КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын сакталышы боюнча 2008-жыл үчүн мониторингдин жыйынтыктары тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 26-марты №194 Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын сакталышы боюнча 2008-жыл үчүн мониторингдин жыйынтыктары тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин (мындан ары - МКА) мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын сакталышы боюнча 2008-жыл үчүн мониторингдин жыйынтыктары тууралуу маалыматы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана регламент боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын аткарылышы боюнча 2008-жылдын 28-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө", 2008-жылдын 1-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишин текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" жана 2008-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин ишин иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө" чечимдери көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иши начар деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигине функционалдык милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн МКАнын жана Комитеттин маалыматында аталган статс-катчылардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо сунуш кылынсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө:
- МКАнын маалыматында, ошондой эле Комитеттин 2008-жылдын 2-сентябрындагы чечими менен түзүлгөн жумушчу топтун маалымкатында аталган бузууларды жоюу боюнча толук чараларды көрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Комитетке маалымат беришсин;
- мамлекеттик кызматтын бошогон административдик мамлекеттик кызмат орундарын оперативдүү алмаштыруу максатында кадрлардын ички резервин түзүшсүн;
- тиешелүү мамлекеттик органдын кызматчыларынын арасынан мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу үчүн 2010-жылга өтүнмөнү 2009-жылдын 10-апрелине чейин МКАга беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесин ишке ашыруу максатында:
- мамлекеттик органдар тарабынан берилген өтүнмөлөрдүн негизинде МКА 2010-жылга мамлекеттик кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказдын долбоорун түзсүн жана 2010-жылга республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылга республикалык бюджеттин долбоорун даярдоодо мамлекеттик кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттарды карасын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 токтому менен бекитилген)Положение · 29.12.2016 · № 707
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 августа 1995 года №370 "О Типовой инструкции по документационному обеспечению управления (делопроизводству) в Кыргызской Республике"Постановление · 25.08.1995 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- О декларировании и публикации сведений о доходах, обязательствах и имуществе лиц, замещающих политические и иные специальные государственные должности, а также их близких…Закон · 07.08.2004 · № 108 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 12-майынын № 184 "Коомдук кабылдама жана "ишеним телефону" жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 12.05.2005 · № 184 · Күчүн жоготкон