Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 августа 2020 года № 135
Ушул Кодексте төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: нике - үйбүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана өз ара макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу жана ыктыярдуу баш кошуусу; жалган нике - үйбүлө күтөм деп ниеттенбестен, никенин катталышынан улам келип чыга турган кандайдыр бир пайда табууну көздөп түзүлгөн нике; үйбүлө - никеден, туугандыктан, бала асырап алуу же балдарды тарбияга алуунун дагы башка түрлөрүнөн улам келип чыгуучу үйбүлөлүк мамилелердин чыңдалышына жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө кызмат кылуучу мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү; нике курагы - адамдын никеге турушуна укук берген курак; балалык - бойго жетпегендердин укуктук абалы; мүлктүн келишимдик тартиби - жубайлардын жана алардын нике келишими аркылуу белгиленген менчигинин тартиби; карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар менен жасалма уруктандыруу же башка эмбрионду салуу усулун колдонууга макулдук берген аялдын ортосундагы макулдашуу; алименттер - бир адам тарабынан аны алууга укугу бар экинчи адамга берүүгө милдеттүү болгон каражат; үйбүлөлүк абал - никеде тургандагы же ажырашкандагы абал, балдардын же үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн болушу же болбошу; материалдык абал - эмгек акынын, пенсиянын, дагы башка кирешелердин болушу же болбошу, алардын өлчөмү, мүлктүн болушу, эмгекке жөндөмдүүлүгүн (абалын) жоготуу даражасы, үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнөн материалдык жардамдын алынышы же алынбашы; жарандык абалдын актылары - юридикалык жактан жол-жоболоштурулган жагдайлар, ал адамды жекелештирет жана анын укуктары менен милдеттеринин жаралышы, өзгөрүшү жана токтотулушу да ушуга байланыштуу болот; жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери; (Он төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) камкорчу (көзөмөлчү) - камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте дайындалган адам; камкорчулук (көзөмөлчүлүк) - жашы жетпегендердин жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз (аракетке чектелүү жөндөмдүү) деп табылгандардын укуктары менен кызыкчылыктарын укук жагынан коргоонун түрү; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр - райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо аткаруучу-тескөөчү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистештирилген түзүмдүк бөлүмдөр; үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү - он алты жашка чейинки балдар (анын ичинде, асырап алынган уулдар же асырап алынган кыздар), же болбосо пенсиялык мыйзамдарга ылайык пенсиялык куракка жеткен же медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ата-эне (анын ичинде, асырап алуучулар), жубайлар, ата-энеси бир же ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер (он алты жашка чейин); репродуктивдүү ден соолук - дени сак перзент жаратууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтө турган адамдын ден соолугу; карын энелик - карын эне менен кудуреттүү ата-эненин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча баланы бойго бүтүрүү, боюнда көтөрүү жана төрөө; гендердик теңчилик - коомдогу ар башка жыныстагы адамдардын социалдык жактан бирдей абалда болушу; үй эмгеги - үйбүлөнүн муктаждыгын канааттандырууга багытталган өзалдынча эмгектенүүнүн бир түрү; балдар эмгегинин эң жаман формасы - кулчулуктун бардык формалары, ошондой эле мажбурланган же милдеттендирилген эмгек, анын ичинде мүнөзү жана аткаруунун шарттары боюнча балдардын ден соолугуна же адеп-ахлагына зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар. алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу - алимент төлөө боюнча алименттик макулдашууну же алимент төлөө боюнча сот актысын системалуу түрдө (ушул Кодекстин 109-статьясынын негизинде алименттерди ай сайын төлөө милдетинде үч айдан ашык катары менен же бардыгын кошкондо бир жыл бою же алименттерди мезгил-мезгил менен төлөө милдетинде үч жолудан ашык), анын ичинде өзүнүн кирешелерин толугу менен же болбосо жарым-жартылай жашыруу, өндүрүп алууга мүмкүн болгон мүлкүн жашыруу, соттук аткаруучуга иштеген, окуган, киреше алган жерлерин өзгөрткөнү жөнүндө маалымат бербөө, жорук жасагандыгы үчүн жоопко тартылганына карабастан, өзүнүн кирешелери жана мүлкү, жашаган жана иштеген жери жөнүндө жалган маалыматтарды берүү жолу менен атайылап аткарбай коюу же толук эмес көлөмдө аткаруу. (КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60, 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 июня 2008 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
17.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…соолугуна же адеп-ахлагына зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар.
кошулду: алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу - алимент төлөө боюнча алименттик макулдашууну же алимент төлөө боюнча сот актысын системалуу түрдө (ушул Кодекстин 109-статьясынын негизинде алименттерди ай сайын төлөө милдетинде үч айдан ашык катары менен же бардыгын кошкондо бир жыл бою же алименттерди мезгил-мезгил менен төлөө милдетинде үч жолудан ашык), анын ичинде өзүнүн кирешелерин толугу менен же болбосо жарым-жартылай жашыруу, өндүрүп алууга мүмкүн болгон мүлкүн жашыруу, соттук аткаруучуга иштеген, окуган, киреше алган жерлерин өзгөрткөнү жөнүндө маалымат бербөө, жорук жасагандыгы үчүн жоопко тартылганына карабастан, өзүнүн кирешелери жана мүлкү, жашаган жана иштеген жери жөнүндө жалган маалыматтарды берүү жолу менен атайылап аткарбай коюу же толук эмес көлөмдө аткаруу.
(КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2018-жылдын 5-июнундагы № алынып салынды: 60 кошулду: 60, 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Джалал-Абад областынын Сузак райондук сотунун судьясы Ж.Ж. Сабырованын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун…Конституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 28.12.2022
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Джалал-Абад областынын Сузак райондук сотунун судьясы Ж.Ж. Сабырованын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун…Решение Конституционного суда · 28.12.2022
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 -жылдын 24-январынын № 36 "Жарандык абалдын актылары жана Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизги документтер…Постановление · 24.01.2005 · № 36 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 16-февралындагы № 43 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Жатак-абактарында жаза…Инструкция · 16.02.2009 · № 43 · Күчүн жоготкон
- Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2007 · № 148 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 17.05.2012 · № 54
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-2" title="2-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>