Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Зергер айылдык кенешинин «Зергер жайыт комитетинин бюджетинин 2022-жылы аткарылышы,2023-жылга бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтому
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ Т О К Т О М
Зергер айылдык кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 11-марты № 64 Зергер жайыт комитетинин бюджетинин 2022-жылы аткарылышы,2023-жылга бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчилике алып «Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезектеги он төртүнчү сессиясы токтом кылат:
1. Зергер жайыт комитетини 2022-жылы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Зергер жайыт комитетинин 2023-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 797375 сомго, чыгашасы 797375 сомго бекитилсин. (тиркеме №1,№2, №3)
3. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн: -Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 100 сом. -Кара мал жана топоз(жаш)бир башына -90 сом. -Кой-эчкинин бир башына-25 сом. -Жылкы,эшек,төөнүн бир башына- 150 сом. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн: -Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 350 сом. -Кара мал жана топоз (жаш) бир башына- 300 сом. -Кой жана эчки бир башына - 80сом. -Жылкы,эшек жана төө бир башына- 400 сом .
4.Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аарычылык, анчылык, туризм жана башка максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
5.Жайыт комитетинин пайдалануусуна берилген погрузчик оор техникасынын келишимде көрсөтүлгөн аренда акысы мыйзам талаптарында белгиленген тартипте банк эсеби аркылуу жүргүзүлсүн.
6.Жайыт комитетинин балансына “АРИС” жана башка мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан берилген мүлктөрдүн максаттуу пайдаланылышы боюнча алты айдын жыйынтыгы менен толук маалымат берүү жагы Зергер жайыт комитетине жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары Сапарали уулу А.
№ 1 тиркеме
№
Малдын түрү
Малдын саны
Которуу коэф
Шартуу баш
Бир шартуу баштын төлөмү
Малдын башына төлөмү
Жалпы сумма мал башына
Жалпы сумма
1
Кара мал чон
21211
1
2121
100
100
212080
212100
2
Кара мал кичине
920
0,7
644
90
90
82800
82800
3
Жылкы
869
1
869
150
150
130350
130350
4
Кой-эчки
10885
0,2
2177
25
25
306775
272125
5
Сырткы мал
100000
жалпы:
797375
797375
№ 2 тиркеме
№
Чыгымдын түрлөрү
Адам саны
Айы
Суммасы
1
Эмгек акы (10000х2=20000)
2
24
240000
2
Ишканадан камсыздандыруучу төлөмдөр 17,25%
41400
3
Башка чыгымдар: сапар чыгымы,күйүүчү май жана канц. буюмдары
45000
4
Автомашинанын ремонтоо үчүн
15000
5
Жайыттын инфраструктурасын ондоо үчүн.
279975
6
Райондук жайыт ассосациясы үчүн төлөм
6000
7
Жайыт комитетинин резервдик фонду
30000
8
Жергиликтүү бюджетке чегерүү
140000
жалпы жыйынтыгы:
797375
№ 3 тиркеме
№
Чыгымдардын аталышы
Жалпы 2023-ж
Квартал
1
2
3
4
1
Эмгек акы
240000
60000
60000
60000
60000
2
Соц.фонд төлөмдорү
41400
13500
13500
14400
3
Башка чыгымдар: ГСМ,сапар ж.б
40000
6000
11300
11300
11400
4
Телефон жана конц.чыгымдар
5000
1000
1200
1400
1400
5
Машинаны ремонттоого
15000
15000
6
Жайыт инфраст. ондоо үчүн
279975
190000
89975
7
Жайыт ассосациясына толөм
6000
6000
8
Жайыт ком. резервдик фонду
30000
30000
9
Жергиликтүү бюджетке төлөм
140000
14000
жалпы жыйынтыгы:
797375
67000
276000
182175
272200
Зергер жайыт комитетинин төрагасы К. Маматалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо…Постановление · 10.07.2023 · № 344
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон