Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-30.
КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 10-ноябры № 150 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилеринин, консультанттарынын жана жардамчыларынын кызмат орундарына талапкер адамдарга;".
2. 13-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "тандалып алынган талапкерлерди дайындоого сунуш кылат;" деген сөздөр алып салынсын.
3. 18-статьяда:
2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик органдын кадрларынын ички резерви төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- ушул мамлекеттик органда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациянын натыйжалары боюнча кызматка көтөрүүгө сунушталган мамлекеттик кызматчылардан;
- ушул Мыйзамдын 47-статьясынын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан;
- конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдардан.".
4. 24-статьянын 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бул кызмат орундарында бир жылдан кем эмес иштеген саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары;".
5. 47-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьяда каралган негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулуп жаткан адам арызынын негизинде кадрлардын ички резервине киргизилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон