24-статья. Мамлекеттик кызматка кирүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 ноября 2014 года № 150
24-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 24-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Мамлекеттик кызматка кирүү конкурска катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик кызматка талапкерлерди тандап алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана усулдук жардамдарды көрсөтөт. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы административдик мамлекеттик ваканттык кызмат орундарына вакансиялар жөнүндө конкурстук тандоо башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат Порталына конкурс өткөрүү тууралу маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен улуттук конкурс өткөрүү маалыматын таркатат. Кыргыз Республикасынын Президенти караган учурларда жана тартипте мамлекеттик кызматка контракттык негизде кирүүгө жол берилет. Тийиштүү квалификациялык талаптар болгондо мамлекеттик кызматтын административдик кызмат ордун конкурстан тышкары ээлөөгө төмөнкүлөрдүн укугу бар:
- ошол эле мамлекеттик органдагы кызмат орундарынын бир категориясынын ичиндеги мамлекеттик кызматчылар;
- бул кызмат орундарында бир жылдан кем эмес иштеген саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары;
- өз ыйгарым укуктарын токтоткон саясий мамлекеттик кызматчылар.
Саясий кызмат орундарынан, ошондой эле мамлекеттик кызматчынын намысын булгагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган мамлекеттик кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар мурдагы кызмат ордуна калыбына келтирилбейт жана ошого тете мамлекеттик кызмат ордун кайталап ээлей албайт. Чечим кабыл алган мамлекеттик органдардын жетекчилери төмөнкүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат:
- эгерде мамлекеттик кызматтын административдик кызмат ордун ээлеген адам өзүнүн бошотулушунун негизсиздигин далилдесе;
- ушул Мыйзамда каралган адамдардан тышкары мамлекеттик кызматтын административдик кызмат орундарына конкурстук талдоодон өтпөгөн адамдар кабыл алынганда.
(КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 ноября 2014 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"Редакцияларды салыштыруу
10.11.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…орундарынын бир категориясынын ичиндеги мамлекеттик кызматчылар; - кошулду: бул кызмат орундарында бир жылдан кем эмес иштеген саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана … орундарына конкурстук талдоодон өтпөгөн адамдар кабыл алынганда. кошулду: (КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-мартындагы №194 "Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын сакталышы боюнча 2008-жыл үчүн…Постановление · 26.03.2009 · № 194
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар…Постановление · 22.05.2018 · № 240
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Положение о проведении конкурса на замещение вакантной административной государственной должности государственной службы Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Совета…Положение · 28.10.2004 · № 2 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 759 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 31.10.2012 · № 759 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-24" title="24-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>