Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 августа 2022 года № 444 "Об утверждении Методики проведения анализа регулятивного воздействия нормативных правовых актов на деятельность субъектов предпринимательства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-10.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 30-сентябры № 504 Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана "Ишкердик ишин жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (мындан ары - ЖСТТ методикасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда ЖСТТ методикасын жетекчиликке алышсын;
2) ЖСТТ методикасын окуп-үйрөтүү боюнча борбордук аппараттарда жана ведомстволук уюмдарда ишти уюштурушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын:
1) ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ЖСТТ методикасына, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган бекиткен адистештирилген методиканын талаптарына шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү;
2) ЖСТТнын мамлекеттик системаларын жана аны ишке ашыруу механизмдерин өнүктүрүү саясатын түзүү;
3) ЖСТТ жүргүзүүнү методикалык камсыздоону иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу;
4) коомдук консультациялардын ЖСТТ жүргүзүү процессинде ыйгарым укуктуу орган бекиткен адистештирилген методиканын талаптарына шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү;
5) адистештирилген методикаларды бекитүү (экономикалык кесепеттерине талдоо жүргүзүү, укуктук, коррупцияга каршы талдоолорду жүргүзүү жана атаандаштыкка таасирин талдоо методикалары).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 16-октябрындагы № 86 (3156) жарыяланды
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо…Постановление · 10.08.2022 · № 444
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 391 ("Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Распоряжение · 02.06.2022 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 638 ("Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө…Распоряжение · 27.09.2022 · № 638
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-июнундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.О.Култаева, М.Дж.Саккараев…Распоряжение · 24.06.2022 · № 440
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 669 ("Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Распоряжение · 26.12.2023 · № 669
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон
- Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтомуна)Методика · 30.09.2020 · № 504 · Күчүн жоготкон
- "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому…Методика · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 14.06.2021 · № 28 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо…Постановление · 10.08.2022 · № 444
- Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндөЗакон · 05.04.2008 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.