Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 9-марты № 84 Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-февралындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу схемасы, 3-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык санынын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таанууну караштырган Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна эки жумалык мөөнөттө киргизсин;
- "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна эки айлык мөөнөттө киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 10-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
У.А. Марипов
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу схемасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 722 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын жана "ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун…Постановление · 29.12.2023 · № 722
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитилген)Положение · 09.03.2021 · № 84
- “Авиациялык атайын иштер” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 2 буйругу менен бекитилген)Стандарт · 09.07.2025 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо…Постановление · 24.06.2024 · № 336
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо…Постановление · 10.07.2023 · № 344
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябры № 704 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 “Кыргыз Республикасынын Коргоо…Постановление · 28.10.2025 · № 704
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому 2023-жылдын 13-декабрындагы № 676 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.12.2023 · № 676
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 05.02.2026 · № 63
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябры № 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өнөр жай…Постановление · 19.09.2024 · № 577
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2016 · № 28 · Күчүн жоготкон
- “Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2023-жылдын 21-августундагы № 2 буйругу менен бекитилген)Стандарт · 21.08.2023 · № 2 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген)Положение · 26.01.2016 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитиди)Положение · 09.03.2021 · № 84 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. № 722 токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 722
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 653 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо…Постановление · 08.10.2018 · № 460 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо…Постановление · 24.06.2024 · № 336
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2016 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.03.2014 · № 55 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 653 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо…Постановление · 08.10.2018 · № 460 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.