Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXсессиясы 2023-жылдын 2-октябры № 67 Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде жалпысынан штаттык бирдикте бекитилген 25 кызмат ордунда бүгүнкү күндө 21 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен сапаттуу курамы 14 кызматкерди түзөт. Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаменти ишмердүүлүгүн шаардын аймагындагы айыл чарба жерлерин башкарууда КР жер кодексинин, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июлундагы №306 токтомунун “Асылдуулугу төмөн айыл-чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун, 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө”токтомунун, КР МК 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун ал эми шаардын ичиндеги муниципалдык жерлерди КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунуннегизинде бекилген типтүү жобонун негизинде иш алып барат. Баткен шаарынын жалпы аянты 42 765,2 га түзөт. Түндүк тарабы Кара -Бак, түштүк тарабы Кара-Булак, чыгыш тарабы Дара ал эми батыш тарабы Ак-Сай айыл өкмөттөрү менен чектешет. Анын ичинен: Шаар аймагындагы жерлер – 14923 га Рават жайлоосу – 14673 га Дөгмөн жайлоосу – 12726,9 га Кык жайлоосу – 410,7 га Ат -Жолу насостук стансиясынын алдындагы жер – 31,6 га Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган муниципалдык мүлктөр: Имараттар 69 801 700 сом Курулмалар 82 335 800 сом Машина жана жабдуулар 34 668 687 сом Контордук жабдуулар 1 255 400 сом Эмерек жана буюмдар 4 541 900 сом Транспорттук каражаттар 45 597 900 сом Жалпысы 219 036 900 сом 2021-жыл жыл ичинде Айыл Банк аркылуу лизинг менен алынган техникалар. Водовоз Sinotruk Howo 3 291 226 сом Автовышка Sinotruk Howo 3 426 721 сом Мусоровоз Sinotruk Howo (3 даана 2977351сомдон) 8 932 053 сом Жалпысы 15 650 000 сом 2022-жылы Жаратылышты коргоо фондунун жана Айыл Банк аркылуу лизинг менен алынган техникалар. Мусоровоз 1 даана 3 470 876 сом Автобус (6 даана 3194081 сомдон) 19 164 487 сом Жалпысы 22 455 713 сом 2016-жылдын 16-декабрында КР ФМ жана Баткен шаарынын мэриясы менен түзүлгөн 19-05/69 сандуу келишимдин негизинде Баткен шаарынын таза суу линиясын реконструксиялоо максатында алынган ЕБРР тарабынан 1,5 миллион ЕВРО кредит алынган. 2022-жыл ичинде 13188900 сом болсо, жалпысынан50 533 368 сом акча каражаты которулуп берилди. (Кредиттин төлөө мөөнөтү 2018-жылдан тартып 2030-жылдын 14-майына чейин жылына 120 000 евродон төлөнөт). Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган социалдык обьектилер боюнча. Баткен шаарында бүгүнкү күндө 7 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 6 бала бакча, 5 ФАП, 3 эс алуу багы, 1 борбордук стадион,коргоого алынган Кызыл- Жол кварталындагы “Саймалуу таш” жана “Токтогул Олуя” маданий тарыхый жайы, шаар аймагында Улуу ата мекендик согуштун, ЧАЭСнын, Авган согушунун,Баткен кооогалаңынын, Кыргыз Тажик куралдуу салгылашуусунда курман болгон баатырлардын айкели жана коомдук ишмерлерге арналган 5 даана айкелдери бар. Социалдык обьектилер жөнүндө маалымат.
Обьектилердин аталышы
Муниципалдык менчикке обьектилерди кабыл алуу жөнүндө ЖӨБӨнын документтинин № жана күнү
Обьектинин 01.03.2018-жылга карата калдык наркы (мин.сом.)
Обьектинин жана көмөкчү курамалардын аянты (кв.м.)
Обектилердин мамлекеттик каттоо актысынын № жана күнү
1
Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп
Токтом №3-12 19.03.2009ж
456300
18100кв.м
Серия Б №009650
2
В.И.Ленин атындагы орто мектеп
Токтом №3-12 19.03.2009ж
539200
24200кв.м
Серия Б №009653
3
С.Айтматов атындагы орто мектеп
Токтом №3-12 19.03.2009ж
136700
37200кв.м
4
Булак-Башы Баткен башталгыч мектеп
Токтом №3-12 19.03.2009ж
87700
15000кв.м
Серия Б №009651
5
Кызыл-Жол Баткен башталгыч мектеп
Токтом №3-12 19.03.2009ж
85200
11500кв.м
Серия Б №009763
6
С.Огата атындагы орто мектеп
Токтом №3-12 19.03.2009ж
92400
12200кв.м
Серия Б №009654
6
Өрүкзар балдар бакчасы
Токтом №3-12 19.03.2009ж
56200
4800кв.м
Серия Б №009655
7
Кызыл-Жол орто мектеби
Токтом №3-12 19.03.2009ж
160500
5000кв.м
Серия Б №021077
8
Айтпай Имаров Кызыл-Топу атындагы орто мектеп
Токтом №03-24/73 27.04.2017ж
15607.15кв.м
Серия Б №025837
9
№4 Баткен шаардык гимназия мектеби
Токтом №2-1/54 09.02.2011ж
15000кв.м
Серия Б №009681
10
Көркөм сүрөт мектеби
11
Булганыч сууларды тазалоочу жай
12
Борбордук стадион
Токтом №2-1/286 24.12.2009ж
37075400
28735кв.м
Серия Б №009673
13
Кызыл-Жол балдар бакчасы
Токтом №3-12 19.03.2009ж
118000
50000кв.м
Серия Б №007900
Баткен шаарынын мэриясынын №3 имараты
14
Эс алуу багы
Токтом №03-24/201 10.09.2013
10004кв.м
Серия Б №016586
15
Эс алуу багы
Токтом №03-24/191
1600кв.м
Серия Б № 021107
16
Манас эс алуу багы
27000 кв.м
17
Кызыл-Жол ФАП
Токтом №2-1/211 05.10.2009ж
3500кв.м
Серия Б №009671
18
Булак-Башы ФАП
19
Ассафа ФАП
20
Базар-Башы ФАП
21
№4 Баткен шаарындагы гимназия-мектеби
22
Мончо ПРООНдун колдоосу менен
23
ФАП (Токтогул олуя)
600 м2
24
ФАП (Булак-Башы)
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансында турган социалдык обьектилерге калтырылган жер аянттары: Кызыл-Дөн кварталында
1.Тамаша Жай мектеп курууга -1,036га жер аянты бөлүнгөн, балдар бакчасын курууга токтом чыккан жер тилкеси аренда же башка багытта пайдаланууга берилген эмес. Мамлекеттик акт даярдалууда.
Базар- Башы кварталында Паран участкасында мектеп курууга- 0,97га жер аянты бөлүнгөн,анын ичинен ФАП курууга-600м2 жер тилкеси арендага берилген эмес мамлекеттик акт алынган Кызыл Жол кварталында Мектеп курууга- 1.3га жер аянты бөлүнгөн аренда же башка багытта пайдаланууга берилген эмес мамл акт даярдалууда. Гидрометеостанция- 1,0га жер аянтыбөлүнгөн аба ырайынын маалыматын алуу үчүн атайын жабдык тетиктери келген жердин айланасын тосмо менен тосуу үчүн долбоор иштери жүргүзүлүп жатат мамлекеттик акт бар. Кут билим- 1,35га жер аянты бөлүнгөн долбоор иштеринин иш кагаздары жүргүзүлүүдө мамлекеттик акт бар. Дүкөн мончо аптека- 0,20га жер аянты бөлүнгөн учурда арендага берилген
Чет Булак кварталында БатМУ- .5,0га жер аянтыбөлүнгөн учурда долбоор негизинде курулуш иштери жүргүзүлүүдө мамлекеттик акт бар.
2. ЖКК -0,56га жер аянты бөлүнгөн азыркы учурда өз багытында Пайдаланууда мамлекеттик акт бар.
3.УКМКна -0,50га жер аянты админстративдик имарат курууга бөлүнгөн мамлекеттик акт бар.
4. Өсүмдүктөрдү коргоо станциясы- 0,10га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган.
6 Улуттук банк- 0,50га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган.
7. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө турак жай курууга 3,24га жер аянты бөлүнгөн мамлекетти акт алынган.
8. Медициналык акамедия курууга- 1,12га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган.
9.Лаборатория- 0,12га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган.
10.Райондор аралык сот администр- 2376м2 жер аянты бөлүнгөнжер тилкеси бош мамлекеттик акт бар.
11. МИДге - 2000м2 жер аянты бөлүнгөн.
12. Муниипалдык мал базарынкурууга 15000м2 жер аянты бөлүнүп
курулуш иштери жүрүп жатат.
13. Ипподром курууга- 130826м2 жер аянты бөлүнгөн мамлекеттик акт алынган.
14. Президенттин иш башкармалыгына – кызматтык турак үйлөрдү курууга 0,80 га бөлүнгөн мамлекеттик акт алынган.
15. Таштанды таштоочу жайга – 25 га жер аянты бөлүнгөн мамлекеттик акт алынган.
16. Социлдык обьектиге 21 га – жер аянтыбөлүнгөн, трансформация иштери жүрүүдө.
Айгул Таш жаңы конушунда (подстанция) Мектеп курууга- 2,6га жер аянты баш план негизинде бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт алынган Балдар бакчасын курууга-0,30га жер аянты баш план негизинде бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт жок.
Келечек кварталында МСО участкасына балдар бакчасын курууга - 0,50га жер аянты бөлүнгөн жер тилкеси бош мамлекеттик акт жоктоктом негизинде. Телевидения -0,25га жер аянты бөлүнгөн курулуш иштери бүтүп ишмердүүлүк жүрүп жатат мамлекеттик акт алынган. Мектеп курууга -0,80га жер аянты бөлүнгөнжер тилкеси бош мамлекеттик акт Кадастрга иштөөгө берилген токтом негизинде. Жаштар үйү -0,10га жер аянты бөлүнгөн имарат пайдаланууга берилген. Автовокзал курууга- 1,0 га жер аянты бөлүнгөн, жер трансформациялоодон кийин мамлекеттик акт алынат. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында Ассафа коомдук бирикмеси тарабынан аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө 3,24га жер аянтына 109 квартиралуу 25 турак үй, 1- бала бакча, 1- Фап, 1- мечит, 1- спорт аянтча, 1-кийим тигүүчү цех, 1 нан чыгаруучу цех курулуп бүгүнкү күндө элге кызмат кылууда.
Кызыл-Жол кварталынын Төрт-гүл суу сактагычынын айланасынан 225,0 га Айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтын көп жылдык бактар түрүнө которулуп элдерге ижарага бадам көчөттөрүн отургузуу боюнча бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күндө анын ичинен 35,0га жер тилкесине бадам көчөттөрү отургузулду. Баткен шаарында турак жай алуу үчүн бүгунку күндө 5562 шаар тургундары кезекте турат ушул көйгөйдү чечүү максатында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын БАМ конушунан 158,0 га Чет-Булак кварталынын Тулку-Таш конушунан 41,6 га Айыл чарба багытындагы жайыт жер тилкесин калктуу конуштар багытына
которуу иштери жүргүзүлүп КР. Айыл Чарба министирлиги министлигинин короосунда турат. Ал эми социалдык маселерди чечүү үчүн Чет-Булак кварталындагы курук сайдын күн чыгыш тарабынан 21,0 га жер аянтын которуу иштери жүрүп жатат. Чет-Булак кварталынын күн чыгыш тарабынан шаардын тазалыгын камсыздоо максатында 25,0га жер тилкесине таштанды таштоочу полигонго токтом чыгарылып жер тилкеси бөлүнүп берилди. Баткен шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 109 жерлердин өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын жетекчиликке алып Баткен шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө кеңейтүү иштери жүргүзүлдү:
А.Жайнаков 500 метр 22 мыйзамсыз курулуштар
Тамаша Жай кон. К Орозов 1000 метр 26 мыйзамсыз курулуштар Мийзам Ажи 860 метр 53 мыйзамсыз курулуштар
А.Имаров 1380 метр 50 мыйзамсыз курулуштар
И.Ташкожоев 1365 метр 12 мыйзамсыз курулуштар
Н.Боркошов 800 метр 40 мыйзамсыз курулуштар
бузулуп муниципалдык жерлер өз калыбына келтирилди жана
К.Турмаматов көчөсүндө 1200 метр 10 мыйзамсыз курулуштарга эскертүү берилди.
Баткен шаарында өнүктүрүү фондунан, республикалык бюджеттен жана ар кандай фонддор аркылуу каржылоого алынып төмөнкү жумуштар аткарылды: Чет Булак кварталындагы муниципалдык базарды курууга, муниципалдык автобекет, аэропорт конушуна сугат суу каналын жана Баткен шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштарына: АРИС уюму тарабынан аткарылуучу Жаштык жана Жеңиш парктарына, Кызыл-Жол кварталындагы Ак Өрүк конушундагы 375 орундуу орто мектебине, Ж.Бөкөнбаев орто мектебине 225 орундуу кошумча класстар үчүн имарат, Аэропортконушуна 275 орундуу мектептин, Ак-Таш конушундагы Бала Бакчага, Чет Булак кварталындагы 11 км жолго асфальт төшөө жумуштарына жана Кызыл Жол кварталындагы Кара Тоо конушуна скважина жана суу кампасына: Чет Булак кварталында 11 км аралыкка таза түтүкчөлөрүн жаткыруу боюнча түзүлгөн 3 тараптуу 11 801 565 сомдук келишимге ДМС тарабынан архитектуралык иш кагаздар (бүтүм, АГЗ жана ПСД) жасалып берилди. Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында төмөнкү иш чаралар аткарылды.Аткарылган иш-чаралар Баткен шаардык Кеңештин сессиясында бекитилип берилген. Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо үчүн жалпысынан 12 000 000сом каралды. ЕББР тарабынан каржыланган Баткен шаарынын таза суу долбоорунун кредиттик төлөмдөрүн төлөөүчүн 13 188 900сом төлөндү.
Ал эми Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти Баткен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда, кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин жана калктуу конуштардагы айыл-чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага берүүдө төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды.
Мамлекттик фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндөгү Маалымат Баткен шаарынын К.Б.Ф нун жерлеринин жалпы аянты-469,0га Анын ичинен суугат айдоо жери-268,0га Кайрак- -77,0га Көп жылдык бак -124,0га анын ичинен мөмөлүү бак - 101,0 га ар түрдүү бак - 23,0 га
ИЖАРАГА БЕРИЛБЕЙ КАЛГАН ЖЕРЛЕР .АНЫН ИЧИНЕН 268,0га суугат айдоо жерден калган- 64,8га жери ижарага берилбегенинсебеби: Аэропорт учаскасында - 54га жерге суудун жоктугунан жана аэропортун корго зонасына кирип калгандыктан Эл Аралык Манас аэропортунан келген каттын негизинде ижарага берилбей турат. Булак-Башы кварталынын -6,5га айдо жер туздуу шоор жер шор басып эгин эгүүгө жараксыз абалда. Андан тышкары Базар-Башы кварталындагы -2,8га Манас паркынын жана Булак-Башы кварталындагы- 1,5га мектептин орду 4,3га Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинде тургандыктан бул жерлерди тез аранын ичинде трансформациялап сугат айдоо жеринин балансынан чыгарууну сунуштайт..
2.77,0га кайрак жердин 43.0га жер ижарага берилбегенин себеби:
Климаттык шарттарга байланыштуу эгин эккенге болбой жатат.
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 2023-жылга түшө турган каражат 1 320000 сом анын ичинен Суугат айдоо жерлерден 626 276 сом Көп жылдык бактардан 683524 сом Кайрак 10200 сом Жалпы ижарага берилбей калган жерлер 67,01га 2023-жылдын 9 айлыгына карата түшкөн сумма 681 000 сом Суугат айдоо 310 000 сом Көпжылдык бак 371 000 сом Кайрак 0 сом 2023-жылдын шаар ичиндеги ижарага берилген Муниципалдык жерлер боюнча: Баткен шаарында И.Раззаков, С.Сыдыков М.Салихов М.Нургазиев көчөлөрүндөгү тез тамактануучу жайлар (Минутка)-528,5м2, Бир жылдык ижара төлөмү 181127,5сом Баткен шаарындагы С.Сыдыков Т.Садыков И.Жусупов И.Раззаков М.Салихов көчөлөрдөгү салон аттракцион унаа жучу жай жана футбол аянты жана Манас комплекси -28440м2, Баткен шаарындагы Сайдиман ажы, Ходжаев, М.Салихов, Султанмурат мин башы көчөлөрдөгү, тепкич, аялдама дүкөн, мончо, антенна, стоянка -560м2
С.Сыдыков, И.Раззаков, М.Нургазиев, Т.Садыков И.Жусупов, Сайдиман ажы көчөсүндөгү жарнамалык щиттер 35,14м2
И.Раззаков, Т.Садыков, И.Жусупов, К.Сабыров, Ходжаев, Ч.Айтматов, Курманжан датка, С.Сыдыков, Коммунистическая, Жибек-Жолу көчөлөрүндөгү дүкөндөр 2418,45м2
И.Раззаков, Султан Мин. Башы, М.Салихов көчөлөрүндөгү даарыканалар155м2
И.Раззаков, М.Салихов, Т.Садыков, С.Сыдыков көчөлөрүндөгү навесттер978м2
Баткен шаарындагы ижарага берилген Муниципалдык жерлер жалпысы 43735м2 жер аянты
Ал эми Баткен шаарынын долбооруна байланыштуу И.Раззаков көчөсүндөгү Жаштык паркынын ичиндеги ижарачылардын Баткен шаарынындагы Муниципалдык жана промзона жерлерди жеке менчике сатуу боюнча Промзона:Чет-Булак кварталындагы өндүрүштүккө бөлүнгөн 172,9га жер аянтынын анын ичинен 10,61га аукцион аркылуу сатылган. Өндүрүштүккө бөлүнгөн жердин 10,8га жер аянты 5 жаран аукцион аркылуу жеңүүчү болуп 9 817490 сомго сатып алган, анын ичинен аукцион 11 250 500 сом женип алгандар. Баткен шаарынын мэриясынын Муниципалдык шаар ичиндеги ижара төлөмдөрү боюнча 2023-жылдын 9 айлыгынын кирешеси 2 500 000 сом план коюлган ижарага берилген план боюнча 87,4% аткарылган 1876907 сом түшүрүлгөн Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2023-жыл ичинде бекитилген пландарына ылайык иш-аракеттерин жоопкерчилик менен толуктап жасоо жагы эскертилсин.
-жыл жыйынтыгы менен аткарылган иштерине кошумча маалымат беруу жагы тапшырылсын
2.Шаар аймагындагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү толугу менен инвентаризациялоодон өткөрүп, жылдын жыйынтыгы менен маалымат берүү жагы ММД тапшырылсын
-шаардын борбордук стадионундагы спорт залды ижаралык ыкма менен берүү жагы шаар мэриясына сунушталсын
3.Токтом шаар калкына шаардын расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2021 · № 309
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо…Постановление · 22.06.2007 · № 243