Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 723 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын „ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат“ ведомстволук гезити жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-майы № 240 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдөгү бирдей конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн аларды маалымдоонун туруктуу системасын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы:
"мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын; ", Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктундагы "(башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге)" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабры № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2013 · № 723
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон