Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Инженердик техникалар жана авариялык-куткаруучу машиналар паркын жаңыртуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 10-марты № 96-б Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк подразделениелеринин атайын инженердик техникалар жана авариялык-куткаруучу машиналар паркын жаңыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- белгиленген тартипте 13 (он үч) инженердик техника жана жогорку өтүмдүү автомашиналарды сатып алууга, анын ичинде:
экскаваторлор - 5 (беш) бирдик; жарым чиркегичтүү седелдүү сүйрөгүч - 2 (эки) бирдик; жогорку өтүмдүү автомашина - 6 (алты) бирдик;
- сатып алынган жогорку өтүмдүү автомашиналарды авариялыккуткаруучу техникалар менен жабдууга.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине инженердик техникаларды жана жогорку өтүмдүү автомашиналарды сатып алуу, ошондой эле 2009-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган каражаттын эсебинен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашиналарды авариялык-куткаруучу жабдуулар менен жабдуу үчүн 32 млн. 50 миң (отуз эки миллион элүү миң) сом суммасында финансылык каражат бөлүп берсин.
3. Автотранспорттук каражаттарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179-беренелерине ылайык атайын бажылык режимде ушул токтомдун 1-пунктунда аталган транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жанан жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 342-б (Атайын инженердик техниканы сатып алуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 25.06.2009 · № 342-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон