Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууну өткөрүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 1-апрели № 212-т
Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү, аскердик абал режимин киргизүүдө жана камсыз кылууда даярдыктын деңгээлин жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги министрликтердин, ведомстволордун региондук жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын мэриясынын, Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен (макулдашуу боюнча) биргеликте 2026-жылдын 21-апрелинен 23-апрелине чейинки мезгилде «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу (мындан ары – машыгуу) өткөрсүн.
2. Машыгууну өткөрүү жана уюштуруу боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын мэриясынын, Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) өзүнүн кызматкерлеринин катышуусун камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын мэриясынын, Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары (макулдашуу боюнча) резервдик түзүлүштөр менен машыгууну өткөрүүнү камсыз кылууну уюштурууга көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги машыгууну даярдоо жана өткөрүү мезгилинде машыгуу каралган локацияда окуу процессин онлайн-режимге өткөрүүнү жана имараттарды, курулмаларды берүүнү пландаштырсын.
6. «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомуна машыгуу өткөрүлүүчү райондордо байланыш кызматтарын уюштурууга жана көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү сунушталсын.
7. Бул тескемени ишке ашыруу министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөЗакон · 30.09.1998 · № 125