Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына(Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, „Жарандык абалдын актылары жөнүндө“, „Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 5-июну № 60 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 26-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
(КР 2020-жылдын 1-августундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 3-пунктунда "ыктыярдуу негизде жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине" деген сөздөр "нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу баш кошуусунун, жубайлардын никедеги жана үй-бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теңдигинин негизинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьянын экинчи абзацында:
а) абзац "тең укуктуу" деген сөздөрдөн кийин "жана ыктыярдуу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) "толук" деген сөз "өз ара" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Никеге туруунун тартиби
1. Никеге туруу никеге туруп жаткан адамдардын өздөрүнүн катышуусу менен, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никеге турууну мамлекеттик каттоо жолу менен түзүлөт.
Өзгөчө жагдайлар болгондо (кош бойлуулукта, бала төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулганда) арыз берилген күнү никеге тургузулушу мүмкүн.
2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусу никеге турууну каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.".
2-берене. (КР 2020-жылдын 1-августундагы N 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
3-берене. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин 5-бөлүгүндө "он күндүн" деген сөздөр "үч күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
1. Адамдардын жеке идентификациялык номурлары болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн арыз берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ошондой адамдарга жеке идентификациялык номур ыйгарылгандан кийин жүзөгө ашырылат.
2. Өлүмдү мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө арыз берүүдө өлгөн адамда жеке идентификациялык номуру болбогон учур ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген эрежеге кирбейт.
5-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2391-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык…Постановление · 26.04.2018 · № 2391-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 15-февралындагы № 2244-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине…Постановление · 15.02.2018 · № 2244-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 4-апрелиндеги № 2332-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык…Постановление · 04.04.2018 · № 2332-VI
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 732 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын…Постановление · 08.11.2017 · № 732 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.