6-статья. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114
(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялык жайгаштыруу планын иштеп чыгууну координациялайт, калктын жашоо турмушун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууну уюштурат, материалдык-техникалык ресурстардын заказдарын (тапшырмаларды) камсыз кылуу тартибин белгилейт;
2) согуш мезгилине менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын заказдарды (тапшырмаларды) аткаруусуна келишимдерди (контракттарды) түзүү тартибин белгилейт;
3) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо менен байланышкан иш-чараларды каржылоо тартибин жана булактарын аныктайт;
4) республикалык бюджеттен мобилизациялык даярдоого каражат бөлүү жана менчигинин түрүнө карабастан, мобилизациялык даярдоо боюнча иш аткарган юридикалык жактарга экономикалык жана башка жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунуштарды түзөт;
5) мобилизациялоону жарыялоо жана согуш абалын киргизүү менен колдонулууга киргизилүүгө жаткан, ошондой эле мобилизациялык даярдык маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерде камтылган милдеттенмелердин аткарылышын уюштурат;
7) калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууну уюштурат, заказдарды (тапшырмаларды) материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу тартибин белгилейт;
8) мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоону илимий жана методикалык жактан камсыз кылууну уюштурат;
10) өз ыйгарым укуктарынын чегинде мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
11) мобилизациялык органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
12) мобилизациялык даярдыкка контроль жүргүзөт, тийиштүү статистикалык отчеттуулуктун тартибин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдыгынын деңгээлине баа берет жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине ар жыл сайын баяндайт;
13) мобилизациялоо жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын экономикасын согуш абалынын шарттарында иштөөгө которуу жөнүндөгү чечимдерди аткарууну уюштурат;
14) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда брондоо боюнча иштин тартибин белгилейт жана аны жүргүзүүнү уюштурат;
15) Кыргыз Республикасынын экономикасында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана аскердик (атайын) түзүлүштөрдө мобилизациялык жайгаштыруу жана мобилизациялык иш-чараларды аткаруу боюнча аскердик-экономикалык жана командалык-штабдык окууларды (машыгууларды) өткөрүүнү уюштурат;
16) мобилизациялык, мамлекеттик резервдерде жана мамлекеттик бөксөрбөс запаста материалдык каражаттарды топтоо, жаңыртуу жана пайдалануу тартибин аныктайт;
17) курал буюмдарынын жана аскер техникасынын, маанилүү граждандык продукциянын, ошондой эле опурталдуу делинген, калктын жашоо турмушун камсыз кылуу тутумунун объекттеринин жана улуттук кенч болуп саналган объекттердин долбоордук документтерине документтердин камсыздандыруу фондун түзүү, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2013 года № 174 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы № 204-б (Биргелешкен "Коопсуздук-2019" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 11.06.2019 · № 204-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 125-б (Командалык-штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2017" машыгуусу өткөрүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 21.04.2017 · № 125-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-мартындагы № 74-б "Коопсуздук - 2021" мобилизациялык машыгуусу жана "Түштүк кошууну - 2021" мобилизациялык машыгуусун өткөрүү жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 26.03.2021 · № 74-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 159-т ("Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууну 2-сентябрдан 4-сентябрга чейинки…Распоряжение · 27.08.2021 · № 159-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 144-б ("Коопсуздук-2016" командалык-штабдык жана мобилизациялык биргелешкен машыгуу өткөрүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 06.04.2016 · № 144-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдык 5-апрелиндеги № 121-б (Коопсуздук-2018" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.04.2018 · № 121-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 234-т (2025-жылдын 22-апрелинен тартып 25-апрелине чейинки мезгилде “Коопсуздук-2025” биргелешкен…Распоряжение · 01.04.2025 · № 234-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212-т ("Коопсуздук-2026" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууну өткөрүү тууралуу)…Распоряжение · 01.04.2026 · № 212-т
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/132/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>