54-берене. Мамлекеттик билим берүү гранты
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78
1. Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын алган жана конкурстан өткөн жактар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
2. Айрым адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдары жыл сайын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
3. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 28-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ошондой эле алардын окуусу үчүн эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин алкагында Кыргыз Республикасы жоопкерчилигин алган адамдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында окуу үчүн жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү квоталардын чегинде мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
31. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
4. Мамлекеттик билим берүү гранттары ваучердик каржылоо механизмин пайдалануу менен каржыланат, мында мамлекеттик билим берүү гранты билим алуучунун (грант алуучунун) артынан түшөт. Мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун тартиби, эсептөөлөрү жана көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Билим берүүнүн наркы мамлекеттик билим берүү грантынын наркынан ашып кеткен учурда, ашкан бааны төлөө боюнча жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.
5. Өзгөчө статусу бар кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына аларды каржылоонун тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу билим берүү гранттары сакталат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги N 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики, регулирующие подготовку кадров новой генерации для государственной гражданской службы и муниципальной службы (в законы Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе", "Об образовании")Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…орган тарабынан белгиленет.
3. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин алынып салынды: 28-бөлүгүндө кошулду: 28-пунктунда көрсөтүлгөн алынып салынды: жактар, кошулду: адамдар, ошондой эле алынып салынды: аларды окутуу кошулду: алардын окуусу үчүн алынып салынды: Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин алкагында алынып салынды: жоопкерчилик тарткан кошулду: Кыргыз Республикасы жоопкерчилигин алган адамдар кошулду: менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында окуу үчүн жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан алынып салынды: жыл сайын бекитилүүчү алынып салынды: квотанын кошулду: квоталардын чегинде кошулду: мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
31. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
4. Мамлекеттик билим … чечими менен аныкталуучу билим берүү гранттары сакталат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги N 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна)Порядок · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим…Постановление · 10.05.2024 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 460 "2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана…Постановление · 03.07.2026 · № 460
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 379 "2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана…Постановление · 12.07.2024 · № 379
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунун № 366 "2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз…Постановление · 04.07.2024 · № 366
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 403 "2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана…Постановление · 09.07.2025 · № 403
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 460 «2026–2027-окуу жылына…Постановление · 29.07.2026 · № 512
- Кыргыз Республикаснын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.07.2024 · № 382
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-54" title="54-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>