундуу коду;
з) бажылык тариздөө документиндеги саптын номери (номерлери);
и) идентификациялоо коддору көрсөтүлгөн товарлар жайгашкан аянтчанын дареги (облус/шаар, район/облустук баш ийүүдөгү шаар, айыл/кыштак, көчө/тар көчө, үйдүн/объекттин №).
67. Өндүрүлгөн же ташып киргизилген маркаланган тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТда ийгиликтүү иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорунун реестринде маркалоонун тийиштүү коддоруна жана транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддоруна “Жүгүртүүдө” статусу ыйгарылат.
12-глава
Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки продукциясын жүгүртүүдө “Товарларды маркалоо” МТда маалыматтарды берүү тартиби
68. Тамеки продукциясын өткөрүп берүүдө тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосунда бул товарларга менчик укугунун өтүшүн караган бүтүмдөрдүн алкагында өткөрүп берүүчү тарап тамеки продукциясын жүктөп жөнөтүүгө (өткөрүп берүүгө) чейин ЭТТК МТда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жүктөп жөнөтүү жүзөгө ашырылуучу бүтүмдүн түрү (“Дүң сатуу”);
2) өткөрүп берилүүчү тамеки продукциясынын керектөө таңгактарындагы товар коддору (GTIN);
3) көрсөтүлгөн ар бир товардын коду боюнча керектөө таңгактарынын саны.
Бул учурда Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтому (мындан ары – КР МК № 220 токтому) менен аныкталат.
69. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу (кабыл алуучу тарап) тамеки продукциясын кабыл алган учурда электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча тамеки продукциясын кабыл алууну ЭТТК МТда КР МК № 220 токтомунда белгиленген мөөнөттө, бирок бул тамеки продукциясын үчүнчү жактарга өткөрүп берген күндөн кечиктирбей ырастайт. Мында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын статусу “Алгачкы (кабыл алынды)” болуп өзгөрөт.
70. Оператор ЭТТК МТдан “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу бар “Дүң сатуу” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алганда жана маалыматтарды ийгиликтүү иштеп чыкканда “Товарларды маркалоо” МТда тамеки продукциясын жүгүртүүнүн бир катышуучусу экинчи катышуучусуна өткөрүп берүү фактысын чагылдырат.
71. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан тамеки продукциясын бул товарларга менчик укугунун өтүшүн карабаган бир сактоочу жайдан башка жерге ички алып өтүүдө тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТК МТда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) “Ички алып өтүү” бүтүмүнүн түрү;
2) жөнөтүлгөн жердин дареги;
3) багытталган пункттун дареги;
4) алып өтүлүүчү тамеки продукциясынын керектөө таңгактарындагы товардын коддору (GTIN);
5) товардын ар бир көрсөтүлгөн коду боюнча алып өтүлүүчү тамеки продукциясынын керектөө таңгактарынын саны.
Бул учурда Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби КР МК № 220 токтому менен аныкталат.
72. ЭТТК МТдан “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу бар “Ички алып өтүү” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын алганда оператор “Товарларды маркалоо” МТда тамеки продукциясынын ички алып өтүү фактысын чагылдырат.
73. Эгерде тамеки продукциясын кабыл алгандан же ички алып өтүүдөн жана бул жөнүндө маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МТда бергенден кийин тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтар оңдоп-түзөтүүнү талап кыла тургандыгын белгилешсе, анда:
а) тамеки продукциясын жүктөп жөнөтүүнү (өткөрүп берүүнү) же ички алып өтүүнү жүзөгө ашырган тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу КР МК № 220 токтомуна ылайык ЭТТК МТда оңдоп-түзөөнүн себебин көрсөтүү менен (“Толук кайтаруу”, “Жарым-жартылай кайтаруу”) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды оңдоп-түзөтүүнү жүргүзөт;
б) тамеки продукциясын кабыл алууну жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу электрондук
товардык-транспорттук коштомо кагаздын оңдоп-түзөтүүлөрүн ырастайт (ушул Методикалык эрежелердин 69-пунктунда баяндалган тартипте);
в) оператор, ЭТТК МТдан “Оңдоп-түзөтүүчү (кабыл алынды)” статусу бар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алгандан жана ийгиликтүү иштеп чыккандан кийин, оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда камтылган маалыматтарды эске алуу менен тамеки продукциясын өткөрүп берүү (кабыл алуу) же ички алып өтүү фактысын “Товарларды маркалоо” МТда чагылдырат.
74. ЭТТК МТдан “Алгачкы (четке кагылды)”, “Оңдоп-түзөтүүчү (четке кагылды)”, “Чакыртып алынды”, “Жаңы”, “Жөнөтүлгөн” статустары бар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жөнүндө маалыматтар “Товарларды маркалоо” МТга өткөрүп берилбейт.
75. Тамеки продукциясын контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен сатууну жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө маалыматты электрондук формада ИСНАКка жөнөтөт.
76. Өзүндө орнотулган жана катталган контролдук-кассалык машина менен байланышкан контролдук-кассалык машиналарды, техникалык каражаттарды колдонуу менен тамеки продукциясын сатууну жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу сатылып жаткан тамеки продукциясынын таңгагына түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттарын сканерлейт жана тааныйт.
Тамеки продукциясын жүгүртүүгө катышуучу контролдук-кассалык машина аркылуу фискалдык документти ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен фискалдык документтин форматына ылайык түзөт.
Фискалдык маалыматтардын операторлору фискалдык документтерден алынган маалыматты ИСНАКка тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын атынан берет.
77. “Товарларды маркалоо” МТ менен ИСНАКтын ортосундагы маалымат алмашуу протоколуна ылайык ИСНАК маркаланган тамеки продукциясын сатуу же кайтарып берүү жөнүндө маалыматтарды камтыган ар бир фискалдык документ боюнча операторго төмөнкүлөрдү камтыган маалымат берүү күн сайын жүргүзүлөт:
а) идентификациялык салык номери;
б) салык төлөөчүнүн аталышы;
в) документтин түрү (кассалык чек);
г) фискалдык документтин катар номери;
д) фискалдык документ түзүлгөн датасы жана убактысы;
е) эсептешүү белгиси – киреше (сатып алуучудан акча алуу), кирешени кайтаруу (алынган акчаны сатып алуучуга кайтаруу);
ж) маркалоо коду (керектөө же топтук таңгактын);
з) ар бир тамеки продукциясынын бирдиги жөнүндө маалыматтар (арзандатууларды, үстөк бааны, жыйымдарды жана салыктарды эске алуу менен бирдиги үчүн товардын баасы, арзандатууларды, үстөк бааны, жыйымдарды жана салыктарды эске алуу менен товардын саны, товардын наркы);
и) контролдук-кассалык машинанын каттоо номери.
78. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге тамеки продукциясын сатууну жүзөгө ашыруучу же тамеки продукциясын экспорттоонун бажы жол-жобосуна жайгаштырган тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу ЭТТК МТда төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзөт:
1) “Экспорттоо” бүтүмүнүн түрү;
2) дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык өлкөнүн санариптик коду жана аталышы;
3) экспорттолуучу тамеки продукциясын идентификациялоо коддору (топтук таңгактарды идентификациялоо коддору, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддору).
Бул учурда Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби КР МК № 220 токтому менен аныкталат.
ЭТТК МТдан алынган жана “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу менен “Экспорт” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздагы маалыматтарды ийгиликтүү иштеп чыккан учурда оператор тамеки продукциясын экспорттоонун себеби боюнча жүгүртүүдөн чыгаруу фактысын “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде чагылдырат.
79. “Алгачкы (кабыл алынды)” статусу менен “Экспорт” бүтүмү түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз таризделгенден жана бул тууралуу маалыматтарды “Товарларды маркалоо” Мтга өткөрүп бергенден кийин тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтарды оңдоп-түзөө зарылчылыгын аныктаса, анда:
а) тамеки продукциясын экспортко жүктөп жөнөтүүнү жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу КР МК № 220 токтомуна ылайык ЭТТК МТда оңдоп-түзөтүү себебин (“Толук кайтаруу”, “Жарым-жартылай кайтаруу”) көрсөтүү менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды оңдоп-түзөтөт;
б) оператор “Оңдоп-түзөтүүчү (кабыл алынды)” статусу менен
оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алгандан жана ийгиликтүү иштеп чыккандан кийин “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде тамеки продукциясын маркалоо кодунун абалынын өзгөрүү окуясын чагылдырат.
б) оператор “Оңдоп-түзөтүүчү (кабыл алынды)” статусундагы
оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алгандан жана ийгиликтүү иштеп чыккандан кийин “Товарларды маркалоо” МТнын маркалоо коддорунун реестринде оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарына ылайык Тамеки продукциясын маркалоо коддорунун абалынын өзгөрүү окуясын чагылдырат.
Тамеки продукциясын экспорттоо жөнүндө маалыматтарды оңдоп-түзөө оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазда көрсөтүлгөн идентификациялоо коддору (топтук таңгактарды идентификациялоо коддору, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддору) алгачкы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды алган учурдан тартып өз абалын (б.а. өзүнүн, ээсинин статусун, аянтчанын дарегин өзгөртпөгөн) өзгөртпөгөн учурда гана аткарылат.
Эгерде алгачкы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды иштеп чыгуунун жыйынтыгында топтук жана/же транспорттук таңгактарды бөлүштүрүү катталса (ушул Методикалык эрежелердин 62-63-пунктарына ылайык), оңдоп-түзөтүлгөн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарын иштеп чыгууда мурда бөлүштүрүлгөн топтук жана/же транспорттук таңгактар калыбына келтирилбейт.
80. Чекене сатуу жана экспорт катары эсептелбеген негиздер боюнча тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгарууда ушул продукцияны жүгүртүүдөн чыгарууну жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу “Товарларды маркалоо” МТга тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө кабарлама берет, анда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
а) тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгарууну жүзөгө ашыруучу тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык салык номери;
б) тамеки продукциясынын жүгүртүүдөн чыгарылышынын себеби;
в) тамеки продукциясынын жүгүртүүдөн чыгарылышы жөнүндө алгачкы документтин аталышы, датасы жана номери;
г) товарларды (топтук, транспорттук таңгактарды) идентификациялоо коддору;
д) тамеки продукциялары жүгүртүүдөн чыгарылган аянтчанын дареги (облус/шаар, район/облустук баш ийүүдөгү шаар, айыл/кыштак, көчө/тар көчө, үйдүн/объекттин №).
81. Ушул Методикалык эрежелердин 80-пунктунда аталган маалыматтар тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан “Товарларды маркалоо” МТга жүгүртүүгө киргизилбеген маркаланган тамеки продукциясын эсептен чыгаруу (жараксыз деп табуу) учурларында да берилет.
13-глава. “Товарларды маркалоо” МТда камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
82. Ушул Методикалык эрежелердин 5, 6, 10, 11 жана 12-главаларында каралган маалыматтар өзгөргөн учурда, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу алар өзгөргөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде операторго бул маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлама жөнөтөт.
83. Маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө кабарлама жөнөткөн тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун ишине аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү, анын жүгүртүлүшү жана жүгүртүүдөн чыгарылышы жөнүндө мурда “Товарларды маркалоо” МТга берилген маалыматтарга байланыштуу өзгөртүүлөрдү “Товарларды маркалоо” МТга киргизүүгө жол берилбейт.
14-глава. “Товарларды маркалоо” МАМСинде жайгаштырылган маалыматка жетүү
87. Оператор эркин пайдалануу жана коомдук контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү кылуучу акысыз “Текшер” мобилдик тиркемесин иштеп чыгууну жана Интернет тармагында жайгаштырууну камсыз кылат:
1) керектөө жана топтук таңгактарынын идентификациялоо каражаттарын окуу;
2) идентификациялоо каражатында камтылган маалыматты “Товарларды маркалоо” МТга өткөрүп берүү;
3) “Товарларды маркалоо” МТдан текшерилип жаткан тамеки продукциясы тууралуу маалымат алуу жана электрондук түзүлүштүн экранында көрсөтүү, анда кеминде төмөнкүлөр камтылат:
а) товар бирдигинин идентификациялоо коду;
б) “Товарларды маркалоо” МТда идентификациялоо кодун текшерүүнүн жыйынтыгы;
в) товардын аталышы;
г) товар өндүрүүчү жөнүндө маалымат (юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү);
д) товардык белги (бар болсо);
е) чыккан өлкө;
ж) товардын фотографиялык сүрөтү;
4) мобилдик тиркемени пайдалануучу тарабынан “Товарларды маркалоо” МТга маркалоо тартибинин мүмкүн болгон бузуулары же маркаланган товарларды жүгүртүү жөнүндө маалыматтарды жөнөтүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министр Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2022 · № 570
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2019 · № 554 · Күчүн жоготкон