Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Фрунзе айылдык кеңешинин «Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө» токтому
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакыруунун 24-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17
Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысы төмөндөгүгө ылайык бекилсин:
· Сугат жердин 1 (бир) га – 14049 (он төрт миң кырк тогуз) сом;
· Кайрак жердин 1 (бир) га – 2196 (эки миң бир жүз токсон алты) сом;
· Көп жылдык бак дарактар ээлеген жерлердин 1 (бир) га – 7140 (жети миң бир жүз кырк) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага
Ш.Ш. Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.