23-статья. Класстык чендерди берүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
23-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 23-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени, ошондой эле мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-класстагы инспекторлорунун класстык чендери, ошондой эле мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-класстагы кеңешчисинин класстык чендери мамлекеттик кызматтын башкы кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин класстык чендери мамлекеттик кызматтын жогорку кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун, мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-класстагы инспекторунун класстык чендерин берүү, ажыратуу, төмөндөтүү мамлекеттик кызматчыны аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдын статс-катчысынын сунуштамасы боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматтын кеңешчисинин 3, 2 жана 1-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчисинин класстык чендерин берүү, ажыратуу, төмөндөтүү тийиштүү мамлекеттик органдын статс-катчысынын сунуштамасы боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин класстык чендерин берүү, ажыратуу, төмөндөтүү тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин жана Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын биргелешкен сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт. Ыйгарылган класстык чен мамлекеттик кызматчынын кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт, ал эми мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин, болбосо мамлекеттик кызматтын кеңешчисинин класстык ченин ыйгарууда - тийиштүү күбөлүк берилет. Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени жаңыдан жумушка кирген мамлекеттик кызматчыга сыноо мөөнөтүн кошкондо алты айлык кызмат өтөөдөн кийин бериленет. Мамлекеттик кызматчыларга класстык чендерди берүүнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет. Мамлекеттик кызматчынын кызматчыларга аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды берүүнү караган бир мамлекеттик органдын кызматчыларына класстык чендерди берүү ушул Мыйзамга ылайык каралган экинчи мамлекеттик органга өтүүдө алардын мурдагы аскердик наамдары, атайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы сакталып калат. Мындай болгон учурда кезектеги аскердик наам, атайын класстык чен, атайын наам, дипломатиялык ранг функционалдык ыйгарым укуктары мурдагы мамлекеттик органда мурда ээлеген кызмат ордунун профилине окшош болгон мамлекеттик кызматчыларга берилиши мүмкүн. Кезектеги аскердик наамды, атайын класстык ченди, атайын наамды, дипломатиялык рангды берүү жогорку кызмат ордунан тышкары мамлекеттик кызматчыга соңку аскердик наам, атайын класстык чен, атайын наам, дипломатиялык ранг берилген мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ал кызматка өткөн мамлекеттик органдын сунушу боюнча берилет. Калган учурларда аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы бар мамлекеттик кызматчыларга ушул Мыйзамда каралган, ал өткөн мамлекеттик органдын кезектеги тийиштүү класстык чени ыйгарылат.
IV Глава Мамлекеттик кызмат өтөөнүн тартиби
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендерди берүүнүн…Положение · 24.10.2005 · № 485
- КР Премьер-министринин 2012-жылдын 22-августундагы № 614 (Класстык чин ыйгаруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 22.08.2012 · № 614
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө"…Постановление · 15.07.2014 · № 390 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-23" title="23-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>