Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2024-жылдын 28-марты № 1 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө Жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдерин кийүүсүн тартипке келтирүү максатында, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын (мындан ары – Кызмат) мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралында № 117 “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Адам ресурстарын өнүктүрүү жана уюштуруу иштер башкармалыгына:
– ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө расмий жарыялангандан кийин аны жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– буйрук күчүнө киргенден кийин буйруктун көчүрмөсүн үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Кызмат, мамлекеттик эмгек инспекторлорунун форма кийим менен камсыз кылуу үчүн Кызмат тарабынан салынган айып пулдардан түшкөн каражаттардын (13%) эсебинен финансы каражаттарын карасын.
5. Бул буйруктун тийиштүү талаптарынын аткарылышына жоопкерчилик Кызматтын директору Ч.М. Мадьяровго жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарына Ж.А. Полотовага жүктөлсүн.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 1-апрелинде https://trudnadzor.kg/ расмий сайтында жарыяланды
8. Бул буйрук Кызматтын мамлекеттик эмгек инспекторлоруна жарыялансын.
Министр
Г.А.Баатырова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек…Приложение · 28.03.2024 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 27.04.2026 · № 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токомуна…Положение · 15.11.2021 · № 252
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 829 · Күчүн жоготкон