Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-февралы № 61
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу
мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн керектүү
күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-
лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссияга
күйүүчү-майлоочу материалдардын төмөнкүдөй көлөмдөгү: бензин - 5,0 мињ
тонна, дизелдик отун - 10,0 мињ тонна жана реактивдүү отун - 1,0 мињ
тонна азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү үчүн кошумча акча каражат
бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүүдө көрсөтүлгөн каражаттарды караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия (координа-
тор):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн азайтылбачу мамлекеттик резерв-
деги күйүүчү-майлоочу материалдардын номенклатурасына жана толуктоо
нормаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган токтомунун долбоорун
даярдасын;
- мамлекеттик азайтылбачу запас үчүн күйүүчү-майлоочу материалдар-
ды сатып алуу боюнча тендерлик комиссия түзсүн. Тендерлик комиссиянын
курамына төмөнкүдөй өкүлдөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинен
(комиссиянын төрагасы);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиядан;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энер-
гетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар
бөлүмүнөн;
- күйүүчү-майлоочу материалдардын резервге коюлган көлөмүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорунун жана буйруктарынын не-
гизинде гана брондон чыгарсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-
пекциясы күйүүчү-майлоочу материалдардын жогоруда көрсөтүлгөн көлөмүн
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178 жана 179-статьяларына ылайык
атайын бажылык режимде тариздесин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара ас-
кери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция
кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик бажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык инспекциясы күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз
Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып келүүнү токтотуу
боюнча чараларды күчөтүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына, экономикалык
өнүктүрүү башкармалыгына жана отун-энергетика комплекси, кен казып алуу
тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 157-б "Күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик кол тийгис запасын түзүү жөнүндө" БуйругуРаспоряжение · 07.04.2007 · № 157
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 470 "2006-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2006 · № 470 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон