Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын III - сессиясынын «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын III - сессиясы 2024-жылдын 06-майындагы № 14
Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №25 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын өркүндөтүү жана ыкчам ишке ашыруу максатында,”Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк,асыл тукум чарбаларына,айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьектерине берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругун,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII- чакырылышындыгы III-сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде,Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №120 буйругунун 9-пунктунда көрсөтүлгөн формуланын негизинде мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмү бекитилсин.
2.Липенка айылы боюнча сугат жерлеринин жер салыгынын ставкасы 78 сомдон,30 коэфиценти менен сугатка кыйын кумдак, ак топурак болгонуна байланыштуу жерлер 20 коэфценти менен Ырдык айылы боюнча ижара акысы кыйын сугат жерлерге жер салыгынын ставкасы 317,2 сомдон,20 коэфценти менен, суугаруунун жоктугу 317,2 сомдон,10 коэфценти менен,кайрак жерлерге жер салыгынын ставкасы 78 сомдон,30 коэфиценти менен каралсын
Липенка айылы боюнча сугат жерлерге : 1 га сугат жерге- 78х30=2340 сом 1 га сугатка кыйын жерлерге 78х20=1560сом Ырдык айылы боюнча сугат жерлерге : 1 га кыйын сугат жерлерге 317,2*20=6344 сом 1 га суугаруунун жоктугу 317,2*10=3172 сом 1 га кайрак жерлерге 78*30=2340 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго тапшырылсын
Төрага Б. Ургаипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2021 · № 309
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон