Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка ыкчам чара көрүү, өз убагында жардам көрсөтүү) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 17-ноябры № 643-б Өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка ыкчам чара көрүү, өз убагында жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- жүк жана жүргүнчү ташуучу 2 (эки) чакан автобусту белгиленген тартипте сатып алууга;
- аларды авариялык-куткаруучу жабдуулар жана кичи механизация каражаттары менен жабдууга.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган транспорт каражаттарын сатып алуу жана аларды жабдуу үчүн 262100 (эки миллион алты жүз жыйырма бир миң) сом суммасындагы каржылоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2009-жыл үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Транспорт каражаттарын сатып алуу жана аларды жабдуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган транспорт каражаттарын жана авариялык-куткаруучу жабдууларды, кичи механизация каражаттарын бажылык тариздөөнү Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179-беренелерине ылайык атайын бажы режиминде жүргүзсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон