Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Коопсуздук - 2021» мобилизациялык машыгуусу жана «Түштүк кошууну - 2021» мобилизациялык машыгуусун өткөрүү жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК 2021-жылдын 26-марты № 74-б Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга даярдыгын текшерүү, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, өзгөчө абал режимин киргизүүгө жана камсыздоого даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
1. 2021-жылдын 1-3-апрелинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргелешкен командалык-штабдык "Коопсуздук - 2021" мобилизациялык машыгуусу жана "Түштүк кошууну - 2021" мобилизациялык машыгуусу (мындан ары - машыгуулар) өткөрүлсүн.
2. Машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) машыгууга катышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Майлы-Суу шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Баткен облусунун Лейлек райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчылары, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун (макулдашуу боюнча) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнчө резервдик роталар менен машыгууларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
5. "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы инженердик камсыздоонун тапшырмаларын аткаруу үчүн инженердик жана атайын техниканы бөлүп берсин.
6. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) машыгуулар өткөрүлгөн райондордо байланыш кызматтарын уюштурууга жана көрсөтүүгө көмөктөшсүн.
7. Ушул буйрукту ишке ашыруу министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомствого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
У.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөЗакон · 30.09.1998 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон