Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитиди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2024 года № 336 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах Министерства обороны Кыргызской Республики" от 9 марта 2021 года № 84"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-24.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы) аскердик башкаруунун борбордук органы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин курамына кирген, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүмдөр) тынчтык жана согуш убагында даярдоону жана колдонууну жалпы жетектөө үчүн багытталган Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү ыкчам башкаруунун башкы органы болуп саналат.
Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы тынчтык убакта Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы), Кыргыз Республикасынын коргоо министринин (мындан ары - коргоо министри) чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) жана коргоого тартылуучу мамлекеттик органдарды курууну, даярдоону, колдонууну стратегиялык пландоону уюштурат жана жүргүзөт, Кыргыз Республикасын коргоого пландоого жана даярдоого катышат. Кыргыз Республикасын коргонуу уюштуруу, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү стратегиялык пландоо жана башкаруу маселелери боюнча Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы коргоого тартылуучу мамлекеттик органдардын башкы штабдарына (штабдарга) карата жогору турат. Коркунуч мезгилинде жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы Президентке - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына мобилизациялоодо, ыкчам жайылтууда жана согуш иш-аракеттеринин жүрүшүндө Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү жетектөөнү камсыздайт. Согуштук (өзгөчө) абалды киргизүү менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын коргоо уюмдарын жетектөө боюнча жумушчу органы болуп саналат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы башкы башкармалыктардан, башкармалыктардан, өзүнчө бөлүмдөрдөн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдөн турат.
3. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, коргоо министринин буйруктарын, директиваларын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана анын иши үчүн керектүү болгон башка атрибуттары бар.
Аталышы:
а) кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы";
б) орус тилинде: "Генеральный штаб Вооруженных Сил Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 207. Уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
2. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын негизги милдеттери
5. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
1) Куралдуу Күчтөрдү, аскердик түзүмдөрдү, Кыргыз Республикасынын коргоого тартылуучу мамлекеттик органдарын алардын арналышын эске алуу менен даярдоону жана колдонууну уюштуруу жана жетектөө;
2) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мобилизациялык даярдоону, аскердик-окутулган резервди даярдоону, мобилизациялык ресурстардын жана материалдык каражаттардын запастарын түзүүнү жана топтоону жетектөө;
3) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү жогорку күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын уюштуруу жана колдоо, алардын мобилизациялык, ыкчам жайылтууга жана коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга даярдыгын камсыздоо;
4) Куралдуу Күчтөрдү курууну, даярдоону жана колдонууну пландоо жана уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасын аймактык коргоону уюштуруу;
6) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коргоону уюштуруу жана камсыздоо;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
3. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын негизги функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) аскердик саясатты, Куралдуу Күчтөрдү куруунун негизги багыттарын түзүү жана аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо;
2) мамлекетти куралдуу коргоого Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү стратегиялык пландоо, даярдоо жана колдонуу документтерин иштеп чыгуу;
3) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы боюнча документтерин иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) ыкчам (күжүрмөн) арналышына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлеринин (күчтөрүнүн) уюштуруу-штаттык түзүмүн, аларды куралдар, аскердик жана атайын техника менен жабдуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жарандарды аскердик кызматка (аскердик жыйындарга) жана альтернативдик кызматка даярдоону медициналык камсыздоону уюштурууну контролдоо;
6) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын материалдык базасын түзүүнү жана өркүндөтүүнү жетектөө жана контролдоо;
тынчтык жана согуш убагында мобилизациялык жана ыкчам жайылтууну, Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн иш-аракеттерди жүргүзүүсүн эске алуу менен Куралдуу Күчтөрдүн финансылык жана материалдык каражаттарга болгон муктаждыктарын эсептөө;
7) тынчтык жана согуш убагында, согуштук же өзгөчө абал киргизилгенде же кризистик кырдаалдар келип чыкканда Куралдуу Күчтөрдү туруктуу башкарууну камсыздоо;
8) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугуна мүмкүн болуучу чакырыктарды жана коркунучтарды божомолдоо, талдоо жана баалоо;
9) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарында жана аскерлеринде аскерлер кызматын, аскердик кызматтын коопсуздугун, күжүрмөн нөөмөттү жана күжүрмөн кызматты уюштуруу;
10) Куралдуу Күчтөрдүн штаттарын, штаттарына табелдерди иштеп чыгуу, бекитүү жана киргизүү;
11) мамлекетти тынчтык мезгилинен согуштук абалга которуу шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башкаруу органдарын жөнгө салынган жана макулдашылган иш-аракеттерге даярдоону координациялоо;
12) Куралдуу Күчтөрдүн кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери боюнча өздүк курамды, куралдарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка материалдык каражаттарды бөлүштүрүү;
13) Куралдуу Күчтөрдү колдонуу планына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарын жана аскерлерин коюлган милдеттерди аткарууга күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо;
14) аскердик кызматты өтөөнү уюштуруу, кадрларды даярдоо, тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө тартиби боюнча сунуштарды даярдоо;
15) Куралдуу Күчтөрдү комплекттөөнү уюштуруу жана Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана сандык курамын эсепке алууну жүргүзүү;
16) аскер комиссариаттарынын жалпы кызматтык иштерин, аскердик каттоону, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматка, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга чакырууну уюштуруу жана камсыздоо, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүү жана топтоо;
17) аймактык коргоо тапшырмаларын даярдоодо жана аткарууда Куралдуу Күчтөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын бирдиктүү иш-аракеттерин пландоо, уюштуруу жана жетектөө;
18) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иш-чараларга Куралдуу Күчтөрдүн аскердик контингенттеринин катышуусуна сунуштарды даярдоо жана пландоо;
19) өзгөчө (кризистик) кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлердин (күчтөрдүн) иш-аракеттерин пландоо жана уюштуруу;
20) мамлекеттик сырларды, жашырындуулук режимин, маалыматтык жана киберкоопсуздукту коргоону, чет элдик чалгындоолордун техникалык каражаттарынан коргоону, каршы аракеттенүүнү камсыздоо;
21) Куралдуу Күчтөрдү топографиялык камсыздоону уюштуруу;
22) аскерлерди жашыруун башкарууну пландоо жана уюштуруу, шифрдик жана коддук байланышты камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, Куралдуу Күчтөрдүн шифрлөөчү кызматын жана маалыматты коргоо системасын анын коопсуздук талаптарына ылайык жетектөө;
23) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин анык жана шарттуу аталыштарын колдонуунун жана эсепке алууну жүргүзүүнүн тартибин аныктоо;
24) башка мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын аба кыймылын башкаруунун ведомстволук органдарынын аба кыймылын тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;
25) аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелеринин учууларын уюштуруу жана коопсуздугун контролдоо; Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелери менен болгон авиациялык окуяларды жана авиациялык инциденттерди изилдөөгө катышуу;
26) аскердик ташуулардын (аскердик байланыш жолдорунун) бардык түрлөрүн уюштуруу жана жетектөө;
27) аскердик номердик белгилерди, техникалык талондорду эсепке алууну жана берүүнү жүргүзүү, транспорттук каражаттарды каттоо, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын транспорт каражаттарын техникалык кароону уюштуруу жана жүргүзүү;
28) Куралдуу Күчтөрдө жол-транспорттук окуялардын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү, автомобиль колонналарын уюштуруу жана коштоо;
29) Куралдуу Күчтөрдө радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо иш-чараларын уюштуруу, аткаруу жана камсыздоо;
30) гарнизондордо жана аскердик башкаруу органдарынын, кошуундардын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин транспорт каражаттары иштеген башка жерлерде транспорт каражаттарын пайдалануу тартибин жана техникалык абалын текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү;
31) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүү жана куруу программаларын (пландарын) иштеп чыгууга, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн жайгашуу жерлерин жана санын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервде запастарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоого катышуу;
32) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн байланыш системасын өркүндөтүү, Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында радиожыштыктарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
33) калкты коргоого даярдоо, өлкөнүн экономикасын мобилизациялык даярдоо жана Куралдуу Күчтөрдү аскердик-экономикалык камсыздоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
34) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
35) согуштук жана өзгөчө абал режимдерин пландоого жана колдоого катышуу;
36) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык терроризмге каршы операцияларды пландоого жана жүргүзүүгө катышуу;
37) улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Чек ара кызматы менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик чек араны кайтарууну (коргоону) пландоого жана уюштурууга катышуу;
38) Кыргыз Республикасынын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
39) коалициялык куруу, коалициялык топторду (жамааттык күчтөрдү) колдонууну ыкчам пландоо, өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, ар тараптуу камсыздоо жана башкаруу маселелери боюнча эл аралык аскердик кызматташтыкты уюштурууга катышуу;
40) аскердик, ыкчам запастарда жана мамлекеттик материалдык резервде материалдык-техникалык каражаттарды уюштурууга, түзүүгө жана топтоого катышуу;
41) тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдү өздүк курам, куралдар, аскердик жана атайын техникалар, ок-дарылар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен комплекттөөнү уюштуруу жана камсыздоо;
42) компетенциясынын чегинде эл аралык аскердик кызматташтыкка катышуу;
43) мамлекеттик сырларды, аскерлерди башкаруунун жашыруундуулугун коргоону жана байланыштын коопсуздугун камсыздоо, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу;
44) коргоо кызыкчылыгында чалгындоо ишин жүргүзүү, аскердик-саясий кырдаалды талдоо жана баалоо, Кыргыз Республикасын коргоону уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоо;
45) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарында, кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде уюштуруу-штаттык иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүүнү контролдоо;
46) Кыргыз Республикасынын асман чабуулуна каршы коргоо системасын өркүндөтүү;
47) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, баш ийген кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин керектөөлөрүн камсыздоого багытталган чарбалык жана башка иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
48) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды ишке ашыруу.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген жобонун 6-пунктунун 6-пунктчасындагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 6-пунктунун 6-пунктчасындагы абзацтарынын санына дал келбейт.
4. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабын жетектөө
7. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабын коргоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу, коргоо министринин биринчи орун басары болуп саналган Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы жетектейт.
8. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы коргоо министрине баш иет жана Куралдуу Күчтөрдүн бүткүл өздүк курамы үчүн түздөн-түз башчы болуп эсептелет.
Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарлары бар, алардын бири - коргоо министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу биринчи орун басар болуп эсептелет. Орун басарлардын ортосунда милдеттерди Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы бөлүштүрөт.
9. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы:
1) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы, башкаруу, ар тараптуу камсыздоо, ошондой эле жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын буйруктарын, тескемелерин жана директиваларын чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт;
3) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жана баш ийген аскердик башкаруу органдарынын ишин уюштурат;
4) Куралдуу Күчтөрдү курууну (өнүктүрүүнү) стратегиялык пландоону, даярдоону, колдонууну жана аймактык коргоону жетектейт;
5) Куралдуу Күчтөрдү ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат;
6) аскердик башкаруу органдарын жана коргоого тартылуучу мамлекеттик органдарды ыкчам даярдоону уюштурат;
7) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоону жана контролдоону уюштурат;
8) коргоо министринин көрсөтмөсү боюнча аскерлерди (күчтөрдү) күжүрмөн даярдыктын ар түрдүү деңгээлине келтирүүнү жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоону стратегиялык пландоо пландарын ишке ашырууну жетектейт;
9) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
10) Куралдуу Күчтөрдө жогорку офицерлер дайындалууга тийиш болгон аскердик кызмат орундары боюнча сунуштарды коргоо министринин кароосуна киргизет;
11) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана өзүнчө бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын кызмат адамдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
12) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин уюштуруу-штаттык түзүмүн, штаттарын жана аларга табелдерди алардын ыкчам (күжүрмөн) арналышына ылайык бекитет;
13) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин штаттарын жана штаттарына табелдерди колдонууга киргизүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;
14) өзүнүн компетенциясынын чегинде Куралдуу Күчтөрдө кадрдык ишти жүргүзөт;
15) ага баш ийген аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы менен берилген ыйгарым укуктарды толук көлөмдө колдонот;
16) өзүнүн компетенциясынын чегинде сүйлөшүүлөргө катышат жана эл аралык уюмдардын алдындагы жумушчу органдардын (комитеттердин) курамында чечимдерге кол коёт.
Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын жана коргоо министринин буйруктарына, директиваларына жана чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 84
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо…Постановление · 24.06.2024 · № 336
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон