Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 13-майы № 100
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-берененин экинчи бөлүгүндө "6 айдан" деген сөздөр "3 айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча өз ишин мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде жүргүзөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын алгачкы текшерүү органдарына жана тергөөчүлөргө карата даттануулары, кайрылуулары тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 6-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынг
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жузого ашыруунун тартиби жонундоЗакон · 13.08.2004 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 907-VII "2023-жылдын 1-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 01.02.2023 · № 907-VII
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1602-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 09.02.2012 · № 1602-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелндеги № 1794-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 06.04.2012 · № 1794-V
- Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 1-февралындагы № 919-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби…Постановление · 01.02.2023 · № 919-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-мартындагы № 1007-VII ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби…Постановление · 02.03.2023 · № 1007-VII