Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жузого ашыруунун тартиби жонундо
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 13-августу № 121
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө (КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 122, 2012-жылдын 13-июлундагы № 109, 2023-жылдын 30-мартындагы № 76, 2023-жылдын 13-майындагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - өз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган болуп саналат. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт. (КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 109, 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын кыйшаюусуз сактоо жана аткаруу - Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын, кызмат адамдарынын жана юридикалык жактарынын милдети. Мыйзамдардын талаптарын аткарбоо же бузуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жазыктык, административдик, жарандык жана тартиптик жоопкерчиликке алып келет.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдойт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына контролдук кылуу тийиштүү мыйзам күчүнө киргенден тартып кеминде 3 айдан кийин гана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзү карай турган маселелер боюнча токтом түрүндө кабыл алган чечимдеринин аткарылышына контролдук кылууну чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүзөгө ашыра албайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн жактар квартал сайын же токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө анын аткарылышынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдап турууга милдеттүү. (КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 122, 2012-жылдын 13-июлундагы № 109, 2023-жылдын 30-мартындагы № 76, 2023-жылдын 13-майындагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча өз ишин мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде жүргүзөт. Алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүлөрдүн жана соттордун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын алгачкы текшерүү органдарына жана тергөөчүлөргө карата даттануулары, кайрылуулары тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет. (КР 2023-жылдын 13-майындагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Укуктук Маалыматтардын Борборлоштурулган Банкынын эскертүүсү: КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 16-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
4- берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди аткарууну контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча текшерүүнүн планы комитеттин жыйналышында бекитилет жана чечим менен жол-жоболоштурулат. Текшерүүнүн башталышына чейин 10 күн калгандан кечиктирилбестен бул жөнүндө текшерилүүчү тарапка расмий түрдө кабар берилет. (КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 109, 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5- берене. Текшерүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин чечими боюнча депутаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын квалификациялуу эксперттеринин жана консультанттарынын ичинен жумушчу топтор түзүлөт. Зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитети макулдашуу боюнча жумушчу топторго жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун адистерин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин, көз карандысыз аудиторлорду тартууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча жумушчу топко Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу кызматкерлери киргизилиши мүмкүн. Зарыл болгон учурларда, мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу тартибинде прокуратура органдарынын кызматкерлери тартылышы мүмкүн. (КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 109, 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6- берене. Министрликтердин, ведомстволордун жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, аткаруу бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринин суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын текшерүү үчүн зарыл болгон материалдарды берүүгө, аны жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Текшерүүчүлөр объекттерге тоскоолдуксуз барууга, мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышы боюнча жетекчилер тарабынан көрүлгөн чаралар менен таанышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Укуктук Маалыматтардын Борборлоштурулган Банкынын эскертүүсү: КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 16-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
7- берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети далилдүү маалымкат жазат жана зарылчылык болгондо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйналышында кароо үчүн чечимдин долбоорун жиберет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча текшерилген тарап, ошондой эле баш ийүү тартибинде жогору турган орган жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү болгон токтом кабыл алат. Текшерүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы мүмкүн. (КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8- берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери мыйзамдардын жана чечимдердин бузулушунун же аткарылбагандыгынын фактылары боюнча тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органга же кызмат адамына кайрылууга укуктуу. (КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Укуктук Маалыматтардын Борборлоштурулган Банкынын эскертүүсү: КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 16-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
9- берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамды же чечимди аткарбоонун фактысы бар жана кылмыш курамынын белгилерин камтыган текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын колу коюлуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жиберилет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору материалдарды кароого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө кабыл алынган чечимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетине жүйөлөштүрүлгөн жооп берүүгө милдеттүү.
10- берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамды же чечимди аткарбоонун фактысы бар жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен каралган укук бузуунун курамынын белгилерин камтыган текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу тиешелүү органга (кызмат адамына) жиберилет. Көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетине билдирүүгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11- берене. Иш тартибин бузуулардын фактыларын камтыган текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан баш ийүү тартиби боюнча жогору турган органга же күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга жана кетирилген тартип бузууларды четтетүүгө укуктуу кызмат адамына жиберилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө кызмат адамдары көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетине билдирүүгө милдеттүү.
12- берене. Министрликтерде, ведомстволордо жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда, аткаруу бийлик органдарында, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында кызматтарды ээлеген адамдар тарабынан жол берилген жазык кылмышынын же укук бузуунун курамын камтыбаган, иш тартибин бузуулардын фактысы бар текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан иш тартибин бузууларды четтетүү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү органга (кызмат адамына) жиберилет. Көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетине билдирүүгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13- берене. Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун фактыларын камтыган текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын колу коюлуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды, чечимдерди бузууларды четтетүү жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү, ошондой эле күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жиберилет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору материалдарды кароого жана кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетине жүйөлөштүрүлгөн жооп берүүгө милдеттүү.
14- берене. Кызмат адамдарынын коррупциясынын фактыларын камтыган текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын колу коюлуп күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жиберилет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору материалдарды кароого жана кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетине жүйөлөштүрүлгөн жооп берүүгө милдеттүү.
15- берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди аткарууну текшерүүнүн натыйжаларына текшерилүүчү тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте даттанышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Укуктук Маалыматтардын Борборлоштурулган Банкынын эскертүүсү: КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 16-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
16- берене. Зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди аткарууну текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча парламенттик угуулар өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди аткарууну контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин ишинин жыйынтыктары боюнча тиешелүү комитеттердин төрагалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдама беришет. (КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Укуктук Маалыматтардын Борборлоштурулган Банкынын эскертүүсү: КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 16-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
17-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2004-жылдын 27-августунда № 73-74 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 29
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы ПЖ № 146 "Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2023 · № 146
- Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку…Положение · 19.06.2024 · № 2215-VII
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 13-мартындагы №2872-V "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын аткаруу…Постановление · 13.03.2013 · № 2872-V
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү СТРАТЕГИЯСЫ" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-октябрындагы № 958-VI токтому менен…Стратегия · 06.10.2016 · № 958-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3296-VI "2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 17.10.2019 · № 3296-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү СТРАТЕГИЯСЫСтратегия · 06.12.2017 · № 2057-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдагы 30-июнундагы № 921-V "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде 2010-жылдагы жана 2011-жылдын I кварталындагы кызматтык тартиптин жана…Постановление · 30.06.2011 · № 921-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 13.05.2023 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин контролдук функциясын жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 31.07.2007 · № 122
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү…Закон · 13.07.2012 · № 109
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз…Закон · 30.03.2023 · № 76
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз…Закон · 30.03.2023 · № 76
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (29)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы №894-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 26.01.2023 · № 894-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 978-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы жыйналышынын күн тартиби"…Постановление · 22.02.2023 · № 978-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 4833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын сентябрындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2021 · № 4833
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана алардын өз ара аракеттеринин механизмдери жөнүндө Жобо (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги №…Положение · 23.04.2014 · № 3990-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 208-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2022 · № 208
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 907-VII "2023-жылдын 1-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 01.02.2023 · № 907-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 551-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети жөнүндө Жобону (типтүү үлгүнү) бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.05.2016 · № 551-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 27-майындагы № 524-V "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын турмушка ашырылышына контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча…Постановление · 27.05.2011 · № 524-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-декабрындагы № 1463-V "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча…Постановление · 29.12.2011 · № 1463-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 11-мартындагы № 4870-V "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин нормаларынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 11.03.2015 · № 4870-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы № 2096-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек…Постановление · 21.06.2012 · № 2096-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы № 2097-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек…Постановление · 21.06.2012 · № 2097-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3947-V ""Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеша…Постановление · 09.04.2014 · № 3947-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1981-V "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.06.2012 · № 1981-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №3020-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" ("Кыргыз…Постановление · 18.04.2013 · № 3020-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3391-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.06.2013 · № 3391-V
- КР Жогорку Кенеши 2014-жылдын 26-февралы № 3849-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына озгертүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.02.2014 · № 3849-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3939-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.04.2014 · № 3939-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4259-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2014 · № 4259-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы № 895-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан…Постановление · 26.01.2023 · № 895-VII
29 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.