Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Коопсуздук-2016» командалык-штабдык жана мобилизациялык биргелешкен машыгуу өткөрүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 6-апрели № 144-б Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыктарын текшерүү, өзгөчө кырдаал режимин орнотууда жана камсыздоодо даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
1. 2016-жылдын 13-апрелинен 15-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен "Коопсуздук-2016" командалык-штабдык жана мобилизациялык биргелешкен машыгуу (мындан ары - машыгуу) өткөрүлсүн.
2. Машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) машыгууга катышышсын.
4. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана Баткен шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) өзүнчө резервдик роталар менен мобилизациялык машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөЗакон · 30.09.1998 · № 125