Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Үй-бүлө мыйзамдарынын негизги милдеттери
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Үй-бүлө - коомдун негизи.
Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык - бүткүл коомдун камкордугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү. Мамлекет жарандарды үй-бүлөлүк турмушка, жубайлыкка, аталыкка жана энеликке даярдоону камсыз кылат. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат. Үй-бүлө мыйзамдары үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлө мамилелерин өз ара сыйлашуу, өз ара жардамдашуу сезимдеринде куруу жана үй-бүлөнүн алдындагы анын бардык мүчөлөрүнүн жооптуулугунун, кимдир-бирөөнүн үй-бүлөнүн ишине оюна келгендей кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруусун камсыз кылуунун, бул укуктарда сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүгүнүн үй-бүлө мамилелериндеги гендердик теңдиктин зарылдыгынан улам келип чыгат.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике таанылат.
Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырым-жырымдар укуктук мааниге ээ эмес.
3. Үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу баш кошуусунун, жубайлардын никедеги жана үй-бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теӊдигинин негизинде, үй-бүлөнүн ички маселелерин өз ара макулдашып чечишине, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылууга, балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого артыкчылык берүүгө, алардын бейпилдигине жана өсүп-жетилишине камкордук кылууга, үй-бүлөнүн жашы жетпеген жана эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Никеге турганда жана үй-бүлө мамилелеринде социалдык, расалык, этностук, тилдик белгилери же дин тутуусу, ден соолугун чектөөлөрү боюнча жарандардын укуктарын чектөөнүн кандай гана түрүнө болбосун тыюу салынат.
Үй-бүлөдөгү жарандардын укуктарына мыйзамдын негизинде гана жана калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн жана башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында зарыл болгон деңгээлде гана чектөө коюлушу мүмкүн. (КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
05.06.2018 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…укуктук мааниге ээ эмес.
3. Үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу кошулду: нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу алынып салынды: негизде кошулду: баш кошуусунун, жубайлардын никедеги жана алынып салынды: никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын алынып салынды: теңдигине, кошулду: жана милдеттеринин теӊдигинин негизинде, үй-бүлөнүн ички маселелерин өз ара макулдашып чечишине, баланын эң … деңгээлде гана чектөө коюлушу мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 17-майындагы № алынып салынды: 54 Мыйзамынын кошулду: 54, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 14-декабрындагы № 543-б "2011-2015-жылдар мезгилинде Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу расмий…Распоряжение · 14.12.2016 · № 543-р
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 мая 2011 года №216 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Постановление · 13.05.2011 · № 216 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №123 "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 02.03.2010 · № 123 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-1" title="1-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>