178-статья. Атайын бажы режимдери
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 26-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 января 2013 года № 1
Атайын бажы режимдери бажы чегарасы аркылуу өткөрүлгөн төмөнкү товарларга карата белгиленет:
1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары ташылып кеткен жана элчиликтердин, консулдуктардын, эларалык уюмдарга караштуу өкүлчүлүктөрдүн жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн иштешин камсыз кылууга арналган товарлар;
2) аба жана темир жол транспорттук каражаттарында ал транспорттук каражаттардын кадимкидей иштешин жана техникалык жактан тейленишин камсыз кылууга, алардын экипажынын жана жүргүнчүлөрүнүн жашоо турмушун камсыз кылууга, ал эми аба кемелеринде - жүргүнчүлөргө сатуу үчүн арналган борттогу запастар;
3) бажы чегарасы аркылуу өткөрүлгөн жана бөөдө кырсыктарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга арналган товарлар, анын ичинде өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жана чеккен жактарга акысыз таратууга, же ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүүгө арналган товарлар, кыйроо-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу жана кыйроо-куткаруу түзүлүштөрүнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн арналган товарлар;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте гуманитардык жардам, гранттар катары берилген товарлар;
5) жаңылыш алынып келинген жана адепки экспорттоочуга кайтарылуучу товарлар;
6) сейсмикалык кырдаалды ченеп-өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдуулары;
7) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан объектеринин ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чектеринен тышкары чыгарылуучу материалдык-техникалык камсыз кылуу предметтери жана шаймандар, отун жана азык-түлүктөр.
8) нумизматикалык максаттарга пайдалануудан тышкары акциздик маркалар жана валюта;
9) баалуу кагаздар (мыйзам менен же аны менен белгиленген тартипте баалуу кагаздардын катарына киргизилген облигация, вексель, чек, банктык сертификат, көрсөтүүчүгө банктык аманат китепчеси, коносамент, акция жана башка документтер).
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү жана алынып кетилүүчү Кыргыз Республикасынын валюталары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү жабдуулар жана товарлар: акча жабдуулары (банкнот жана монета санагычтар жана алардын тетиктери, банкнотторду жана монеталарды иргегичтер жана алардын тетиктери, банкнотторду вакуумдук жана бандеролдук таңгактагычтар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, банкнотторду жок кылуучу системалар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, валюта детекторлору, касса арабачалары жана башкалар); компьютердик жабдуулар жана алардын чыгымдалуучу материалдары; дизельгенераторлор, үзгүлтүксүз ток берүү булактары жана алардын алмаштырылуучу тетиктери; төлөө системасынын иштөөсү үчүн жабдуулар (банкоматтар, терминалдар, инфокүркөлөр жана башкалар); атайын транспорт.
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизме боюнча Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар алып кирген куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар, атайын каражаттар.
(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 87, 2008-жылдын 5-августундагы № 196, 2013-жылдын 10-январындагы № 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
178-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 10 января 2013 года № 1 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 мая 2008 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (19)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 477-б (Жүргүнчүлөр үчүн чакан автобус жана автокран сатып алуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 27.08.2009 · № 477-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 342-б (Атайын инженердик техниканы сатып алуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 25.06.2009 · № 342-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 96-б (Инженердик техникалар жана авариялык-куткаруучу машиналар паркын жаңыртуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.03.2009 · № 96-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-майындагы № 192-б (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникага болгон керектөөсүн камсыздоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.05.2015 · № 192-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 519-б (Жабдууларды, приборлорду жана материалдарды белгиленген тартипте сатып алуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 17.09.2009 · № 519-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-сентябрындагы № 70-р (Авиаотунду алуу жана бөлүштүрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 08.09.2010 · № 70-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 208-б (Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери үчүн турак жайларды курууда Кытай тарабынан жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.05.2012 · № 208-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 643-б (Өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка ыкчам чара көрүү, өз убагында жардам көрсөтүү) буйругуРаспоряжение · 17.09.2009 · № 643-р
- Инструкция по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей ( утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 446 "Эл аралык гуманитардык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 05.08.2014 · № 446 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по применению таможенных режимов ( Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 61 "Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2006 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 107 токтомуПостановление · 16.02.2017 · № 107
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы…Постановление · 13.06.2014 · № 327 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана…Постановление · 16.02.2017 · № 107 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына nөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынЗакон · 16.05.2008 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 декабря 2013 года № 656 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Перечня товаров для…Постановление · 05.12.2013 · № 656 · Күчүн жоготкон
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 855 "Эл аралык ѳзгѳчѳ жардам жѳнγндѳ" жана "Тышкы миграция жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизγγ тууралуу"…Постановление · 11.12.2015 · № 855 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 314 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.06.2014 · № 314 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-178" title="178-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>