Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин контролдук функциясын жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 31-июлу №122
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин контролдук
функциясын жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо
киргизүү тууралу
2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин контролдук функциясын
жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
("Эркинтоо" гезити, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) төмөнкүдөй толук-
тоо киргизилсин:
2-статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун аткарылышын
контролдоо жүктөлгөн жактар квартал сайын же токтомдун өзүндө көрсөтүл-
гөн мөөнөттө анын аткарылышынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине маалымдап турууга милдеттүү.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.