Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.О.Култаева, М.Дж.Саккараев, Ж.С.Кыдыкбаев, Э.Р.Сулайманов, Н.Т.Шакиев, Ф.Д.Исмаилов тарабынан демилгеленген „Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 24-июну № 440-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.О.Култаева, М.Дж.Саккараев, Ж.С.Кыдыкбаев, Э.Р.Сулайманов, Н.Т.Шакиев, Ф.Д.Исмаилов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-июнундагы № 440 тескемеси менен жактырылды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУ "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.О.Култаева, М.Дж.Саккараев, Ж.С.Кыдыкбаев, Э.Р.Сулайманов, Н.Т.Шакиев, Ф.Д.Исмаилов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жаңы редакциядагы 12-берене менен толуктоо сунушталат.
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылгандыгын белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык структуралык элементтерди күчүн жоготту деп табууда алардан кийинки структуралык элементтерди кайрадан саноо жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон структуралык элемент ошол структуралык элементке кийин өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсепке алынат. Жогоруда аталган Мыйзамдын 12-беренесинин 8-бөлүгүндө эгерде ченемдик укуктук акт жаңы структуралык элементтер менен буга чейин бар болгон элементтердин кошулган жеринде толуктала турган болсо, жаңы структуралык элементтер негизги цифралык же тамгалык белгилемелердин үстү жагына коюлуучу кошумча цифралар менен толукталышы керектиги белгиленген. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктундагы "12-статья менен" деген сөздөрдү "12-1-статья менен" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
2. Долбоор менен сунушталып жаткан 12-беренесинин 4-бөлүгүндө азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашыруучу ички соода ишинин субъектисинен (мындан ары текст боюнча - жеткирүүчү) белгилүү сандагы азык-түлүк товарлары сатып алынуусуна байланыштуу, соода тармагын (мындан ары - соода тармагы) уюштуруу аркылуу иш жүргүзүүчү ички соода ишинин субъектисине төлөнүүчү сыйакынын жалпы өлчөмү жана товарларды өткөрүү боюнча кызматтарды, логистикалык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөмдөр сатылып алынган азык-түлүк товарларынын баасынын 5 (беш) пайызынан ашпоого тийиш экендиги белгиленет.
Мындан тышкары, соода тармактарында азык-түлүк товарлары гана эмес, тиричилик химиясы, жеке гигиена каражаттары, идиш-аяк, ашкана буюмдары жана башкалар сыяктуу азык-түлүк эмес товарлар да сатылат. Ушуга байланыштуу азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүүлүгүнө жараша жалпы сыйакынын өлчөмүн дифференциациялоону киргизүү сунушталууда:
- социалдык маанилүү товарлардын тизмесине киргизилген азык-түлүк товарларынын бардык түрлөрү үчүн - 0 пайыз;
- башка азык-түлүк товарлары үчүн - 5 пайыздан жогору эмес;
- башка азык-түлүк эмес товарлар үчүн - 10 пайыздан жогору эмес;
- алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн - 10 пайыздан жогору эмес.
3. Долбоор менен сунушталып жаткан 12-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүндө жеткирилген азык-түлүк товарларына төлөө мөөнөтү белгиленет, ошондой эле товардык номенклатуранын таптакыр башка көлөмү жана соода тармактары жана жеткирүүчүлөр дуушар болгон контрагенттердин саны эске алынган эмес.
Ошондуктан көрсөтүлгөн ченемдерди товардык номенклатуранын таптакыр башка көлөмүн жана контрагенттердин көңүлгө алуу менен товарларга документтерди берүү мөөнөттөрүн санын эске алып кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Алсак, 12-беренесинин 6-бөлүгүндө жеткирилген товарлардын төлөө мөөнөтү азык-түлүк товарларынын жарактуулук мөөнөтү төмөнкүдөй болгон учурда жүзөгө ашырылары тууралуу ченемди кароону сунуштайбыз:
- 10 күндөн аз - 10 календардык күн;
- 10 күндөн 30 күнгө чейин - 20 календардык күн;
- 30 күндөн ашык - 30 календардык күн.
4. Долбоор менен сунушталып жаткан 12-беренесинин 10-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте өзүнчө стеллаждарды жана текчелерди бөлүп берүү каралган.
Ушуга байланыштуу, азыркы учурда ата мекендик азык-түлүк товарлары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өндүрүлгөн товарлар менен катар коюлгандыгын жана ошол эле учурда бул сегментте олуттуу үлүштү ээлей тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Ошол эле учурда бул жагдай кардарларга кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратпайт. Ошол эле убакта өзүнчө текчелерди жана стеллаждарды бөлүп берүү соода тармактарына кошумча чыгымдарды алып келет, бирок салыштырмалуу сапаттагы бааны тандоодо чечүүчү болгон потенциалдуу сатып алуучу үчүн товардын жагымдуулугуна эч кандай таасир этпейт. Ушуга байланыштуу бул ченемди киргизүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
5. Ачык жана так укук колдонуу практикасы, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоор менен сунушталып жаткан 293-1-беренесинин 1-бөлүгүн колдонуу максатында долбоордо сыйакынын жалпы өлчөмү түшүнүгүн аныктоочу ченемдерди карап чыгууну, сый акылардын кайсы түрлөрү аталган сыйакынын курамдык бөлүгү болорун аныктоону сунуштайбыз.
6. Ченем жаратуу техникасын сактоо, Мыйзамдын ченемдерин кабыл алууну жеңилдетүү жана укук колдонуу практикасында мүмкүн болгон көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн долбоордо колдонулган терминдерди бир түрдүү колдонууну, ошондой эле "соода тармагын уюштуруу аркылуу иш жүргүзгөн ички соода ишинин субъектиси" жана "азык-түлүк товарларын жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу ички соода ишинин субъектиси" деген терминдердин жол берилген кыскартылышын кароону сунуштайбыз.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 2-главасынын 2-параграфынын 47-пунктуна ылайык (мындан ары - Методика) аналитикалык катка жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол коюшат жана иштеп чыккан органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан бекитилет. Жумушчу топтун мүчөсү аналитикалык катка кол коюудан баш тартса, документке жумушчу топтун ушул мүчөсүнүн баш тартуунун себебин негиздеген түшүндүрмөсү, ал эми мындай жок болгон учурда - жумушчу топтун мүчөсүнүн документке кол коюудан баш тартуу себебин түшүндүрүү менен жумушчу топтун түшүнүк каты тиркелет.
Ошол эле учурда Методиканын 4-главасынын 1-параграфынын 53-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу органга аналитикалык каттын жана ЧУА долбоорунун акыркы варианттары экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүп берилет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, жөнгө салуучу өз ара аракеттенүүгө берилген талдоо бекитилбегендигине жана жумушчу топтун бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлбагандыгына байланыштуу кайталап киргизүүдө Методиканын бардык белгиленген ченемдерин андан ары иштөө максатында эске алууну өтүнөбүз. Методикага ылайык бардык аналитикалык каттын көлөмү тиркемелерди эске албаганда 15 бет негизги тексттен ашпоого тийиш экендигин маалымат иретинде билдиребиз. Ошондой эле жөнгө салуучу таасирди талдоо документтеринин топтомуна төмөнкүлөр тиркелет:
- жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианттары үчүн күтүлүүчү экономикалык кесепеттерди кеңири баалоо (адистештирилген методикада бекитилген форма боюнча);
- жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты үчүн атаандаштыкка таасир этүүнү кеңири баалоо (адистештирилген методикада бекитилген форма боюнча);
- маалыматтык-маалымдама материалдар, жөнгө салуучу таасирге жүргүзүлгөн талдоонун тыянактарын жана сунуштарын иллюстрациялоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар (жумушчу топтун кароосу боюнча);
- жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери (бар болсо);
- жөнгө салуучу таасирди талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрук.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жогоруда белгиленген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөЗакон · 20.03.2002 · № 40
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 24.04.2013 · № 58
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябры № 504 "Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө"Постановление · 30.09.2020 · № 504 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128