Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Атайын инженердик техниканы сатып алуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 25-июну № 342-б Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын инженердик техникалар паркын жаңыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардан түшкөн каражаттардын эсебинен 9 (тогуз) атайын инженердик техника сатып алууга уруксат берилсин, анын ичинде:
фронталдык жүктөгүчтөрдү - 7 (жети) бирдик; тралы бар отургучтуу сүйрөгүчтөрдү - 2 (эки) бирдик.
2. Атайын инженердик техниканы сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178 жана 179-беренелерине ылайык атайын бажылык режимде ушул буйруктун 1-пунктунда аталган транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 96-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи, бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы жана 2-пунктундагы "жогорку өтүмдүү" деген сөздөр алып салынсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 96-б (Инженердик техникалар жана авариялык-куткаруучу машиналар паркын жаңыртуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.03.2009 · № 96-р
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон