Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. № 722 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
“Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын жана “ТНК Дастан” ачык акционердик коомунун андан аркы ишинин маселелери жөнүндө
“Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын жана “ТНК Дастан” ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасын (мындан ары – мамлекеттик ишкана) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ТНК Дастан” ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине өткөрүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жободо:
– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 561-пунктча менен толукталсын:
“561) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык болгон акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу;”;
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 231-пунктча менен толукталсын:
“231) мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) болуп чыгуучу чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет;”.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордо акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пунктта “, “ТНК Дастан” ачык акционердик коомунда” деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
– белгиленген тартипте “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүүгө киргизсин;
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордо…Постановление · 10.05.2022 · № 250
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик…Постановление · 15.12.2020 · № 608 · Күчүн жоготкон