Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 26-декабры № 669
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, А.Б.Кенжебаев, М.Самыйкожо тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 26-декабрындагы № 669 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, А.Б.Кенжебаев, М.Самыйкожо тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, А.Б.Кенжебаев, М.Самыйкожо тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунда эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) башкы дирекциясынын уюштуруу-укуктук формасын мекеме уюштуруу-укуктук формасынан мамлекеттик ишкана уюштуруу-укуктук формасына өзгөртүү сунушталат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык ЭЭЗ башкы дирекциясы мекеме уюштуруу-укуктук формасында иштей тургандыгын белгилей кетүү керек. Мында Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда ЭЭЗ субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана ЭЭЗ башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак, ошондой эле ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ЭЭЗ башкы дирекциясында мурда катталган филиалдар (өкүлчүлүктөр) деп аныкталган. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун жогоруда көрсөтүлгөн ченеми ЭЭЗ башкы дирекциясы "ЭЭЗ субъекти катары" ЭЭЗ башкы дирекциясынын өзүндө эсептик каттоодон кантип өтөрү бүдөмүк түшүнүктү пайда кылат. Мындан тышкары Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ЭЭЗ түзүүнүн максаты, анын тиби, анда пландалган иштин мүнөзү, иштөө мөөнөттөрү, каржылоо булагы жана ишинин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмеги аныкталган мыйзамды кабыл алуу менен ЭЭЗ түзүлөт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 230-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык чарба жүргүзүүдөгү мүлктүн ээси ишкана түзүү, анын ишинин затын жана максатын аныктоо, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин мыйзамга ылайык чечет, директорду (ишкананын жетекчисин) дайындайт, ишканага таандык мүлктүн максатка ылайык пайдаланылышын жана сакталышын көзөмөлдөйт. Менчик ээси өзү түзгөн ишкананын чарба жүргүзүүсүндөгү мүлктү пайдалануудан түшкөн пайданын бир бөлүгүн алууга укуктуу. Ошондой эле Мыйзамдын 6-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык ЭЭЗ башкы дирекциялары жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзөт. Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ар бир ЭЭЗ үчүн өзүнчө аныкталат. Түшкөн каражаттардан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмү 0,01%ды түзөт. Ушуга байланыштуу ЭЭЗ башкы дирекциясы тарабынан түшкөн акчаны республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүү жөнүндө Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченеми ЭЭЗ башкы дирекциясы мамлекеттик ишкана уюштуруу-укуктук формасында иштеген учурда Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 230-беренесине ылайык келбейт. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пункту менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин менчиктештирүүнү уюштурат деп белгиленген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык мамлекеттик ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишин жүзөгө ашырат. Ошондой эле жогоруда аталган Жобонун 24-пунктунда мамлекеттик ишкананы башкаруучу органдар болуп төмөнкүлөр саналат деп белгиленген:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - мамлекеттик ишкананын мүлкүнө менчик укугун ишке ашыруучу мамлекеттик ишкананын уюштуруучусу;
2) мамлекеттик башкаруучу орган - мамлекеттик ишкананын ишин жалпы жетектеген жана координациялаган, тейлөөчү тармактык маселелер боюнча мамлекеттик ишкананын ишин стратегиялык пландоону ишке ашырган орган;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдогон орган.
Жогоруда аталган Жобонун 20-пунктуна ылайык мамлекеттик ишканалар финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жибере тургандыгын белгилей кетүү керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде учурдагы уюштуруу-укуктук формасын сактоо кыйла натыйжалуу чечим болот деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктун колдонуудагы редакцияда калтыруу зарыл деп эсептейбиз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктунда Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"Кыргыз Республикасында ЭЭЗ түзүүнүн максаттары жана анда пландаштырылып жаткан иштин мүнөзү менен аныкталуучу функциялык типтеги ЭЭЗ ичинде түзүлүшү мүмкүн:
- порт-логистикалык - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган аймактарда, аба портторунда түзүлгөн;
- ЭЭЗ ар кандай функционалдык типтерине мүнөздүү максаттарды ишке ашыруу жана ишти жүзөгө ашыруу үчүн комплекстүү ЭЭЗ;
- атайын илимий-технологиялык аймак;
- туристтик-рекреациялык зона;
- эркин соода аймагы;
- логистикалык аймак;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ЭЭЗ жана өзгөчө өндүрүштүк аймактар.".
Белгилей кетүүчү нерсе, Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ЭЭЗ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ЭЭЗ субъекттеринин иштерине бажы көзөмөлү жана бажы жөнгө салуусу камсыз кылынган атайын бөлүнгөн аймактарда түзүлөт. Ушуга байланыштуу ЭЭЗ ичинде кошумча зоналарды түзүү республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келерин белгилейбиз, анткени бажы контролун жана бажылык жөнгө салууну камсыз кылууга байланыштуу бажы иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган үчүн кошумча штаттык бирдиктерди талап кыларын белгилейбиз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашырылышы мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын 4-беренесин колдонуудагы редакцияда калтырууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пункту менен 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун күчүн жоготту деп таануу сунушталат.
Мыйзамдын 6-беренесинин 1, 2, 10, 11-бөлүктөрүнө ылайык ЭЭЗ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ЭЭЗ субъекттеринин иштерине бажы көзөмөлү жана бажы жөнгө салуусу камсыз кылынган атайын бөлүнгөн аймактарда түзүлөт. ЭЭЗдин аймагын абаттоого, анын ичинде мындай аймактын периметрин тосууга жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. ЭЭЗ аймагында контролдук-өткөрүү режимин камсыз кылууга карата талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдардын кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тосмонун же бажы контролу үчүн башка шарттардын ылайык келишин ырастайт. ЭЭЗ субъекттерин алардын бажы, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү ЭЭЗ субъекти катталган ЭЭЗ башкы дирекциясын кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларды кошпогондо, ЭЭЗ субъекттеринин чарбалык иштерине кандай болбосун мамлекеттик органдын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Салык постун орнотуу тартибинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык салык посту ушул Тартиптин 10-13-пункттарына ылайык туруктуу негизде акциздик товарды өндүрүүчү субъекттин аймагында орнотулат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - КР СК) 427-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 58-главада каралган салык режими майнинг, акциздик товарларды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү субъекттерден тышкары Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу тамеки продукцияларын өндүрүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу 2000-жылга чейин катталган ишканаларды кошпогондо Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлуучу талаптарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттеринин ишине карата гана колдонула тургандыгын билдиребиз. Ошондой эле КР СКнын 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык акциздик товарлар болуп ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар эсептелет. Акциздик товарларды өндүрүү, импорттоо жана жүгүртүү жогорку кирешелүү жана төлөөдөн качуу тобокелдиги өтө чоң болгон салык салынуучу тармак экендигин, ошондой эле эркин экономикалык зоналардын аймагынын режимдүүлүгүн эске алуу менен Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун колдонуудагы редакцияда калтырууну жана ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды ташып келүүнү, өндүрүүнү жана сатууну тыюу салынган иштин түрлөрүнүн тизмесинен алып салууну караган ченем менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз. Ошондуктан маалымат иретинде азыркы учурда ЭЭЗ аймагында ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, курамында кант камтылган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды, суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга байланышкан ишке уруксат берүү бөлүгүндө КР СКга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси иштелип жатканын белгилейбиз. Муну менен катар "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктуна ылайык насвайды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында чегилбеген тамеки заттарын жана никотин камтылган чегилбеген заттарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жүгүртүүгө (анын ичинде сактоого, дүңүнөн жана чекене сатууга, ташып чыгарууга) тыюу салынат. Чегилбеген тамеки заттары жана никотин камтылган чегилбеген заттар ТЭИ ТНге ылайык "Тамеки жана тамекини өнөр жайлык алмаштыруучулар; никотин камтылган же камтылбаган, күйбөстөн дем алуу үчүн арналган продукция; никотин камтылган жана адамдын организмине никотиндин кирүүсү үчүн арналган башка продукция" 24-товардык тобунда классификацияланат. Ошентип "чегилбеген тамеки заттары жана никотин камтылган чегилбеген заттар" сыпаттамасына Кыргыз Республикасынын аймагында ташып келүүгө, өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салынган товарлардын (ЕАЭБ ТЭИ ТН ылайык 24-товардык топто классификациялануучу) кеңири тизмеги кирет, мында Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык эркин экономикалык зона - ЭЭЗ субъекттери тарабынан экономикалык иштерди жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын укуктук) режими колдонулган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагынын бир бөлүгү. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорун ушул сын пикирди эске алуу менен карап чыгуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунда 11-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "бизнес-планды" деген сөздөрдү "болжолдонгон иштин кыскача баяндамасын" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталат. ЭЭЗ аймагында өзгөчө (атайын укуктук) режим иштей тургандыгын белгилейбиз.
Өзгөчө режим - экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун жалпы белгиленген режимине караганда кыйла ыңгайлуу жөнгө салуу режимин белгилеген укук ченемдеринин жыйындысы. Демек, ЭЭЗ аймагында иш жүргүзүүнү каалаган ишканалар тобокелдиктерди эске алуу менен белгилүү бир мөөнөткө эсептелген ишкананын иш-аракеттеринин конкреттүү программасын берүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын 11-беренесинин 3-бөлүгүн колдонуудагы редакцияда калтыруу зарыл деп эсептейбиз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат.
Ошол эле учурда мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 1-бөлүгү менен бул Мыйзам ал кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүү сунушталат. Ошентип эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук боштукту алар кабыл алынганга чейин жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу керек.
6. Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүгө карата.
Мыйзамдын долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөнүн эске алуу менен бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык күчүн жоготконун белгилейбиз. Муну менен бирге жогоруда аталган Мыйзамдын долбооруна бүгүнкү күндө колдонулган Методиканы жетекчиликке алуу менен жөнгө салуучу таасирин кайра талдоо жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө белгилейбиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жеткире иштеп чыгууну талап кылат деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.09.2019 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо…Постановление · 10.08.2022 · № 444
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 15.09.2021 · № 121
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябры № 504 "Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө"Постановление · 30.09.2020 · № 504 · Күчүн жоготкон