Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө“, „Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 30-марты № 76
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "70-статьясынын 1-пунктуна" деген сөздөр "76-беренесинин 1-бөлүгүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "турмушка ашырылышына" деген сөздөр "аткарылышына" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) расмий тилдеги текстте 3-статьянын биринчи бөлүгүндө "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "турмушка ашырууну" деген сөздөр "аткарууну" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 5-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча жумушчу топко Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу кызматкерлери киргизилиши мүмкүн.";
6) расмий тилдеги текстте 6-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "по претворению в жизнь" деген сөздөр "исполнению" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 7-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө "турмушка ашырылышын" деген сөздөр "аткарылышын" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) расмий тилдеги тексттеги 8-статьяда "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 10-статьянын биринчи бөлүгүндө "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" жана "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Укук бузуулар жөнүндө" жана "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-статьянын биринчи бөлүгүндө "административдик" деген сөз алып салынсын;
11) расмий тилдеги тексттеги 15-статьяда "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) расмий тилдеги текстте 16-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 521-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын төртүнчү абзацында "Өкмөтү" жана "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети" жана "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн төртүнчү абзацында "Премьер-министринин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 22-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жузого ашыруунун тартиби жонундоЗакон · 13.08.2004 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндөЗакон · 13.06.2007 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы №894-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 26.01.2023 · № 894-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 978-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы жыйналышынын күн тартиби"…Постановление · 22.02.2023 · № 978-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 208-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2022 · № 208
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы № 895-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан…Постановление · 26.01.2023 · № 895-VII
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жузого ашыруунун тартиби жонундоЗакон · 13.08.2004 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндөЗакон · 13.06.2007 · № 86