Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 9 марта 2021 года № 84 "О вопросах Министерства обороны Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-09.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 8-октябры № 460 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги токтомдун аталышындагы жана анын бардык текстиндеги "Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө жободо:
- Жобонун мамлекеттик тилдеги аталышындагы жана анын бардык текстиндеги "Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-13-пунктчалар менен толукталсын:
"10) жоруктар жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүү органдарынын функцияларын компетенциясынын чегинде жүргүзүү;
11) бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү компетенциясынын чегинде жүргүзүү;
12) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашыруу;
13) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу иш-чараларын жүзөгө ашырууга жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого көмөк көрсөтүү.".
2. Ушул токтом, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун 2-пунктчасынын төртүнчү жана бешинчи абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 84
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген)Положение · 26.01.2016 · № 28 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2016 · № 28 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 84
- Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндөЗакон · 20.01.2017 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2016 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон