Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Биргелешкен «Коопсуздук-2019» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 11-июну № 204-б Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча даярдыгын текшерүү, өз ара байланышта иштешүүнү өркүндөтүү, өзгөчө жана согуштук абал режимин киргизүүдө жана камсыздоодо даярдыктын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
1. 2019-жылдын 25-27-июнунда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргелешкен "Коопсуздук-2019" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу (мындан ары - машыгуу) өткөрүлсүн.
2. Машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) машыгууга катышсын.
4. Нарын шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы өзүнчө резервдик роталар менен машыгууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөЗакон · 30.09.1998 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 44-б (Объекттерди долбоорлоого жана курууга мамлекеттик заказчыларды аныктоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.02.2013 · № 44-р