Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-ноябры № 252 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2024-жылдын 24-июнундагы № 334 , 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат түзүлсүн.
3. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Маалыматтык-консультациялык борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору болуп;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти болуп;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин «Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси» мамлекеттик мекемеси болуп;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору болуп;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы «Балдар үчүн ишеним телефону» борбору» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борбору» мамлекеттик мекемеси болуп;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» мекемеси болуп;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору болуп.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн, мекемелерин күтүүгө чыгымдарды каржылоонун булагы республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар болуп санала тургандыгы аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, эмгек, социалдык камсыздоо, гендердик теңчилик жана миграция маселелерине тиешелүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин укук улантуучусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын тийиштүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматка өткөрүп берсин;
– өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
– бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 144 (3323) саны менен жарыяланды
| Төрага | А.У. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 334 токтомунун , 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 42 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел по оспариванию решений Уполномоченного органа об отказе в предоставлении статуса беженца в Кыргызской Республике.Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 14.01.2025
Цитата келтиргендер (42)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 15.04.2022 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 66 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин…Приказ · 19.04.2023 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 28-мартындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 28.03.2024 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 76 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар…Приказ · 07.04.2025 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери…Постановление · 22.07.2022 · № 392
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10 - февралындагы № 85…Приказ · 24.07.2023 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 334 "Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон…Приказ · 12.12.2025 · № 334
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токомуна…Положение · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук…Постановление · 02.06.2026 · № 383
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 313 "Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын жана…Приказ · 19.11.2025 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 345 "Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча барактын…Приказ · 24.12.2025 · № 345
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 82 "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортунун оптималдаштырылган формасын…Приказ · 24.04.2026 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 289 "Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрүн бекитүү тууралуу"…Приказ · 21.10.2025 · № 289
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябры № 292 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча…Приказ · 24.10.2025 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 28-августундагы № 237 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине…Приказ · 23.08.2025 · № 237
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 21 "Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар…Приказ · 19.02.2026 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 332 "Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн эрежелери жөнүндө" буйругуПриказ · 10.12.2025 · № 332
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 28-ноябры № 326 "Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча…Приказ · 28.11.2025 · № 326
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 331 "Эмгек акы төлөөгө тийиштүү сый акылардын тизмегин бекитүү…Приказ · 10.12.2025 · № 331
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (Кыргыз…Перечень · 06.09.2026 · № 210
42 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.